Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-декабры № 6
Ноокат шаардык кеңешинин 2021-жылга түзүлгөн иш-планын бекитүү жөнүндө
Ноокат шаардык кеңешинин 2021-жылга түзүлгөн иш-планын угуп жана талкуулап, Ноокат шаардык кенешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаардык кеңешинин 2021-жылга түзүлгөн иш-планы бекитилсин.
(План тиркелет).
2. Ноокат шаардык кеңешинин 2021-жылга түзүлгөн иш-планынын толук аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы А.Гафаровга тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |
| Ноокат шаардык кеңешинин 2020-жылдын 28-декабрындагы V чакырылыш XXXX сессиясынын №XXXX-6 токтомуна №1 тиркеме |
Ноокат шаардык кеңешинин 2021-жылга перспективалык
ИШ ПЛАНЫ
Шаардык кеңештин сессиясында каралуучу маселелер:
I чейректе каралуучу маселелер:
1. Ноокат шаар мэриясынын 2020-жыл ичинде аткарган иштери боюнча Ноокат шаарынын мэри Ж.А.Нурдиновдин отчету.
Билдирүү берет: Ноокат шаарынын мэри Ж.А.Нурдинов
2. Ноокат шаарынын муниципалдык менчик департаментинин 2020-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө отчету.
Билдирүү берет: Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин директору Ж.Тиллаев
3. Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат жарыктандыруу” муниципиалдык ишканасынын 2020-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө отчету.
Билдирүү берет: Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат жарыктандыруу” муниципиалдык ишканасынын жетекчиси А.Эгамберди уулу
II чейректе каралуучу маселелер:
1. ”Ноокат суу канал” чарбалык ишмердүүлүк жүргүзүү укугуна негизделген муниципалдык ишканасынын жетекчиси З.Камаловдун 2020-жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчету.
Билдирүү берет:”Ноокат суу канал” чарбалык ишмердүүлүк жүргүзүү укугуна негизделген муниципалдык ишканасынын жетекчиси З.Камалов
2. Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат Жылуулук камсыздоо” ишканасынын 2020-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө отчету.
Билдирүү берет: Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат Жылуулук камсыздоо” ишканасынын жетекчиси
3. Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы АООТ “Ноокат Коммунальщик” ишканасынын тазалык боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө.
Билдирүү берет: “Ноокат Коммунальщик” ачык типтеги ишкананин жетекчиси
III чейректе каралуучу маселелер:
1. Ноокат шаарынын 2021-жылдагы 6-айлык социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча Ноокат шаарынын ФЭБ башчысынын билдирүүсү.
Билдирүү берет: Ноокат шаарынын ФЭБ башчысы
2. Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин жана балдар бакчаларынын жаны окуу жылына даярдыгы жөнүндө.
Билдирүү берет: Ноокат шаардык кенешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт-туризм, өз алдынча башкаруу, социалдык коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясы
3. Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин кышка карата даярдыгы жөнүндө.
Билдирүү берет: Ноокат шаардык кенешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт-туризм өз алдынча башкаруу, социалдык коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясы
IV чейректе каралуучу маселелер:
1. Ноокат шаарынын 2021-жылдагы 9-айлык социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча Ноокат шаарынын ФЭБ башчысы М.Абдивахидовтун билдирүүсү.
Билдирүү берет: Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Абдивахидов
2. Ноокат шаардык мэриясынын 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2022-жылга шаардык мэриясынын жергиликтүү бюджети жана 2022-2023-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө.
Билдирүү берет: Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Абдивахидов
II. Уюштуруу практикалик иш чаралар.
1 | Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана райондук мамлекеттик администрациясынын токтомдорунун, буйруктарынын аткаруу жана аткарылган иштер боюнча өз убагында маалыматтарды берүү. | I-чейрек 2021-жыл | Шаардык кеңештин аппараты |
2 | Жарандардын кайрылууларын, арыз-даттанууларын өз убагында сапаттуу кароону камсыз кылуу жана жооп берүү. | Дайыма | Шаардык кеңештин аппараты |
3 | Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чындоо концепциясын ишке ашыруу | II-чейрек | Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары |
4 | Билим берүү тармагындагы Крупская, А.Абдуваитов, Х.Самиев, А.Абдуллаев атындагы орто жана “Ынтымак” толук эмес орто мектептериндеги жылуулук берүүнүн абалын кароо. | I-чейрек | Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары |
5 | Ноокат шаардык кеңешинин аймагындагы Крупская, А.Абдуваитов, Х.Самиев, А.Абдуллаев атындагы орто жана “Ынтымак” толук эмес мектептериндеги спортук аянтчалар жана спорт залдардын абалы боюнча туруктуу комиссияда кароо | I-чейрек | Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары |
6 | Шаардык кенештин туруктуу комиссияларынын иш жүргүзүүсүнө көмөк көрсөтүү
| Дайыма | Шаардык кеңештин аппараты |
7 | Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин чечимдерин жана тиешелүү кенештин регламенти тарабынан берилген ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда аткарылып жаткан иштердин абалы тууралуу туруктуу комиссиялардын отурумунда маселе карап сессиянын кароосуна сунуштоо
| Апрель, май, июль, сентябрь | Шаардык кеңештин аппараты |
8 | Ноокат шаарынын аймагындагы улуттук каада-салттарды, үрп адаттарды, ырым жырымдарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү, ысырапкерчиликти жоюу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | Дайыма | Шаардык кеңештин аппараты |
9 | Шаардык кеңештин депутаттарынын шайлоочулар арасында отчетторун угууну уюштуруу | Атайын графиктин негизинде | Шаардык кеңештин аппараты, туруктуу комиссиялар |
10 | Шаардык мэрияда КР «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү» Мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдөө | Дайыма | М.Ярматов, Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясы |
11 | Коррупцияга каршы иш-аракеттерди күчөтүү | Дайыма | М.Ярматов, Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясы |
12 | Кыргыз Республикасынын «Муниципалдык кызмат жөнүндөгү» Мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө | Дайыма | М.Ярматов, Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясы |
13 | Кесиптик майрамдарга карата алдыңкы кызматкерлерди шаардык кеңештин Ардак Грамотасы менен сыйлоо | Кесиптик майрамга карата | М.Ярматов, шаардык кеңештин аппараты |
14 | Жергиликтүү кеңештен чыккан депутаттардын ордун толуктоону кароо | Дайыма | М.Ярматов, шаардык кеңештин аппараты |
15 | Шаардык кеңештин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө | Дайыма | М.Ярматов, шаардык кеңештин аппараты |
Ноокат шаардык кеңешинин жооптуу катчысы |
М. Ярматов |