Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 12-майы № 9
Жалпак-Таш жайыт пайдалануучулар бирикмесинин аткаруу комитетинин 2020-жылга карата бюджетин, иш-чараларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы №30 “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 4 -10-беренесине ылайык Жайыт комитетинин төрагасы Т.Калыкбердиевтин билдирүүсүн угуп, талкуулап Жайыт пайдалануучулар үчүн мал башына акы төлөөнүн өлчөмүн бекитүү максатында Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпак-Таш жайыт комитетинин 2020-жылга карата түзүлгөн иш-планы 1-тиркеме, бюджети кирешелер жана чыгашалар сметасы 2- 3-тиркемеге ылайык бекитилсин
2. Жайыт комитетинин төмөнкү сунуштары бекитилсин: 2020-жылга жайыт пайдалануу учун акы төлөөнүн өлчөмдөрү:
Ийри муйуздуу малга – шарттуу мал башына 60 ( алтымыш ) сом.
Кой-эчкилер шарттуу мал башына 12 ( он эки ) сом.
Жылкылар - шарттуу мал башына 60 ( алтымыш ) сом.
3. Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу жайыттарга ,сырттан келген кара мал, жылкынын шарттуу мал башына– 200 (эки жуз ) сом, ал эми айыл ичиндеги жайыттарга мал багууга шарттуу мал башына 400 (төрт жүз) сомдон жайыт салыгы алынсын. Кой-эчкилерге шарттуу мал башына 30 ( отуз ) сомдон белгиленсин.
4. Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө жайыт комитетине пайдаланылуучу жайыт участоктору үчүн жер салыгын жергиликтүү бюджетке жана келип тушкон каражаттарды жайыт комитетинин бюджетине багыттоо милдети жүктөлсүн.
5. Айыл конуштарга жакын жайгашкан ички жайыттарды чөп ормо катарында пайдаланган тургундарга, жердин шартына жараша гектарына 450 сомдон, ал эми жайыт жерин кашалап тосуп алгандар үчүн 1000 сомго чейин келишимдин негизинде жайыт акысы өндүрүлүп, жайыт комитетинин өздүк эсебине төгүлсүн.
6. Жайыт акыдан түшкөн каражаттары биринчи кезекте жайыт комитетинин кызматкерлеринин кызмат акысына жана социалдык камсыздандыруу взносторуна каржылансын жана жайыт инфраструктурасын жакшыртууга мыйзам чегинде жумшалсын.
7. Бул токтомдун аткарылышы Жалпак-Таш жайыт комитетинин төрагасы Т.Калыкбердиевке милдеттендирилсин
8. Жайыт комитетинин аткарган иштерин көзөмөлдөө жагын Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө башчысы К.Эралиевке тапшырылсын.
9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбасы, өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика, жер казынасы боюнча” туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Ш. Арынов |
| Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2020-жылдын 12-майындагы №9 токтомуна 1-тиркеме |
Жайыт комитетинин 2020-жылга карата түзүлгөн иш-планы
№ | Аткарылуучу иш-чаралардын мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар |
1 | Жайыт комитетинин бюджетин бекиттирүү | 1-2 квартал | Жайт комитетинин төрагасы |
2 | Мал жандыктардын эсебин тактоо | 1-квартал | Жайыт комитети Айыл башчылар |
3 | Жайыт пайдалануучулар менен келишимдерди түзүү | 1-квартал | Жайыт комитети |
4 | Жайытка баруучуу жолдорду ондоо | Дайыма | Жайыт комитети |
5 | ЖП жакынкы жайыттарга жайгаштыруу жана эмдөө иштерин жүргүзүү | Дайыма | Жайыт комитети,вет сервистер |
6 | Алыскы жайыттарга көчүрүү графигин жана маршурут түзүү | 1-2-квартал | Жайыт комитети |
7 | АРИС программасы менен иштөө | Дайыма | Жайыт комитети |
8 | Түз-Бел,Ак-Терек айылдарына мал суугаручу акыр куруу | 2-3-квартал | Жайыт комитети |
9 | Жайыт пайдалануучулардан жайыт акысын жыйноо | дайыма | Жайыт комитети |
11 | Жайыттардын абалын жакшыртуу | дайыма | Жайыт комитети |
12 | 2020-жыл жыйынтыгын чыгаруу | Жыл аягында | Жайт комитетинин төрагасы |
Жалпак-Таш жайыт комитетинин төрагасы |
Т.Калыкбердиев |
| Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2020-жылдын 12-майындагы №9 токтомуна 2-тиркеме |
Жайыт пайдалануу бирикмесинин 2020-жылга жайыт акысынын киреше бөлүгү
№ | Малдын түрү | Саны | Төл-дүн толук сом | Которуу коэфиц-ти | Шарттуу мал башы | Жайыт билет акысы | Жалпы 2015-жылга сом |
1 | Саан уй | 1393 | 60 | 1 | 1393 | 60 | 83580,0 |
2 | Кой-эчки | 10880 | 12 | 02 | 10880 | 12 | 130560,0 |
3 | Жылкы | 1181 | 60 | 1 | 1181 | 60 | 70860,0 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Жалпысы |
|
|
|
|
| 285000,00 |
Жалпы чыгымдарды эсептөөнүн жыйынтыгына ылайык жайыт комитетинин 2020-жылга жайыт акысы 1 шарттуу мал башына 60 сомдон белгиленсин. Жайыт түрүнө карата салык чегерүү КР жайыт мыйзамынын талаптарына ылайык келтирилсин.
Жалпак-Таш жайыт комитетинин төрагасы |
Т.Калыкбердиев |
| Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2020-жылдын 12-майындагы №9 токтомуна 3-тиркеме |
Ош облусунун Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылга карта түзгөн чыгаша бөлүгү
№ |
Чыгымдардын статялары | Саны | Иштеген айы |
Начисление сумма |
Рай. коефи -цент.
| Суммасы
|
1 | Төраганын эмгек акысы | 1 | 12 | 7500 | - | 90000,00 |
2 | Арендатор бухгалтер | 1 | 9 | 6000 | - | 54000,00 |
3 | Эмгек акы жыйынтыгы ст-я 2111100: |
|
|
|
| 144000,00 |
4 | Ишканадан камсыздандыруу үчүн төлөмдөр соц. фонд ст-я 212100 |
|
|
| 17,25% | 24840,00
|
5 | Жалпы эмгек акы фонду |
|
|
|
| 168840,00 |
6 | ЖПБнин ассоциацияга кармалуучу взноско |
|
|
|
| 7000,00 |
7 | Ар кандай түрдүү чыгымдар ст-я 22154900 |
|
|
|
| 10112,00 |
9 | Жайыт комитетинин административдик чыгымы |
|
|
|
| 185952,00 |
10 | Жайыт инфраструктурасын жакшыртууга |
|
|
|
| 20000,00 |
11 | Жер салыгы | 4781 |
| 15,99 | 1,034 | 79048,00 |
| Жалпысы: |
|
|
|
| 285000,00 |
Жалпак-Таш жайыт комитетинин төрагасы |
Т.Калыкбердиев |