Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 12-майы № 10
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2020-жылга карата иш-планын бекитүү жөнүндө
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин Регламенитинин 5-бөлүмүнө ылайык айылдык кеңештин төрагасы Ш.Арыновдун сунуштаган 2020-жылга карата айылдык кеңештин иш-планын карап чыгып Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2020-жылга карата түзүлгөн иш-чаралар планы алымча кошумчасы менен №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтомдун жана иш-чаралар планынын аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Ш. Арынов |
| №1-тиркеме Жалпак-Таш айылдык кенешиин 2020-жылдын12-майындагы №10 токтому менен бекитилсин. |
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2020-жылга карата иш-планы
№ | Иш чаралардын мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар |
1 | Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын 2019-жылдагы аткарган иштеринин абалы жана жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын угуу | 1-квартал | Бюджет,экономика боюнча туруктуу комиссиясы, айыл өкмөтү |
2. | Айыл өкмөтүнүн 2020-жылга социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн (“2020-жыл Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды коргоо жылына карата”) 2020-жыл үчүн иш-чаралар мерчемин бекитүү | 1-квартал | Айыл өкмөтүнүн башчысы |
3 | Жазгы талаа жумуштарын өз убагында сапаттуу уюштуруу жана турак-үй куруу үчүн жер тилкесине муктаж жарандардын маселелерин кароо | 1-2-квартал | Айыл чарба, жер боюнча туруктуу комиссиясы |
4 | Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 6 ай ичинде аткарган жергиликтүү бюджетинин аткарылышын кароо | 3-квартал | Бюджет, экономика боюнча туруктуу комиссиясы, айыл өкмөтү |
5 | Жарандардын кайрылууларына ылайык тейлөөлөр (жол ондоо, таза суу, таштанды чыгаруу, жакшыртуу жана жашылдандыруу, жарык менен камсыздандыруу ж.б.) боюнча депутаттык угууларды өткөрүү (депутаттык саат, депутаттык күн). | 4 айда бир жолу | Туруктуу комиссиялардын торагалары |
6 | “Сары-Таш” таш кенинде иш аракет жүргүзуп жаткан ишканалардын иш-аркеттери жөнүндө | 1-2 квартал | Айыл чарба,жер боюнча туруктуу комиссиясы,айыл өкмөтү |
7 | Көчкү баскан жерлерди көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана көчкү кесепеттерин алдын алуу жөнүндө | 2-квартал | Айыл чарба,жер боюнча туруктуу комиссиясы,айыл өкмөтү |
8 | Социалдык тармактагы мекемелердин жаңы окуу жылына жана кышка даярдыгы жөнүндө | 2-3-квартал | Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы |
9 | Аз камсыз болгон, жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн турмуш деңгээлин көтөрүү жана майыптарга, согуш ардагерлерине, тылда кызмат өтөгөндөргө жардам көрсөтүү | дайыма | Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы |
10 | Депутаттардын шайлоочулар менен жолугушуусу (отчет) | Жылына кеминде бир жолу | Кенештин төрагасынын отун басары,депутаттар |
11 | Коомдук угууларды уюштуруу | 4-квартал | Бюджет,экономика боюнча туруктуу комиссиясы,айыл өкмөтү |
12 | Айылдык кеңешке келип түшкөн арыз, даттануу жана кайрылууларды кароо жана аларга анализ жүргүзүү | дайыма | Регламен жана мыйзам боюнча туруктуу комиссиясы |
13 | Жалпак-Таш айылдык кенешинин 2020-жылдагы кабыл алынган чечимдеринин аткарылышы жана алдыдагы милдеттери жөнүндө | 3-4-квартал | Кенештин төрагасы, айыл өкмөтү |
14 | Кезексиз сессияларды уюштуруу | Зарылдыгына жараша | Кенештин төрагасы |
Төрага | Ш. Арынов |