Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-декабры № 23
Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджетти бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102- 117-беренелерине жана финансы,экономика,бюджет,экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджеттин аткарылышын алдын ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде Жалпак-Таш айылыдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылга Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 21780500 сомго бекитилсин.( №1 тиркеме)
2. Айыл өкмөтүнүн 2021-2023-жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү №2 тиркемеге ылайык бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.
3. 2021-жылга чегерүүлөрдүн чечимдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин:
а).жалпы мамлекеттик салыктын түшүүлөрдөн: салык агентиги тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы-айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине 85 пайыз өлчөмүндө;
в).ыктыярдуу патент негизиндеги салык,милдеттүү патентөө негизиндеги салык, бирдиктүү салык-айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине 100 пайыз өлчөмүндө;
г).жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык (роялти), стратегиялык пайдалуу кендерди (алтын, мунай зат, газ) кошпогондо-кендерди иштеп чыгуу жери боюнча айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине 50 пайыз өлчөмүндө.
д).жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйым-айыл аймагынын бюжетине 7 пайыз өлчөмүндө;
е).жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүү-кендерди иштеп чыгуу жери боюнча айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине 20 пайыз өлчөмүндө.
4. Жергиликтүү салыктардан жана салыктык эмес жыйымдардан түшүүчү жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка деңгээлдеги бюджетке алынууга жатпасын.
5. Мыйзамдарда каралган ыйгарым укуктардын чектеринде, жер салыгы боюнча базалык ставкаларды же коэфиценттерди жогорулатуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечимдерди кабыл алуунун эсебинен жергиликтүү бюджеттердин кирешесин көбөйтүүсү 2020-жылдын 25-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган Мыйзам менен 2021-2023-жылдарга теңөөчү гранттардын өлчөмдөрүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбасы белгиленсин.
6. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 150,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
7. Айыл өкмөтүнө 2021-2023-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоо биринчи кезекте корголгон беренелерге (эмгек акы, социалдык фондго чегерүү, тамак-аш, дары-дармек жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга чегерүүлөр), комуналдык кызматтар (электр энергия, көмүр, суу) жумшалсын.
8. Айланма кассалык калдык (оборотный кассовой наличность) айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаты 2020-жылдын 1-январына карата 50,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
9. Жалпак-Таш айыл аймагы тоолуу,шарты катаал,табигий кырсыктар коркунучу бар жерде жайгашкандыктан табийгат кырсыктарын алдын алууга, калктын аярлуу катмарына,майыптарга,аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө,социалдык ооруларга жана башка социалдык маселелерди чечүүгө,Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине,энелер күнүнө,согуш мезгилинде тылда кызмат кылгандарга,Баатыр энелерге, Ооганчыларга, Баткен коогалаңынын катышуучуларына жардам берүү үчүн акча каражаттары каралсын.
10. Айылдык кеңештин иш аракеттерин жана иш кагаздарын жүргүзүү (токтомдорду юстициядан каттоодон өткөрүү, маалымат каражаттарына жарыялоо, интернет байланышына ж.б.) үчүн акча каражаты каралсын.
11. Айыл өкмөтүнүн инфраструктурасын өнүктүрүү максатында жазылган долбоорлорду ишке ашырууга багытталган иш-чараларга жана өздүк салымдарды кошууга керектелген каражаттарды каржылоо айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржыланаары белгиленсин.
12. Айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигинен сырткары убактылуу келишимдик негизде иштеген кызматчылардын эмгек акыларын төлөп берүү жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлсүн.
13. Токтом кабыл алынып бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет.
14. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “финасы,экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ш. Арынов |
| Жалпак-Таш айылдык кенешинин 2020-жылдын 28-декабрындагы №23 токтомуна №1-тиркеме |
Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын киреше бөлүгү
№ | Кирешелердин аталышы | 2021-жылга бекитилген долбоор |
1 | Киреше салыгы | 2826,0 |
2 | Чакан ишекердик субьектер учун бирдиктуу салык | 45,0 |
3 | Ыктыярдуу патент | 420,0 |
4 | 2-топтогу ишкердик иши үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлккө салык | 7,5 |
5 | Транспорт салыгы | 860,0 |
6 | Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгы | 174,5 |
7 | Айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы | 336,3 |
8 | Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы | 150,0 |
9 | Рояли жалпысы | 6669,0 |
| 1)Роялти (беттегич таштар) |
|
| 2)Роялти (курулуш куруу) |
|
| 3)Роялти (курулуш ташы) |
|
11 | Линценцияны кармоо учун | 351,0 |
12 | Кен байлык жайгашкан жердин ижарасы | 1200,0 |
13 | Жайыт ижарасы учун акы | 205,0 |
14 | КБФнын ижарасы | 250,9 |
15 | Таштанды чыгаруу | 10,0 |
16 | Атайын каражат (ата-энелер толому) | 1140,0 |
17 | Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр | 360,0 |
| Бардык киреше | 14951,6
|
18 | Тендештирүүчү грант | 6828,9 |
| ЖАЛПЫСЫ | 21780,5 |
Айыл өкмөтүнүн башчысы | К.Эралиев |
ФЭБ башчысы | А.Нурдинов |
| Жалпак-Таш айылдык кенешинин 2020-жылдын 28-декабрындагы №23 токтомуна №2-тиркеме |
Айыл өкмөтүнүн 2021-2023-жылдарга бюджетинин болжолдуу көрсөткүчтөрү
№ | Кирешелердин аталышы | 2021 | 2022 | 2023 |
1 | Киреше салыгы | 2826,0 | 2987,0 | 3115,0 |
2 | Чакан ишекердик субьектер үчүн бирдиктүү салык | 45,0 | 45,0 | 45,0 |
3 | Ыктыярдуу патент | 420,0 | 420,0 | 420,0 |
4 | 2-топтогу ишкердик иши үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлккө салык | 7,5 | 7,5 | 7,5 |
5 | Транспорт салыгы | 806,0 | 760,0 | 760,0 |
6 | Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгы | 174,5 | 174,5 | 174,5 |
7 | Айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы | 336,3 | 336,3 | 336,3 |
8 | Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы | 150,0 | 150,0 | 150,0 |
10 | Роялти жалпысы | 6420,0 | 6802,0 | 6802,0 |
| 1)Роялти (беттегич таштар) |
|
|
|
| 2)Роялти (курулуш куруу) |
|
|
|
| 3)Роялти (курулуш ташы) |
|
|
|
11 | Линценцияны кармоо учун | 351,4 | 351,4 | 351,4 |
12 | Кен байлык жайгашкан жердин ижарасы | 1200,0 | 1200,0 | 1200,0 |
13 | Жайыт ижарасы үчүн акы | 205,0 | 205,0 | 205,0 |
14 | КБФнын ижарасы | 250,9 | 250,9 | 250,9 |
15 | Таштанды чыгаруу | 10,0 | 10,0 | 10,0 |
16 | Атайын каражат (ата-энелер толому) | 1140,0 | 1140,0 | 1140,0 |
17 | Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр | 360,0 | 360,0 | 360,0 |
| Бардык киреше | 14951,6 | 15245,6 | 15373,6 |
18 | Тендештирүүчү грант | 6828,9 | 6937,4 | 7048,2 |
| ЖАЛПЫСЫ | 21780,5 | 22183,0 | 22421,8 |
Айыл өкмөтүнүн башчысы | К.Эралиев |
ФЭБ башчысы | А.Нурдинов |