Загрузка документа…
КЕӉЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-декабры № 27-5
Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин иш-планын бекитүү
Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2021-жыл үчүн түзүлгөн иш-планын талкуулап Айылдык кеңештин Регламентинин 3-бөлүмүндөгү айылдык кеңештин ишинин жалпы тартибине ылайык Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2021-жыл үчүн кабыл алган иш-пландары өзгөртүүлөр, толуктоолор менен кошо кабыл алынып, бекитилсин.(иш-план тиркелет)
2. Иш-планда кабыл алынган маселелер тиешелүү жооптуу адамдар тарабынан өз убагында аткарууга алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Абдибает уулу М. |
| 2020-жылдын 28-декабрындагы кезектеги жыйырма жетинчи сессиясынын № 27-5 -токтомуна тиркеме. |
Кеңеш айылдык кеңешинин 2021-жылга карата иш-планы.
№ | АКтин ж-а туруктуу комиссия нын отуруму | отурум өтүүчү күн | каралуучу маселелер. | айыл өкмөтү нөн аткаруу чу жооптуу адам | Аталган маселе боюнча жооптуу айылдык кеңештин туруктуу комиссиясы | натыйжа | Жарандардын ЖӨБга катышуусунун формалары (“ЖӨБ жөнүндө” КР Мыйзамынын 7-беренеси) |
1.1 | Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялар ынын отуруму (же АКнын ТКнын биргелешкен отурумдары) |
I квартал | Айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларынын аткарылышы жана калкты социалдык жактан коргоо тууралуу айыл өкмөт башчынын отчетун профилдик туруктуу комиссияларда (же АКнын туруктуу комиссиясынын биргелешкен отурумунда) алдын-ала кароо
| айыл өкмөт башчы сы | Кудайназаов Н жооптуу туруктуу комиссия (бюджет, соода ишкердүүлүктү өнүктүрүү) материалдар жана жасалган иш-аракеттер менен таанышып чыгат, ТКнын корутундуларын топтоштурат жана бирдиктүү корутундуну даярдайт | ТКнын бирдиктүү корутундусун кабыл алуу жана АК сессиясынын күн тартибине киргизүү. АКнын токтом долбоорун сессияда караганга чейин маалымат такталары, интернет сайттар, ММК аркылуу коомдук талкууга алып чыгуу тууралуу тапшырманы (1 айлык мөөнөттө) жооптуу катчыга дайындоо | Аталган маселе боюнча коомдук угууларга, элеттик чогулуштарга, жыйындарга жарандардын, демилгелүү топтордун, бейөкмөт уюмдардын, коомдук уюмдардын катышуусу |
1.2 | Айылдык кеңештин сессиясы | I квартал | Айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларынын аткарылышы жана калкты социалдык жактан коргоо тууралуу АӨ башчынын отчетун угуу. АӨ башчынын отчету тууралуу туруктуу комиссиянын корутундусун угуу. АКнын жооптуу туруктуу комиссиясынын корутундусун, АК депутаттарынын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен АӨ башчынын отчетун бекитүү же башка чечим кабыл алуу |
| Кудайназаров Н жооптуу туруктуу комиссия (бюджет, соода ишкердүүлүктү өнүктүрүү) сессияда ТКнын корутундусун баяндап берет жана аталган маселе боюнча АК токтому кабыл алынгандан кийин анын аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. | 2020-жыл үчүн АӨ башчысынын отчетун кабыл алуу. АК токтомун кабыл алуу, жарыялоо, анын күчүнө кирүүсү, Ченемдик-укуктук актылардын Мамлекеттик Реестрине киргизүү.
| АК сессияларына жарандардын, БӨУ, КУ мүчөлөрүнүн жана башка кызыкдар адамдардын катышуусу. |
1.3 | Айылдык кеңештин туруктуу комиссия сынын отуруму | I квартал | Инвестицияларды жана гранттарды тартуу жаатында эл аралык долбоордук уюмдар, донорлор, демөөрчүлөр менен иш алып баруу боюнча АӨ башчысынын, БӨУ, КУ, ДТ жетекчилеринин, жамааттардын маалыматын угуу. |
| Кудайназаров Н туруктуу комиссиясы (инвестицияларды жана гранттарды тартуу маселелери боюнча) материалдар жана жасалган иш-аракеттер менен таанышып чыгат жана өз корутундусун даярдайт | Чечимдерди (көмөк көрсөтүү ж.б. боюнча) кабыл алуу, ошондой эле АКнын токтом долбоорун маалымат такталары, интернет сайттар, ММК аркылуу коомдук талкууга алып чыгуу тууралуу тапшырманы жооптуу катчыга дайындоо. | Жарандардын, БӨУ, КУ, демилгелүү топтордун коомдук угууларга, элеттик чогулуштарга, жыйындарга, курултайга, айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын отурумдарына катышуусу. |
1.4 | Айылдык кеңештин сессиясы | I квартал | Инвестицияларды жана гранттарды тартуу жаатында эл аралык долбоордук уюмдар, донорлор, демөөрчүлөр менен иш алып баруу боюнча АӨ башчысынын, БӨУ, КУ, ДТ жетекчилеринин, жамааттардын маалыматын угуу. Бул маселе боюнча АКнын туруктуу комиссиясынын корутундусун угуу | БӨУ, КУ жетекчилери жана башка кызыкдар адамдар | Кудайназаров Н туруктуу комиссиясы (инвестицияларды жана гранттарды тартуу маселелери боюнча) сессияда ТКнын корутундусун баяндайт жана бул маселе боюнча АК токтому кабыл алынгандан кийин анын аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. | Көмөк көрсөтүү ж.б. боюнча айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу. Күчүнө кирүүсү үчүн АК токтомун жарыялоо жана Ченемдик-укуктук актылардын Мамлекеттик Реестрине кошуу. Көмөк көрсөтүү ж.б. боюнча айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу. Күчүнө кирүүсү үчүн АК токтомун жарыялоо жана Ченемдик-укуктук актылардын Мамлекеттик Реестрине кошуу. | АК сессияларына жарандардын, БӨУ, КУ, демилгелүү топтордун, донорлордун өкүлдөрүнүн жана башка кызыкдар адамдардын катышуусу. |
2.1 | Айылдык кеңештин туруктуу комиссия-сынын отуруму | II квартал | Муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча АӨ башчысын (же АӨ башчысынын орун басарын, ТКЧ боюнча адисти) алдын-ала угуу. Алдын-ала төмөнкү долбоорлорду карайт: - муниципалдык менчиктеги объекттерди менчиктештирүү программаларын; - муниципалдык менчиктеги объекттерди колдонууга жана ижарага берүү тартиби тууралуу жоболорду; - ТКЧ боюнча муниципалдык ишкана тууралуу жобону; - муниципалдык менчикти камсыздандыруунун жана тизмеден чыгарып салуунун ж.б. тартиби жөнүндө жобону; - монополияга каршы орган менен макулдашуудан кийин муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин, башка юридикалык жана физикалык жактар тарабынан муниципалдык менчикти колдонуп коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди бекитүү. | АӨ башчысы (же АӨ башчынын орун басары, ТКЧ боюнча адис). | Матисаков А туруктуу комиссиясы (муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча) материалдар жана жасалган иш-аракеттер менен таанышып чыгат жана өз корутундусун даярдайт | Туруктуу комиссиянын корутундусун кабыл алуу жана АК сессиясынын күн тартибине киргизүү, ошондой эле АКнын токтом долбоорун маалымат такталары, интернет сайттар, ММК аркылуу коомдук талкууга алып чыгуу тууралуу тапшырманы жооптуу катчыга дайындоо.
| Жарандардын муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча коомдук угууларга, элеттик чогулуштарга, жыйындарга же курултайга катышуусу.
|
2.2 | Айылдык кеңештин сессиясы | II квартал | Муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча АӨ башчысын угуу. Төм. долбоорлорду кароо жана бекитүү: - муниципалдык менчиктеги объекттерди менчиктештирүү программаларын; - муниципалдык менчиктеги объекттерди колдонууга жана ижарага берүү тартиби тууралуу жоболорду; - ТКЧ боюнча муниципалдык ишкана тууралуу жобону; - муниципалдык менчикти камсыздандыруунун жана тизмеден чыгарып салуунун ж.б. тартиби жөнүндө жобону. - монополияга каршы орган менен макулдашуудан кийин муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин, башка юридикалык жана физикалык жактар тарабынан муниципалдык менчикти колдонуп коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди бекитүү. |
АӨ башчысы (АӨ башчынын орун басары) . | Матисаков А туруктуу комиссиясы (муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча) сессияда ТКнын корутундусун баяндайт жана бул маселе боюнча АК токтому кабыл алынгандан кийин анын аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. | Айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу. аны Ченемдик-укуктук актылардын Мамлекеттик Реестрине кошуу | АК сессияларына жарандардын, муниципалдык менчик объекттери карамагына кирген уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын жетекчилеринин жана башка кызыкдар адамдардын катышуусу |
2.3 | Айылдык кеңештин туруктуу комиссия сынын отуруму | II квартал | АЖМФ жерлерин пайдаланууга жана ижара акысына анализ жүргүзүү, туруктуу комиссиянын жерине баруусу. Келечектүү пландын аткарылышы, АЖМФ жерлери үчүн ижара акысынан түшкөн каражаттар жана алардын пайдаланылышы тууралуу АӨ башчысынын отчетун угуу. Түз берүү жолу менен АЖМФ жерлеринин зонасынан экономикалык жактан жагымдуу болгон жерлерди берүү үчүн социалдык багыттагы субъекттерди, аз камсыздалган үй-бүлөлөрдү жана АА аймагында жашаган жарандарды аныктоо. АЖМФ жерлери боюнча Жер комиссиясынын курамын жана иш регламентин алдын-ала карап чыгуу. Физикалык жана юридикалык жактарга ижарага берилген АЖМФ жер участокторунун ижара мөөнөтүн жана көлөмүн аныктоо. АЖМФ жерлерин жакшыртуу боюнча иш-чараларды аткарууга багытталган жерлерди пайдаланганы үчүн ижара акысынын суммасынан каражаттардын көлөмүн аныктоо. | АӨ башчысы, АЖМФ жерлери боюнча жер комиссиясынын төрагасы | Нурматов О туруктуу комиссиясы (агрардык жана жер маселелери боюнча) материалдар жана жасалган иш-аракеттер менен таанышып чыгат жана өз корутундусун даярдайт | Туруктуу комиссиянын корутундусун кабыл алуу жана АК сессиясынын күн тартибине киргизүү, ошондой эле АКнын токтом долбоорун маалымат такталары, интернет сайттар, ММК аркылуу коомдук талкууга алып чыгуу тууралуу тапшырманы жооптуу катчыга дайындоо | Жарандардын АЖМФ жерлерин башкаруу маселелери боюнча коомдук угууларга, элеттик чогулуштарга, жыйындарга, же курултайга катышуусу. |
2.4 | Айылдык кеңештин сессиясы | II квартал | Келечектүү пландын аткарылышы, АЖМФ жерлери үчүн ижара акысынан түшкөн каражаттар жана алардын пайдаланылышы тууралуу АӨ башчысынын отчетун угуу. АКнын Туруктуу комиссиясынын төрагасын угуу. Түз берүү жолу менен АЖМФ жерлеринин зонасынан экономикалык жактан жагымдуу болгон жерлерди берүү үчүн социалдык багыттагы субъекттерди, аз камсыздалган үй-бүлөлөрдү жана АА аймагында жашаган жарандардын тизмесин кароо жана бекитүү. АЖМФ жерлери боюнча Жер комиссиясынын курамын жана иш регламентин бекитүү. Физикалык жана юридикалык жактарга ижарага берилген АЖМФ жер участокторунун ижара мөөнөтүн жана көлөмүн белгилөө. АЖМФ жерлерин жакшыртуу боюнча иш-чараларды аткарууга багытталган жерлерди пайдаланганы үчүн ижара акысынын суммасынан каражаттардын көлөмүн бекитүү. | АӨ башчысы, АЖМФ жерлери боюнча жер комиссиясынын төрагасы | Нурматов О туруктуу комиссиясы (агрардык жана жер маселелери боюнча) сессияда ТКнын корутундусун баяндайт жана бул маселе боюнча АК токтому кабыл алынгандан кийин анын аткарылышына көзөмөл жүргүзөт | Айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу. аны Ченемдик-укуктук актылардын Мамлекеттик Реестрине кошуу Айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу. аны Ченемдик-укуктук актылардын Мамлекеттик Реестрине кошуу | АК сессияларына жарандардын, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жана башка кызыкдар адамдардын катышуусу |