КР Президентинин
2011-жылдын 17-августундагы ПЖ N 199 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 6-декабры ПЖ № 540
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Маданият кызматкерлеринин эмгек
акысын жогорулатуу жөнүндө
Маданият кызматкерлерине социалдык коргоону камсыз кылуу, ошондой
эле кесибинин кадыр-баркын арттыруу максатында токтом кылам:
1. 2008-жылдын 1-январынан тартып эмгек акысы Бирдиктүү тарифтик
торчо боюнча аныкталган маданият мекемелеринин кызматкерлерине эмгек
акы 30 пайызга жогорулатылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылай-
ык келтирсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучуга жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык 2008-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев