Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Теплоключенка айылдык кеңешинин XXVII чакырылышы
2020-жылдын 24-ноябры № 39
Теплоключенка айыл аймагында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун берүү тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө
Теплоключенка айылдык кенештин 2020-жылдын 12-октябрындагы №29 токтому менен бекитилген комиссия иштеп чыккан жобонун долбоору 2020-жылдын 28-октябрь күнү жалпы элдик жыйынында талкууга алынып, жалпысынан жактырылган Жобону элден түшкөн сунуштарды эске алуу менен карап, кошумча талкууга алып, айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Теплоключенка айыл аймагында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун берүү тартиби жөнүндө Жобо бекитилсин, тиркелет.
2. Бул токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, мамлекеттик реестрине каттоо үчүн юстиция органына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Э.А. Темиров |
| Теплоключенка айылдык кеңештин 2020-жылдын 24.11. №39 токтому менен бекитилди |
Теплоключенка айыл аймагында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун берүү тартиби жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Теплоключенка айыл аймагында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Жер жана Жарандык Кодекстерине, Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө, Кыргыз Республикасында жеке турак жай курулуш жөнүндө жана Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 "Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна жана жер укук мамилелерин жөнгө салуучу жана бош жерлер бар болгондо, бекер негизде жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүү тартибин регламенттөөчү Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
Жобо Теплоключенка айыл аймагында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун берүүдө коюлган негизги талаптарды аныктайт.
2. Берүүнүн объекти болуп жеке менчикке берүүгө мүмкүн болгон Теплоключенка айыл аймагында жайгашкан жер участоктор саналат.
3. Ушул жобонун талаптары Теплоключенка айыл аймагында жеке турак жай курууга катышуучу шаар куруу-архитектуралык иш-аракеттердин бардык субъекттерине жайылтылат жана жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун менчикке берүүнүн бирдиктүү тартибин жана шарттарын белгилейт.
II. Ушул жободо колдонулуучу түшүнүктөр
4. Ушул жободо колдонулуучу түшүнүктөр:
Шаар куруу регламенти – шаар куруу иш-аракеттерин жүзөгө ашырууда шаар куруу документтери, курулуш жана жерди пайдалануу эрежелери менен белгиленген, айыл аймагынын калкы жайгашкан жерлердеги пайдаланууга уруксат берилген жер участокторун жана башка кыймылсыз объекттердин параметрлеринин жана түрлөрүнүн жыйындысы;
Шаар куруу документтери – айыл аймактык пландоо долбоорлорунун документтери, башкы пландар, деталдуу пландоонун долбоорлору, чек салуулар, кварталдардын, калктуу конуштарды пландоо түзүмүнүн башка элементтеринин курулуштары;
Сары сызыктар – кыйратуучу жер титирөөлөрдүн, башка жаратылыш же технотектүү кырсыктардын жыйынтыгында имараттардын (курулмалардын, курулуштардын) урандыларынын (кыйроолорунун) таралыш мүмкүндүгүнүн максималдуу жол берилген чөлкөмдөрүнүн чектери. Сары сызыктар, эреже катары, имараттардын жана курулмалардын ортосундагы ажырыктарды жөнгө салуу үчүн колдонулат;
Кызыл сызыктар - бул көчөлөрдүн жана жолдордун туурасын аныктаган, көчөлөрдү жана жолдорду пландаштырылган түзүмдүн башка элементтеринен бөлүп турган чектер болуп саналган сызыктар;
Курулуш жана жер пайдалануу эрежелери - шаар куруу регламенттерин киргизүү аркылуу кыймылсыз объекттерди пайдаланууну жана курулуш өзгөртүүлөрүн жөнгө салуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ченемдик укуктук актылары;
Жер участокко менчик укук – Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси жана башка мыйзам актылары тарабынан таанылуучу жана корголуучу жеке жана юридикалык жактардын КРнын мыйзам чектеринде ага тиешелүү болгон жер участогуна өзү каалагандай ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугу;
Жер участокту уруксат берилген пайдалануу – коомдук конуштардын шаар куруу документтери, жерди пайдалануу жана курулуш эрежелери тарабынан белгиленген шаар куруу регламентине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык белгиленген чектөөлөргө, ошондой эле сервитуттарга ылайык жер участокторун пайдалануу.
III. Теплоключенка айыл аймагында жеке турак жай куруу үчүн
жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссия
5. Ушул жобого ылайык жеке турак жай куруу үчүн жер участокторуна менчик укуктарды берүү процессин жүзөгө ашыруу үчүн комиссия түзүлөт.
6. Комиссия ыйгарым укуктуу орган тарабынан төмөндөгүдөй курамда түзүлөт:
- Теплоключенка айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү;
- Ак-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын өкүлү;
- Кадастр мамлекеттик мекемесинин Каракол Ак-Суу филиалынын өкүлү.
Комиссиянын курамына ыйгарым укуктуу органдын чечими боюнча коомчулуктун өкүлдөрү киргизилиши мүмкүн.
7. Комиссия төмөнкү иш-милдеттерди жүзөгө ашырат:
а) жеке турак жай куруу үчүн жер участокторго менчик укуктарды берүү маселелерин карайт;
б) жеке турак жай куруу үчүн жер участокторго менчик укуктарды берүү менен байланышкан талаш-тартыш маселелерди карайт жана алар боюнча чечим кабыл алат;
в) Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан каралган учурларда бирдей маанидеги башка жер участок берүү маселелерин карайт.
Комиссия бекитилген тартипте жер тилкесин алууну каалаган жарандын арызын жана тиешелүү иш кагаздарынын баарын тыкан изилдеп, андан кийин жер тилкесин бөлүп берүү же жер тилкесин бөлүп берүүдөн баш тартуу боюнча чечим чыгарат.
Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
а) Теплоключенка айыл аймагы боюнча жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү жеке турак үйлөрдү куруу үчүн жер участокторго укуктарды бекер берүү менен байланышкан маселелерди кароого жана алар боюнча чечим кабыл алууга;
б) мурда кабыл алынган чечимдерди кайра кароого жана кароонун жыйынтыгы боюнча аларды күчүндө калтыруу/же жокко чыгаруу, жаңы чечим кабыл алуу жөнүндө башка чечим кабыл алууга.
8. Комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн эки бөлүгүнөн кем эмес кворум болгондо, комиссиянын чечимдери комиссиянын катышкан мүчөлөрүнүн санынан жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калганда комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат. Комиссиянын протоколун катчысы жазат, комиссиянын төрагасы жана комиссиянын мүчөлөрү тарабынан кол коюлат.
9. Жеке менчик турак үй куру үчүн жер участогун алуу үчүн талапкер адам тийиштүү атайын укуктуу органга төмөнкүдөй документтерди тапшырат:
- аныкталган формадагы арыз;
- ким экенин билдирүүчү документти (паспорт), туулгандыгы жөнүндө өзүнүн жана балдарынын күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү;
- никеге турган күбөлүктүн көчүрмөсү (ажырашкан тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү);
- кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Кадастр мамлекеттик мекемесинин Каракол Ак-Суу филиалынын (Госрегистр) анын менчик укугундагы турак жайы же жеке менчик турак жай куруу үчүн мурда берилген жер участогу жоктугу тууралуу маалымкаты;
- турак жай шарттарын текшерүү актысы (жеке же биргелешкен менчик турак жайы бар болгон учурда);
- жашаган жеринен үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалымкат;
- Теплоключенка айыл аймагында 20 (жыйырма) жылдан кем эмес жашаган (каттоодо турган) тууралуу архивдик маалымкат;
- эгер арыз ээси каза болуп калса, анын кезеги үй-бүлөөсүнө калат (өлгөндүгү жөнүндө күбөлүк талап кылынат).
10. Жеке менчик турак үй курууга жер участогун алуу үчүн тийиштүү атайын укуктуу органдарга документ тапшырган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле документтерди берүүчү органдар алардын тууралыгы үчүн жоопкерчилик тартышат.
IV. Ченемдик аянт жана жеке турак жай куруу үчүн жер участок алууга укугу бар жарандар
11. Калктуу конуштун чегинде үй салууга жер тилкелери жетишпегендигине байланыштуу айыл аймактын географиялык абалын эске алуу менен 99.0 гектар жана 38.0 гектар жерлердин багытын өзөртүп (трансформация), турак жай курууга айыл аймактын муктаж болгон жарандарына берилет.
Теплоключенка айыл аймагында бир жеке турак үй куруу үчүн берилүүчү жер участоктун ченемдик аянты шаар куруу документтерине ылайык белгиленет, бирок 0,05 га дан (5 сотый) ашпоосу керек.
Жер участоктун аянтынын белгиленген ченемин колдонуу Теплоключенка айылдык кеңештин макулдугу менен айыл өкмөтү тарабынан жүзөгө ашырылат.
12. Жеке турак жай куруу үчүн менчикке берилүүчү жер участоктор үчүнчү жактардын укуктарынан эркин болууга жана жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жасоо үчүн чектөөлөрү жок болууга тийиш.
Теплоключенка айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына коомдук талкуулоонун өтүү датасын жана ордун милдеттүү түрдө көрсөтүү менен жеке турак үй куруу үчүн бериле турган жер участок жөнүндө кулактандыруу жайгаштырылат.
13. Теплоключенка айыл аймагында жеке турак үй куруу үчүн жер участок алуу укугуна төмөнкү Кыргыз Республикасынын жараны ээ боло алат:
- Теплоключенка айыл аймагында 20 (жыйырма) жылдан кем эмес жашаган (архивдик маалымкаттын негизинде каттоодо турган);
- турак жай (үй, батир) менчигинде болбогон;
- акыркы беш жылдын ичинде үчүнчү жактарга сатып алуу-сатуу, алмашуу, тартуулоо, күрөөгө коюу жана башка бүтүмдөрдү түзүү жолу менен менчигинде болгон турак жайларды ажыратууда көрсөтүлгөн өзүнүн турак жай шарттарынын начарлашына багытталган жарандык-укуктук аракеттерди жасабаган.
Жеке турак үй курууга жер тилкелери кезексиз берилет:
- Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө Кодексинин 13-беренесинин 5-пунктуна ылайык ата-энесинин камкордугунан ажыраган жашы жете элек 16-жашка чыккан айыл аймагынын балдарына.
Жеке турак үй курууга жер тилкелери биринчи кезектүүлүктөгү тартипте берилет:
- Кыргыз Республикасынын Турак жай Кодексинин 44-беренесинин 7-пунктуна ылайык көп балалуу аз камсыз үй-бүлөлөр (6 баладан жогору “Баатыр-эне” наамы ыйгарылган энелер).
Калган жарандар айыл өкмөтүндө кезекте турган тизме боюнча алышат (жашоо-тиричилик шартына ылайык түзүлгөн актынын негизинде)
14. Кыргыз Республикасынын жеке турак үй куруу үчүн жер участок алуу үчүн документтерди берген жарандары, ошондой эле көрсөтүлгөн документтерди берген органдар, алардын аныктыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен каралган жоопкерчиликке тартылышат.
15. Жеке турак жай куруу үчүн берилген жер участокту, жеринде анын чектерин белгилегенге жана бекитип бергенге чейин, бул жер участогуна укугун ырастаган документти алганга чейин өздөштүрүүгө киришүүгө тыюу салынат, ошондой эле жеке менчик турак үйүнүн долбоорунун макулдугу жана курулуш-монтаждоо жумушун аткарууга тийиштүү уруксаты болуусу керек.
16. Менчик жер ээлеринин өздөрүнүн укуктарын жана аларды коргоо кепилдигин жүзөгө ашыруу чектери жана тартиби мыйзам тарабынан аныкталат.
V. Бош жер участокторун түзүү жана берүү тартиби
17. Жеке турак жай куруу үчүн бош жер участокторун берүү Теплоключенка айыл аймагынын Башкы планына (Генплан) ылайык, конуштардын башкы планынын чиймелери менен белгиленген тартипте бекитилген жеке турак жай курулушунун чиймесинин негизинде жүзөгө ашырылат.
Жеке турак жай куруу үчүн жер участокторго менчик укугу түзүлгөн жер участокторго берилет.
Жер участок төмөнкү учурларда түзүлдү болуп эсептелинет:
а) жер участок үчүнчү жактардын укуктарынан эркин болгондо (сервитуттар аркылуу бекитилген укуктардан тышкары);
б) жер участок белгиленген чектерге ээ болсо;
в) жер участоктун уруксат берилген пайдалануунун белгиленген түрлөрү жана башка керектүү шаар куруу регламенттери бар болсо;
г) бул жер участок боюнча, андагы максималдуу уруксат берилген кубаттуулуктун инженердик коммуникацияларынын бар же жок экендиги, инженердик коммуникацияларга кошулуунун мөөнөтү жана наркы, ошондой эле инженердик коммуникациялар жок болгон учурда - бул аймакта инженердик коммуникациялардын пландаштырылган өнүгүүсү, пландалуучу инженердик коммуникациялардын мүмкүн болгон кубаттуулугу, аларга кошулуунун мөөнөтү жана наркы жөнүндө маалыматтар берилсе;
д) бул жер участокто турган бак-дарактарды (алар бар болсо) пайдалануу, көчүрүү, которуу тийиштүү кызматтар тарабынан макулдашылса.
18. Суралган жер участогу боюнча Ак-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы 10 жумуш күндүн ичинде топографиялык негизде аткарылган 1:500 масштабда төмөнкүлөр түшүрүлө турган жер участоктун чиймесин даярдайт:
а) участоктун бурчтук чекиттердин координаттарын көрсөтүү же козголбос мүлктүн азыркы объекттерине же геодезиялык белгилерге участоктун чектеринин байланыштары менен жер участоктун чегин;
б) жер участок аркылуу өтүүчү инженердик-техникалык тармактын азыркы трассалары.
19. Жер участокторун түзүү боюнча иштердин баскычында Ак-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы инженердик-техникалык коммуникацияларга кошулуунун алдын ала техникалык шарттарын аныктоо максатында, инженердик-техникалык кызматтар менен, ошондой эле ушул пунктта көрсөтүлгөн башка ыйгарым укуктуу органдар менен тийиштүү корутунду жана башка тийиштүү документтерди алуу максатында өз ара аракеттенүү камсыздайт.
Ак-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы жер участоктун чиймеси даярдалган күндөн тартып кийинки күндөн кеч эмес ушул жобонун 18-пунктуна ылайык бир убакта жер участоктун чиймесинин көчүрмөсү менен суроо талапты төмөнкүлөргө жөнөтөт:
а) Кыргыз Республикасынын жер жана башка мыйзамдарына ылайык, жер участокту берүү мүмкүнчүлүгү же мүмкүн эместиги жөнүндө корутунду алуу, жер участогунун чектерин, үчүнчү жактын укугунун бар болгондугун, бул жер участогуна оорлотууну жана чектөөлөрдү тактоо жана жер участогунун чиймесин макулдашуу үчүн Кадастр мамлекеттик мекемеси Каракол Ак-Суу филиалы (Мамкаттоо);
б) алдын ала техникалык шарттарды алуу үчүн электр менен жабдууну, суу менен жабдууну жана канализацияны, ж.б. менен жабдууну камсыздоочу инженердик-техникалык кызматтарга;
в) тийиштүү корутунду алуу үчүн экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык жана өрт көзөмөлдөөчү ыйгарым укуктуу органдарга;
г) тарых жана маданият эстеликтерин коргоо шарттарын аныктоо үчүн (эстеликтерди коргоо зонасында жер участогу табылган учурда) эстеликтерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга;
д) бак-дарактарды пайдалануу шарттары, анын ичинде аларды алып салуу жана которуу жөнүндө маселелерди чечүү үчүн (муниципалдык менчикте турган жер участогунда бак-дарактар бар болсо) бак-дарактарды күтүү жана коргоо боюнча ыйгарым укуктуу муниципалдык органга.
20. Ушул токтомдун 19-пунктунда көрсөтүлгөн инженердик-техникалык кызматтар 5 жумуш күндүн ичинде алдын ала техникалык шарттарды архитектура органына жөнөтүүгө, ал эми ыйгарым укуктуу органдар тийиштүү корутундуну жөнөтүүгө милдеттүү.
Алдын ала техникалык шарттарда максималдуу уруксат берилген кубаттуулуктун инженердик коммуникацияларын бар же жок экендиги, инженердик коммуникацияларга кошулуунун мөөнөтү жана наркы, ошондой эле инженердик коммуникация жок болгон учурда - бул райондогу инженердик коммуникациялардын пландаштырылган өнүгүүсү, пландалуучу инженердик коммуникациялардын мүмкүн болгон кубаттуулугу, аларга кошулуунун мөөнөтү жана наркы жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.
Ыйгарым укуктуу органдардын корутундуларында жер участокту берүү жана куруу мүмкүнчүлүгү, ошондой эле мыйзамдарда каралган учурларда - тийиштүү мыйзамдарды сактоо боюнча шарттар, чектөөлөр жана талаптар жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.
Инженердик тармактарга кошулуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу жер участокко менчик укугун берүү үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.
21. Ак-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы алынган материалдардын негизинде 7 жумуш күндүн ичинде белгиленген формада жер участоктун планын 2 нускада даярдайт.
Жер участоктун планы өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) топографиялык негизде, 1:500 масштабында аткарылган, төмөнкүлөр түшүрүлгөн жер участоктун чиймеси түрүндөгү графикалык материал:
1) бурчтук чекиттердин координаттарын же кыймылсыз объекттерге же геодезиялык белгилерге участоктун чектеринин байланмасы менен көрсөтүү менен жер участоктун чектери;
2) жер участок боюнча өткөн инженердик техникалык тармактардын азыркы трассалары;
3) инженердик техникалык тармактар жана аларга кошуу түйүндөрү өткөн долбоордук трассалар, ошондой эле курулуш зонасына туш келген инженердик коммуникацияларды алып чыгуу трассалары;
4) курулуш сызыктары, кызыл, сары сызыктар;
5) суу коргоочу зоналардын, санитардык коргоо жана санитардык сактоо зоналарынын чектери;
6) участокко өтмөлөрдү уюштуруу;
7) токтотмо орундарын, алардын санын көрсөтүү менен (эгер талап кылынса) мүмкүн болгон жайгашуусу;
б) Кыргыз Республикасынын жер жана башка мыйзамдарына ылайык жер участокту берүү мүмкүнчүлүгү же мүмкүн эместиги жөнүндө корутундуну, жер титирөөгө туруктуулук жана коркунучтуу инженердик-геологиялык, технотектүү көрүнүштөрдүн бар экендиги жөнүндө маалыматты кошуу менен жер участоктун параметрин (мүнөздөмөсүн) караган тексттик материалды.
Тийиштүү чектөөлөрдүн зоналарында участок жайгашкан учурда жер участогунун планында төмөнкү кошумча шаар куруу регламентинин бардыгы көрсөтүлөт:
1) курулуш жана жерди пайдалануунун санитардык, суу коргоочу жана башка экологиялык шарттары боюнча;
2) тарых жана маданият эстеликтерин коргоо шарттары боюнча.
Жер участоктун жайгашкан ордуна жана объекттин функционалдык дайындалышына жараша төмөнкү кошумча талаптар белгиленет:
1) көрктөндүрүү боюнча жана фасадка карата талаптар;
2) токтотмо орундарын, анын санын (эгер талап кылынса) жана участокко кирүү жолдорду, анын ичинде курулуш мезгилинде убактылуу жолдорду уюштурууга болгон талаптар;
3) курулуш аянтынан инженердик техникалык коммуникацияларды алып чыгуу боюнча талаптар (жеке менчикте тургандардан тышкары);
в) инженердик-техникалык кызматтар тарабынан берилген инженердик тармактарга объектти кошууга алдын ала техникалык шарттар;
г) ушул жобонун 19-пунктунда каралган тийиштүү ыйгарым укуктуу органдардын корутундулары.
Жер участоктун планына Ак-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетекчиси тарабынан кол коюлат.
Жер участоктун планын даярдоодо жеринде чектерди белгилөө камсыздалат, бул жөнүндө планга тийиштүү жазуу жүргүзүлөт.
22. Жер участоктун планын даярдоонун жалпы мөөнөтү ыйгарым укуктуу органдын өтүнүч каты келип түшкөн күндөн тартып 28 жумуш күндү түзөт.
23. Мамкаттоо жана ушул жобонун 19-пунктунда көрсөтүлгөн тийиштүү ыйгарым укуктуу органдар 5 жумуш күндүн ичинде ушул жобонун 19-20-пункттарында каралган маалыматты көрсөтүү менен тийиштүү корутундуну Ак-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгына жөнөтүүгө милдеттүү.
Ак-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы, Мамлекеттик каттоо жана ушул жобонун 19-20-пункттарында көрсөтүлгөн башка ыйгарым укуктуу органдар берилген маалыматтын аныктыгы жана корутундуларды, башка зарыл болгон документтерди даярдоодо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жана ушул жобонун ченемдерине ылайыктуулугу үчүн жоопкерчилик тартышат.
Зарыл болгон учурда Ак-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы 1 жумуш күндүн ичинде Мамкаттоонун келип түшкөн материалдарынын негизинде жер участоктун планын тактайт.
24. Ак-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы ушул жобонун 22-пунктунда каралган мөөнөттүн аяктаган күнүнөн тартып кийинки күндөн кеч эмес жер участоктун планын ага тиркелген бардык материалдары менен айыл өкмөтүнө өткөрүп берет.
25. Айыл өкмөтү тарабынан жеке турак үй куруу үчүн болжолдуу бериле турган ар бир жер участогу боюнча төмөнкүлөрдү камтыган маалымат топтому түзүлөт:
- жер участоктун жайгашкан орду (дареги), жер участоктун кадастр номери (бар болсо);
- ага тиркелген бардык материалдары менен жер участоктун планынын көчүрмөсү.
26. Түзүлгөн топтом белгиленген тартипте комиссиянын ар бир мүчөсүнө анын отурумуна чейин үч күн калганда берилет.
27. Айыл өкмөтүндө түзүлгөн комиссиянын мүчөлөрү үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке турак жай куруу үчүн жер участокторду берүү жөнүндө келип түшкөн материалдар менен таанышат, андан соң, жер участокторду берүү же аларды берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алына турган отурум өткөрүлөт.
Айыл өкмөтүндө түзүлгөн комиссиясы эгер берилген документтер бул жобонун 13-пунктуна ылайык келбесе, жарандарга жеке турак жай куруу үчүн жер участогун берүүдөн баш тартууга укуктуу.
28. Теплоключенка айыл өкмөтүндө жеке турак жай куруу үчүн жер участоктор Кыргыз Республикасынын жарандарына жеке турак жай куруу үчүн жер участокторду алууга түшкөн арыздардын датасына ылайык түзүлгөн. Турак жай куруу үчүн жер участокторун алууга кезекте туруучулардын тизмеси менен кезектүүлүк тартибинде берилет.
29. Комиссиянын чечими бардык катышкан комиссиянын мүчөлөрүнүн колу коюлган тийиштүү протокол менен жол-жоболоштурулат.
30. Комиссия отурумунун протоколунун көчүрмө бөлүгү айыл өкмөтүнүн токтомун чыгаруу үчүн, жер участокко жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны мындан ары жол-жоболоштуруу үчүн негиз болуп саналат.
31. Теплоключенка айыл аймагында жеке турак жай куруу үчүн жер участок берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн токтомунун көчүрмө бөлүгү жана жер участоктун планынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү чечим кабыл алынган күндөн кийин, 15 (он беш) иш күндүн ичинде кезекте туруучуга тапшырылат.
VI. Азыркы турган жеке турак үйлөр үчүн жер участокторду түзүү жана берүү тартиби
32. Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 16-июнуна чейин курулган жеке турак үйлөрү бар жарандары жанаша жайгашкан участогу менен азыркы турган үй үчүн жер участогуна менчик укугун берүү жөнүндө кайрылууга укуктуу. Үйгө жанаша жайгашкан жер участогунун аянты ушул жобонун 10-пунктунда аныкталган ченемдик аянттан жогору болбошу керек.
Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык аныкталган жалпы пайдалануудагы жерлер, социалдык-маданий жана тиричилик багытындагы объекттер үчүн арналган жер участоктор жеке менчикке берилбейт.
33. Ушул жобонун 32-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокторго укуктар айыл өкмөтүнө берилген жарандардын арыздарынын негизинде каралат.
34. Ушул жобонун 32-пунктунда көрсөтүлгөн укуктарды алуу үчүн арызга төмөнкү документтер тиркелет:
- 1999-жылдын 16-июнуна чейинки мөөнөттө жеке турак жай курулушун тастыктаган фактылар;
- чектешкен жер пайдалануучулардын жазуу жүзүндөгү макулдугу;
- 1999-жылдын 16-июнуна чейинки мөөнөттө жеке турак жай курулуш фактыларын тастыктаган документтер: анын ичинде коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдөр жөнүндө дүмүрчөктөр, жер салыгын төлөгөндүгү жөнүндө дүмүрчөктөр жана башка документтер болушу мүмкүн.
35. Ушул жобонун 32-пунктунда каралган учурларда жер участогун түзүү ниеттердин баяндалышы, жер участогунун аянты жана анын жайгашкан орду алдын ала каралуучу айыл өкмөтү тарабынан жүзөгө ашырылат.
36. Мамкаттоо жана ушул жобонун 35-пунктунда көрсөтүлгөн тийиштүү ыйгарым укуктуу органдар 5 жумуш күндүн ичинде ушул жобонун 35-пунктунда каралган маалыматтарды көрсөтүү менен тийиштүү корутундуну Ак-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкамалыгына жөнөтүүгө милдеттүү.
Ак-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкамалыгы, Мамкаттоо жана ушул жобонун 35-пунктунда көрсөтүлгөн башка ыйгарым укуктуу органдар берилген маалыматтардын аныктыгы жана корутундуларды, башка зарыл болгон документтерди даярдоодо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жана ушул жобонун ченемдерине ылайыктуулугу үчүн жоопкерчилик тартышат.
Ак-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкамалыгы 1 жумуш күндүн ичинде Мамкаттоонун келип түшкөн материалдарынын негизинде жер участоктун планын тактайт.
37. Ак-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкамалыгы ушул жобонун 35 жана 36-пункттарында каралган мөөнөттүн аяктаган күнүнөн тартып, кийинки күндөн кеч эмес жер участоктун планын бардык тиркелген материалдары менен айыл өкмөтүнө өткөрүп берет.
38. Ушул жобонун 32-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун түзүүгө байланыштуу чыгымдарды төлөө Ак-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкамалыгында, Мамкаттоодо жана башка ыйгарым укуктуу органдарда берилген эсептөөлөргө ылайык жеке жактар (арыз ээлери) тарабынан жүзөгө ашырылат.
39. Айыл өкмөтү жеке турак үй куруу үчүн болжолдуу бериле турган ар бир жер участогу боюнча төмөнкүлөрдү камтыган маалыматтык топтомду түзөт:
- жер участоктун жайгашкан орду (дареги), жер участоктун кадастр номери (болсо);
- ага тиркелген бардык материалдар менен жер участоктун планынын көчүрмөсү;
- курулган жылы жана башка документтер жөнүндө маалыматтар.
40. Түзүлгөн документтер топтому белгиленген тартипте комиссиянын отурумуна чейин үч күндө берилет.
41. Комиссия отурумунун протоколунун көчүрмө бөлүгү айыл өкмөтүнүн токтомун чыгаруу, жер участокко жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны мындан ары жол-жоболоштуруу үчүн негиз болуп саналат.
42. Теплоключенка айыл аймагында жеке турак жай куруу үчүн жер участок берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн токтомунун көчүрмө бөлүгү жана жер участоктун планынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү чечим кабыл алынган күндөн кийин үч күндүн ичинде Кадастр мамлекеттик мекемесинин Каракол Ак-Суу филиалына (Мамкаттоо)тапшырылат.
VII. Жеке турак үйлөр үчүн берилген жер участокторго менчик укуктарын каттоо
43. Жеке турак үй куруу үчүн жер участокко жеке менчик укугуна мамлекеттик актыны жол-жоболоштуруу, каттоо жана берүү Кадастр мамлекеттик мекемесинин Каракол Ак-Суу филиалында (Мамкаттоо) Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген мөөнөттүн ичинде жүргүзүлөт.
Арыз ээси тарабынан укук белгилөөчү документти мамлекеттик каттоого берүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген берүү мөөнөтү бузулганда, арыз ээси Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жоопкерчилик тартат.
44. Жер участокко менчик укугу Кыргыз Республикасынын кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып пайда болот.
45. Жер участоктун чиймеси укук тастыктоочу документтин графикалык бөлүгү катары пайдаланылат.
VIII. Жеке турак үй куруу үчүн жеке менчикке берилген жер участокко менчик укугун кайра жол-жоболоштуруу
46. Арыз ээси айыл өкмөтүнүн пайдасына жеке турак үй куруу үчүн ага менчикке берилген жер участогуна менчик укугунан баш тарткан учурда, бошотулган жер участок комиссия тарабынан Кыргыз Республикасынын муктаж болгон жарандарына кезектүүлүктүн бекитилген тартибинде берилет.
Нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн жер участокко жеке менчик укугунан баш тартуу жөнүндө арыз айыл өкмөтүнүн башчысына жөнөтүлөт.
IX. Корутунду жоболор
47. Теплоключенка айыл өкмөтүнүн жер участогун бөлүп берүү жөнүндө чечими Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.