Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кара-Ой айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз отуз бешинчи сессиясы
2020-жылдын 23-июну № 3
Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнүн үй-бүлѳлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү комитет жѳнүндѳ типтүү жобосу
Үй-бүлѳлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү комитеттер жѳнүндѳ Типтүү жобону бекитүү жѳнүндѳ буйруктарынын негизинде, Кара-Ой айылдык Кеңеши карап талкуулап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнүн үй-бүлѳлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү комитет жѳнүндѳ типтүү жобосу №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин «Бюджет, каржы жана экономика» боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин «Социалдык, экономикалык, маданий тармактарды өнүктүрүү, калкка кызмат көрсөтүү, жаштар саясаты, пенсия, пособие, жеңилдиктер, илим берүү, саламаттыкты сактоо, спортту өнүктүрүү, улуттук каада салтты өрчүтүү, миграция маселелери боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
4. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |
| Тиркеме №1 Кара-Ой айылдык Кенешинин 2020-жылдын 23-июнундагы № 03 токтому менен бекитилди. |
Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнүн үй-бүлѳлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү комитет жѳнүндѳ типтүү жобосу
1.Жалпы жобо
1.1. Үй-бүлѳлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү комитет (мындан ары-Комитет) – бул үй-бүлѳлүк зомбулукту алдын алуу, аялдардын, балдардын, улгайган жана аракетке жѳндѳмсүз жарандардын укуктарын бузуу маселелери боюнча ѳз ара аракеттенүү жана кызматташуу үчүн мамлекеттик органдардын ѳкүлдѳрүнѳн (үй-бүлѳлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чѳйрѳсүндѳгү мыйзамдардын субъекттеринен), жергиликтүү жааматтын мүчѳлѳрү нѳн жана жарандык коомдун ѳкүлдѳрүнѳн турган коомдук башталышта түзүлгѳн, дайыма иштѳѳчү коллегиялуу орган. Комитеттин негизги максаты – үй-бүлѳлүк зомбулукту, үй-бүлѳдѳгү аялдардын жана кыздардын укугунун бузулушун алдын алууга кѳмѳк кѳрсѳтүү.
1.2. Комитет ѳз ишинде Кыргыз Республикасынын үй-бүлѳлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чѳйрѳсүндѳгү мыйзамдарын, ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
1.3. Комитеттин курамына үй-бүлѳлүк зомбулуктан коргоону жана сактоону жүзѳгѳ ашыруучу субъектилер, жергиликтүү ѳз алдынча башаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын аймактык бѳлүнүштѳрүнүн (билим берүү, саламаттык сактоо, ички иштер органдары, социалдык ѳнүктүрүү, юстиция түзүмдѳрү) ѳкүлдѳрү, жергиликтүү жааматтын мүчѳлѳрү жана жарандык коомдун (аксакалдар соттору, аялдар, жаштар кеңештери, бейѳкмѳт уюмдар, кризистик борборлор) ѳкүлдѳрү жана башкалар кирет.
1.4. Комитет коомчулуктун мамлекеттик органдар жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары менен ѳз ара аракеттенүү жана кызматташуу формаларынын бири болуп саналат жана алардын ѳз ара аракеттинин жана кызматташтыгынын башка формалары чектелбейт.
1.5. Комитет маалыматтардын купуялуулугун, жашырындуулугун сактоону жана жашы жете электерге жана аракетке жѳндѳмсүз адамдарга карата үй-бүлѳлүк зомбулук фактыларын кошпогондо, үй-бүлѳлүк зомбулуктан жабыр тарткандар тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгарбоого, ошондой эле маалыматтарды башка субъектилерге берүү жѳнүндѳ жашы жеткен адамдардын макулдугу болгондо, ѳз ишин ыктыярдуу жана акысыз принциптери боюнча туруктуу негизде жүзѳгѳ ашырат.
2. Комитеттин негизги милдеттери
Комитеттин негизги милдеттери болуп тѳмѳнкүлѳр саналат:
2.1.Үй-бүлѳлүк зомбулукту алдын алуу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандык коомдун ѳкүлдѳрүнүн ортосундагы ѳз ара аракеттенүү;
2.2. Адам укуктары, укуктарды коргоо жана сактоо, ошондой эле үй-бүлѳлүк зомбулукту болтурбоо маселерлери боюнча жергиликтүү калкка маалымдоо;
2.3. Жергиликтүү жаамат менен түшүндүрүү жана консультациялык жолугушуларды ѳткѳрүү;
2.4. Үй-бүлѳлүк зомбулукту алдын алуу жана укук коргоо маселелерине байланышкан коомдук демилгелерди талкуулоо жана алдыга жылдыруу;
2.5. Мамлекеттик органдардын жана бейѳкмѳт уюмдардын үй-бүлѳлүк зомбулукту алдын алуу боюнча кѳрсѳткѳн кызматтарынын сапатын жакшыртууга кѳмѳктѳшүү;
2.6. Үй-бүлѳлүк зомбулук маселеси боюнча маалыматтарды жыйноо жана талдоо;
2.7. Маалыматтык-агартуу иши боюнча сунуштарды, сын-пикирлерди даярдоо жана коомчулукта болуп жаткан зомбулук үчүн жоопкерчилигин жана маалымдуулугун жогорулатууга багытталган координациялоону күчѳтүү
3. Комитеттин функциялары
3.1. Комитет ѳзүнѳ жүктѳлгѳн милдеттерди ишке ашыруу үчүн тѳмѳндѳгүдѳй функцияларды аткарат:
3.1.1. Калк менен адам укуктары жана үй-бүлѳлүк зомбулуктарды болтурбоо маселелери боюнча алдын алуу жолугушууларын ѳткѳрүү;
3.1.2. Үй-бүлѳлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга маалыматтык жана консультациялык укуктук жардам кѳрсѳтүү жана аныктоо;
3.1.3. Комитеттин мүчѳлѳрү үчүн кварталына бир жолудан кем эмес окутуу иш-чараларын ѳткѳрүү;
3.1.4. Зарыл учурларда ички иштер органдарына жана прокуратурага үй-бүлѳдѳ жасалган зомбулук фактылары жѳнүндѳ кабарлоо;
3.1.5. Аялдардын, балдардын, улгайган адамдардын коопсуз жашоого болгон укуктарынын бузулган учурларына туруктуу мониторинг жүргүзүү; 3.1.6. Жеке жана жергиликтүү жаамат менен байланышты ѳнүктүрүү жана колдоо;
3.1.7. Үй-бүлѳлүк зомбулукту алдын алуу боюнча коомдук демилгелерди колдоо жана ѳнүктүрүү боюнча аймактар аралык кызматташууну ѳнүктүрүү;
3.1.8. Зомбулуктан жабыр тарткан жарандарга турмуш-тиричиликтин чектеген тоскоолдуктарын жеңүүсү үчүн башка жарандар менен бирдей мүмкүнчүлүктѳрдү камсыз кылуу;
3.1.9. Үй-бүлѳдѳгү зомбулук маселелери жана үй-бүлѳлүк зомбулуктан коргоо механизимдери боюнча маалыматтык ич-чараларды ѳткѳрүүдѳ мамлекеттик мекемелерге жана коомдук бирикмелерге кѳмѳк кѳрсѳтүү
4. Комитеттин мүчѳлѳрүнүн укуктары
4.1. Комитеттин мүчѳлѳрү тѳмѳнкүлѳргѳ укуктуу:
4.1.1.Үй-бүлѳлүк зомбулуктун алдын алуу маселерине байланышкан коомдук демилгелерди короо;
4.1.2.Ченемдик укуктук актылардын жана башкаруучулук чечимдердин долбоорлорун иштеп чыгууга жана коомдук угууларга катышууга;
4.1.3.Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары тарабынан пландаштырылган же кабыл алынган чечимдерди ѳркүндѳтүү боюнча сунуштарды, сын-пикирлерди киргизүү;
4.1.4.Өзүнүн ишине улуттук, эл аралык, эксперттик жана илимий уюмдардын, бейѳкмѳт уюмдардын ѳкүлдѳрүн, ошондой эле айым адистерди тартууга;
4.1.5.Семинарларды, конференцияларды, тегерек столдорду, коомдук угууларды жана башка иш-чараларды уюштурууга жана ѳткѳрүүгѳ;
4.1.6.Комитеттин компетенциясына кирген маселелерди талкуулоого үчүн тийиштүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин, жарандык активисттерди жана жергиликтүү жааматтын жарандарын жыйынга чакырууга;
4.1.7.Коомчулукка, мамлекеттик органдарга, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын комитетке берген сунуштарын, сын-пикирлерин жана башка кайрылууларын четке кагууда аларга маалымдоого;
4.1.8.Мамлекеттик органдарга, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына коомчулук менен ѳз ара аракеттенүүгѳ кѳмѳк кѳрсѳтүү;
4.1.9.Комитеттин белгилүү бир чыгымдарын каржылоо үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган каражаттарды тартууга;
4.2. Комитеттин мүчѳлѳрү байкоочулар катары тѳмѳнкүлѳргѳ катышууга укуктуу:
4.2.1. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын түзүмдүк бѳлүнүштѳрүнүн үй-бүлѳлүк зомбулктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча жыйналыштарына;
4.2.2. Мамлекеттик органдар жана алардын түзүмдүк бѳлүнүштѳрү тарабынан ѳкѳрүлүүчү башка иш-чараларга катышууга.
5.Комитеттин ишин уюштуруу
5.1. Комитеттин ишин жетектѳѳнү мүчѳлѳрдүн ичинен шайланган комитеттин тѳрагасы жүргүзѳт.
5.2. Комитеттин жооптуу катчысы болуп комитеттин ѳкүлү саналат.
5.3. Комитеттин ишин тѳрага жетектейт. Комитеттин жыйналыштарын анын жетекилиги алдында зарылдыгына жараша, бирок айына бир жолудан кем эмес ѳткѳрүлѳт.
5.4. Жыйын комитеттин мүчѳлѳрүнүн жалпы санынын жарымынан кѳбүнүн катышуусу менен ѳткѳрүлѳт.
5.5. Комитеттин чечими комитеттин отурумуна катышкан мүчѳлѳрдүн кѳпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
5.6. Добуштар тең чыккан учурларда комитеттин тѳрагасынын добушу чечүүчү добуш болуп саналат.
5.7. Комитеттин тѳрагасы жок болгон учурда, анын ыйгарым укуктарын комитеттин жыйналышында кѳпчүлүк добуш менен шайланган комитеттин мүчѳлѳрүнүн бири аткарат.
5.8. Комитеттин жыйналышында протокол жазылат, анда бардык алынган чечимдер белгиленет. Протоколго комитеттин тѳрагасы менен жооптуу катчысы кол коет.
5.9. Комитеттин мүчѳлѳрү зарыл болгон учурда, комитеттин чечимдеринин долбоорлору боюнча корутундуларды даярдоого, кезексиз жана кѳчмѳ жыйналыштарды чакыруу боюнча сунуштарды киргизүүгѳ укукту.
5.10. Комитеттин жоопту катчысы комитеттин отурумунун күн тартибин түзүүнү, аны комитеттин мүчѳлѳрүнѳ маалымдоону, комитеттин отурумунда кароого жумушчу материалдардын кѳрсѳтүлүшүн, документтердин комитеттин мүчѳлѳрүнѳ жиберилишин, комитеттин чечимдеринин аткарылышын контролдоону ишке ашырат.
5.11. Комитеттин чечимдери комитеттин бардык мүчѳлѳрүнѳ, башка кызыктар тараптарга тааныштыруу үчүн жиберилет.
5.12. Комитеттин чечимдери тиешелүү уюмдар жана мекемелер тарабынан белгиленген тартипте каралат.
5.13. Комитеттин ишин токтотуу жѳнүндѳ чечим комитеттин мүчѳлѳрүнүн чечими боюнча ишке ашырылат.