Загрузка документа…
КӨК-МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 2-декабры № 49
Көк-Мойнок айылдык кеӊешинин 27.12.2019-жылдагы №30 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
(Көк-Мойнок айылдык кеңешинин 2021-жылдын 13-августундагы № 12 токтомунун редакциясына ылайык)
Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык кеӊешинин депутаттарынын сөздөрүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесинин 4-пунктунун негизинде Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Мойнок айылдык кеңешинин 2.12.2020-жылдагы № 49 токтомуна төмөндөгүдөй болуп өзгөртүү киргизилсин:
Көк-Мойнок айыл аймагынын жеке менчик турак жай куруучулардын суроо-талаптарын канагаттандырып, Ак-Өлөң айылы боюнча бардыгы 122,20 га, масштаб 1:10000 боюнча контурлар ( инв 1994-ж.) № 279-7,0га; 283-7,0га; 281-14,0га; 319-8,96га; 357-2,7га;356-5,85га; 366-0,40га,358-10,05га;359-10,3га;364-1,50га;365-1,82га; 360-7,2га;361-3,0га; 362-3,78га; 368-5,6гага; 336-1,44; масштаб 1:25000 № 950контур 31,20гектар.Көк-Мойнок-1 айылы боюнча бардыгы 81,62га, масштаб 1:25000 контурлар № 29-3,62га;1138-50,0га. №833,897 контурлар 28-га Көк-Мойнок-2 айылы боюнча бардыгы 27,0га контур № 1179. Айыл аймагы боюнча бардыгы 230,82 гектар жер аянты айыл аймагынын тургундарына жеке турак жай куруу үчүн бөлүнүп берилсин.
(Көк-Мойнок айылдык кеңешинин 2021-жылдын 13-августундагы № 12 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Жеке турак жай куруу үчүн Ак-Өлөң айылынан № 279;283;381;282;319контурдагы жер тилкелеринин өлчөмү 0,30гектардан, № 356;358;357;359;364,365,366;
360;361;362;950;0,12гектар өлчөмүндө, Көк-Мойнок-1 айылы боюнча № 1138контурдан 0,12гектардан; №29,833,897контурдагы жер тилкелеринин өлчөмү 0,15 гектардан,Көк-Мойнок-2 айылы боюнча № 1179контурдагы жер тилкелеринин өлчөмү 0,12гектардан болуп белгиленсин.
(Көк-Мойнок айылдык кеңешинин 2021-жылдын 13-августундагы № 12 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Аталган жер тилкелерин калктуу конуштар категориясына трансформациялоо жагы Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4. Токтомдун аткаруу жагы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Джодаев А.Б. |