Загрузка документа…
КР Президентинин 2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 237 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2007-жылдын 4-декабры ПЖ № 530
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ошондой эле мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кызмат орундары боюнча квалификациялык талаптардын бирдейлигин камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы № 385 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын саясый жана атайын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестри" деген № 1 тиркеменин "Саясый мамлекеттик кызмат орундары" бөлүмүндөгү "Кыргыз Республикасынын айрым мамлекеттик органдары" бөлүктөгү III топто "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын зардалынын орунбасары" деген саптан кийин төмөнкү мазмундагы жањы сап кошулсун:
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын зардалынын орунбасары - штабдын зардалы";
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын администрациялык мамлекеттик кызмат орундарынын Реестри" деген № 2 тиркеменин 18-главасы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"18-глава
-----------------------------------------------------------------------
| | Кыргыз Республикасынын Башкы | Кыргыз Республикасынын |
| | прокуратурасы | облустарынын, шаарларынын жана |
| | | райондорунун прокуратуралары, |
| | | адистештирилген прокуратура |
|--|------------------------------------------------------------------|
| | Жогорку кызмат орду |
|--|------------------------------------------------------------------|
|Ж2|Башкы прокуратуранын башкы |Облустун, Бишкек шаарынын, Ош |
| |башкармасынын, башкармасынын |шаарынын прокурору(*) |
| |начальниги (*) | |
| |Башкы прокурордун улук | |
| |жардамчысы(*) | |
|--|--------------------------------|---------------------------------|
|Ж3|Башкы прокуратуранын өзалдынча |Облустун, Бишкек шаарынын, Ош |
| |бөлүмүнүн начальниги(*) |шаарынын прокурорунун биринчи |
| |Борбордун директору(*) |орунбасары(*) |
| |Башкы прокурордун жардамчысы(*) | |
|--|------------------------------------------------------------------|
| | Башкы кызмат орду |
|--|------------------------------------------------------------------|
|Б1|Башкы прокуратуранын башкы |Шаардын, райондун, адистештирил- |
| |башкармасынын, башкармасынын |ген прокуратуранын прокурору(*) |
| |начальнигинин орунбасары |Облустун, Бишкек шаарынын, Ош |
| |Башкы прокуратуранын |шаарынын прокурорунун орунбасары |
| |башкармасынын курамындагы | |
| |бөлүмдүн начальниги | |
|--|--------------------------------|---------------------------------|
|Б2|Башкы прокуратуранын бөлүмүнүн | |
| |начальнигинин орунбасары | |
| |Башкы прокуратуранын секторунун,| |
| |кызматынын начальниги | |
| |Башкы прокуратуранын басмасөз- | |
| |кызматынын жетекчиси | |
|--|--------------------------------|---------------------------------|
|Б3|Башкы прокуратурага караштуу | |
| |өзгөчө маанилүү иштер боюнча | |
| |улук тергөөчү | |
| |Башкы прокуратурага караштуу | |
| |өзгөчө маанилүү иштер боюнча | |
| |тергөөчү | |
|--|------------------------------------------------------------------|
| | Улук кызмат орду |
|--|------------------------------------------------------------------|
|У1|Башкы прокуратуранын башкы |Облустун, Бишкек шаарынын, Ош |
| |башкармасынын, башкармасынын, |шаарынын прокуратурасынын |
| |бөлүмүнүн, секторунун, |башкармасынын, бөлүмүнүн |
| |кызматынын улук прокурору |начальниги |
| |Башкы прокуратуранын башкы |Облустун, Бишкек шаарынын, |
| |башкармасынын, башкармасынын, |Ош шаарынын прокурорунун улук |
| |бөлүмүнүн, секторунун, |жардамчысы |
| |кызматынын прокурору |Шаардын, райондун адистештирилген|
| |Башкы прокуратуранын |прокуратуранын прокурорунун |
| |прокурор-криминалисти |орунбасары |
| | |Облустун, Бишкек шаарынын, |
| | |Ош шаарынын прокуратурасынын |
| | |өзгөчө маанилүү иштер боюнча |
| | |улук тергөөчүсү |
|--|--------------------------------|---------------------------------|
|У2| |Облустун, Бишкек шаарынын, Ош |
| | |шаарынын прокуратурасынын |
| | |башкармасынын, бөлүмүнүн |
| | |начальнигинин орунбасары |
| | |Облустун, Бишкек шаарынын, Ош |
| | |шаарынын прокуратурасынын секто- |
| | |рунун, кызматынын начальниги |
| | |Облустун, Бишкек шаарынын, Ош |
| | |шаарынын прокурорунун жардамчысы |
| | |Облустун, Бишкек шаарынын, |
| | |Ош шаарынын прокуратурасынын |
| | |өзгөчө маанилүү иштер боюнча |
| | |тергөөчүсү |
| | |Облустун, Бишкек шаарынын, Ош |
| | |шаарынын прокуратурасынын улук |
| | |тергөөчүсү |
|--|--------------------------------|---------------------------------|
|У3| |Облустун, Бишкек шаарынын, Ош |
| | |шаарынын прокуратурасынын |
| | |башкармасынын, бөлүмүнүн, |
| | |секторунун, кызматынын улук |
| | |прокурору |
| | |Облустун, Бишкек шаарынын, Ош |
| | |шаарынын прокуратурасынын |
| | |башкармасынын, бөлүмүнүн, |
| | |секторунун, кызматынын прокурору |
| | |Облустун, Бишкек шаарынын, Ош |
| | |шаарынын прокуратурасынын |
| | |прокурор-криминалисти Облустун, |
| | |Бишкек шаарынын, Ош шаарынын |
| | |прокуратурасынын тергөөчүсү |
| | |Шаардын, райондун прокуратурасы- |
| | |нын адистештирилген улук |
| | |тергөөчүсү |
|--|------------------------------------------------------------------|
| | Кенже кызмат орду |
|--|------------------------------------------------------------------|
|К1| |Шаардын, райондун прокуратурасы- |
| | |нын, адистештирилген |
| | |прокуратуранын прокурорунун улук |
| | |жардамчысы |
| | |Шаардын, райондун |
| | |прокуратурасынын, адистештирилген|
| | |прокуратуранын тергөөчүсү |
|--|--------------------------------|---------------------------------|
|К2| |Шаардын, райондун |
| | |прокуратурасынын, адистештирилген|
| | |прокуратуранын |
| | |прокурор-криминалисти |
| | |Шаардын, райондун |
| | |прокуратурасынын, адистештирилген|
| | |прокуратуранын прокурорунун |
| | |жардамчысы |
|--|--------------------------------|---------------------------------|
|К3|Башкы адис |Башкы адис |
| |Жетектөөчү адис |Жетектөөчү адис |
| |Адис |Адис |
-----------------------------------------------------------------------
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |