Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Нарын шаардык кеӊешинин IV чакырылыштагы кезектеги ХХХVI сессиясы
2021-жылдын 2-марты № 7
Нарын шаардык Кеңешинин 20-декабрь 2018-жылдагы кезектеги ХIХ сессиясынын “Нарын шаарынын 2018-2022-жылдарга өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө” №1 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине ылайык, Нарын шаардык мэриясынын “Нарын шаарынын 2018-2022-жылдарга өнүгүү программасына” “Демилгелүү жаштар” долбоорунун алкагында түзүлгөн демилгелүү жумушчу топтун сунуштарын толуктоо катары киргизип берүү тууралуу кайрылуусунун карап чыгып, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы жана экономика, инвестиция жана ишкердүүлүк боюнча” жана “Депутаттык иш, ардагерлер жаштар саясаты, коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссияларынын отурумдарынын протоколдорунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаардык Кеңешинин IV чакырылыштагы кезектеги 20-декабрь 2018-жылдагы ХIХ сессиясынын №1 токтому менен бекитилген “Нарын шаарынын 2018-2022-жылдарга өнүгүү программасы” тиркемеге ылайык толукталсын (тиркеме тиркелет).
2. Токтомду аткаруу Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
Төрага | Ж. Ботоканов |
Тиркеме
Нарын шаарынын социалдык –экономикалык өнүгүү программасына
СУНУШ
№ | Иш-чаранын аталышы | Сарпталуучу акча каражаты | Партнерлор | Жыйынтык |
1. | Нарын шаарында студенттер жана жаштар үчүн ар кандай реферат, дипломдук иштерди, мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ЖРТга даярданыш үчүн рефераттарды чыгарууга, чыгармачыл жаштардын китептерин чыгарууга мини-типография ачуу | Бюджети болжол менен 500 000 сом | Демилгелуу жаштар долбоору | Нарын шаарында арзан баада окуучуларга, студенттерге, мугалимдерге кызмат көрсөтүүчү мини типография ачылат |
2. | Туризм тармагын өнүктүрүү үчүн атайын англис, орус тилдеринде маалымат баракчаларын чыгаруу, атайын бизнес сайт иштелип чыгып, ал жерде Нарын шаарынын тарыхы, маданий объектилер тууралуу маалыматтарды кеңири чагылдыруу | 15 000 сом | Нарын шаардык мэриясы CBT туристтик ишканасы | Туризм өнүктүрүүгө шарт түзүлөт |
3. | Жаштар арасында жеке ишкерликти колдоо максатында атайын өнүктүрүү фондун түзүү, стартап бизнес долбоорлорго жеңилдетилген насыяларды берүү | 500 000 сом | Нарын шаардык мэриясы, Демөөрчүлөр | Жаштардын старт ап бизнестерине коолдоо көрсөтүлөт |
Жооптуу катчы: А.Абдыкеримов