Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезектеги XXXVIII сессиясы
2021-жылдын 22-январы № 38/8
Эпкин айылындагы айылдык клубуна белгилүү кыл кыякчы, композитор Мырзаев Иманкулдун ысымын ыйгаруу жөнүндө
Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу Эпкин айылынын клубуна белгилүү кыл кыяктын чебери, композитор Мырзаев Иманкулдун ысымын ыйгаруу жөнүндөгү 2021-жылдын 4-январындагы Эпкин айылынын тургундарынын жалпы чогулушунун №1 протоколу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августагы № 467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объектилерди атоо, алардын аталыштарын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби” жөнүндөгү жобосунун II- бөлүмүнүн 6-бөлүмчөсүнүн талаптарына ылайык Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эпкин айылынын тургундарынын суроо-талаптары канааттандырылып, Эпкин айылдык клубуна Эпкин айылынын тургуну 1988-жылы туулган кыл кыяктын чебери, композитор маркум Мырзаев Иманкулдун ысымы ыйгарылып, Эпкин айылдык “Мырзаев Иманкул” атындагы клуб деп аталсын.
2. Бул токтомду жетекчиликке алып, тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү жагы Эпкин айылынын башчысы А. Молдонасыровго, айылдык клубунун башчысы Койчуман уулу Алтынбекке тапшырылсын.
Төрага | Т. Токтомушов |