Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 24-декабры ПЖ № 563 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ "Кыргыз Энциклопедиясынын жањы алты томдугун чыгаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 21-январындагы Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын Мыйзамын турмушка ашыруу максатында, ошондой эле көп томдууКыргыз Энциклопедиясын чыгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президен-тине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сунушун эскеалып, токтом кылам: 1. "Кыргыз Энциклопедиясынын жањы алты томдугун чыгаруу жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 21-январындагы № 27Указына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - Указдын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Көп томдуу Кыргыз Улуттук Энциклопедиясын чыгаруу жөнүндө"; 1-пунктта "2002-2007-жылдарда Кыргыз Энциклопедиясынын мамлекеттикжана расмий тилдердеги жањы алты томдугун" деген сөздөр "2002-2015-жылдарда көп томдуу Кыргыз Улуттук Энциклопедиясын мамлекеттиктилде сегиз жана расмий тилде төрт томдугун" деген сөздөр менен алмаш-тырылсын. 2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев