Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2002-жылдын 21-январы ПУ № 27
Көп томдуу Кыргыз Улуттук Энциклопедиясын чыгаруу жөнүндө
(КР Президентинин 2007-жылдын 24-декабрындагы ПЖ № 563, 2015-жылдын 21-октябрындагы ПЖ № 210 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
1. 2002-2015-жылдарда көп томдуу Кыргыз Улуттук Энциклопедиясынын тогуз томдугун чыгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сунушу жактырылсын.
(КР Президентинин 2007-жылдын 24-декабрындагы ПЖ № 563, 2015-жылдын 21-октябрындагы ПЖ № 210 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия 2002-жылдын 1-мартына чейин:
- Кыргыз Энциклопедиясынын жаңы басылышынын концепциясын иштеп чыксын жана бекитсин;
- анын редакциялык коллегиясынын курамын бекитсин;
- башка даярдык көрүү жана уюштуруу иштерин аяктасын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2002-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Мамлекеттик тил фондун жыл сайын бюджеттик финансылоонун, ошондой эле Энциклопедиянын мурда чыгарылган томдорун сатуудан түшкөн каражатты тартуунун эсебинен жогоруда көрсөтүлгөн Энциклопедияны чыгарууну каржылоо механизмин иштеп чыксын.
4. Бул Указдын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысына жүктөлсүн.
5. Бул Указ кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |