Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Н. Исанов айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 11 сессиясы
2020-жылдын 20-июну № 11-3
"Аты коюлбаган көчөлөргө ат берүү "жөнүндө"
Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу Жар-Коргон,Чеч-Дөбө,Кожоке,Байыш айылдарынын айыл башчыларынын билдирүүсүнө, тургундардын суроо-талабына ылайык, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, Н.Исанов атындагы Айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н. Исанов атындагы айыл аймагына караштуу Жар-Коргон,Чеч-Дөбө, Кожоке, Байыш айылдарынын аты коюлбаган көчөлөрүнө мыйзамдуу жагы каралып, ат берүү камсыздалсын.
2. Н.Исанов атындагы айыл аймагынын Байыш, Кожоке, Жар-Коргон, Чеч-Дөбө айылдарынын аты жок көчөлөрүнө тиркемедеги аттарды берүүнү мамлекеттик каттоо бөлүмү менен биргеликте иш жүргүзүү жагы Жооптуу катчы Н.Атаканова жана айыл башчыларга милдеттендирилсин.Тиркеме тиркелет.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Н.Исанов атындагы Айылдык кеңешинин "Экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча" туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Тургунбаевге жүктөлсүн.
Н. Исанов айылдык төрагасы | М. Тойчуев |
№ 7 чакырылышынын кезектеги 11 – отурумунун
(сессиясы) № 11-3 токтомуна № 1 -тиркеме
Жаңыдан ат берилүүчү көчөлөр
К№ | Айылдын аты | Жаңыдан берилүүчү ат |
1 | Байыш айылы Ж-Базар УШК №5375 | 1.Аскарбек Рысбаев Апсатарович |
2 | Чеч-Дөбө айылы УШК №5372 | 1.Ысакбаев Сражидин 2.Маликова Кундуз |
3 | Жар-Коргон айылы УШК №5373 | 1.Тажимамат Алимжанов 2.Маматмуса Орозбаев 3.Айтибай Үсөнов 4.Мамажусуп Жуманазаров 5.Аман Маматов 6.Куштар Касымбеков 7.Шакир Сулайманов 8.С\й\н Орозов 9.Мамат Жапаров 10.Абдылдаев Шарапат |
4 | Кожоке айылы Кошчан УШК №5374 | 1.Абдыранов Исламбек 2.Маматкулов Маматажи |
Жооптуу катчы Н.Атаканова