Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КАРА - СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (ЖЕТИНЧИ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКТЕГИ XIII СЕССИЯСЫНЫН
2021-жылдын 13-январы № 13/5
Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын курамын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген Жобонун 3.3 пунктуна ылайык
Кара-Суу шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы төмөнкү курамда бекитилсин:
1. Ш.Осмоналиев - Кара-Суу шаарынын вице-мэри, комиссиянын төрагасы;
2. С.Исмаилов - Муниципалдык менчикти башкаруу боюнча департаментинин директору, төраганын орун басары;
3. П.Тыныбек уулу - Кара-Суу шаар мэриясынын жетектөөчү адиси (юрист), комиссиянын катчысы
Мүчөлөрү:
4. К.Коңуров - Кара-Суу шаарынын шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын башчысы;
5. М.Абакулов - Коомдук алдын алуу борборунун төрагасы;
6. Э.Кубатбек уулу - Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты;
7. З.Юсупов - Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты;
8. Ы.Чырмашев - Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты;
9. М.Исаков - Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты
2. Бул токтомдун аткарылышы шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, укук, мандат, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
Р.Х.Хатамов |