Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КАРА - СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (ЖЕТИНЧИ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКТЕГИ XIII СЕССИЯСЫНЫН
2021-жылдын 13-январы № 13/12
Кара-Суу шаардык кеңешинин 2021-жылга иш-планын бекитүү жөнүндө
Кара-Суу шаардык кеңешинин 2021-жылга карата иш-планын карап жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу шаардык кеңешинин 2021-жылга карата иш-планын бекитилсин.(тиркеме №1)
2. Иш-планда көрсөтүлгөн иш-чаралар мөөнөтүндө, кынтыксыз аткарууга алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын .
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
Р.Х.Хатамов |
Кара-Cуу шаардык кеңешинин
2021-жылдын 13-январындагы
ХIII сессиясынын №13/12
токтому менен бекитилди
КАРА-CУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН 2021-ЖЫЛГА
ИШ-ПЛАНЫ
№ | Каралуучу маселелер
| Мөөнөтү | Жооптуулар |
1. | 2021-жылдын январь-март айларында Кара-Суу шаарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө 2020-2021-жылдарга карата экономикалык божомолу | I квартал
| Кара-Суу шаарынын мэриясы, шаардык кенештин аппараты жана туруктуу комиссиясы |
2. | Кара-Суу шаарынын 2020-жылга бюджетин аткаруунун отчету | Кара-Суу шаар мэриясынын ФЭБ, туруктуу комиссия | |
3. | Кара-Суу шаар мэриясынын аппаратынын иш алып баруусу жөнүндө | Кара-Суу шаар мэриясы, туруктуу комиссия | |
4. | Кара-Суу шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу боюнча департаментинин 2020-жылда аткарган иштери жөнүндө | Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин директору | |
5. | Кара-Суу шаарында көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык тазалоо боюнча аткарылган иштер боюнча отчет |
II квартал
| Кара-Суу шаар мэриясы, мун.менчик департаменти, «Ак-Мээнет» АК |
6. | «Кара-Суу – Таза-Суу» муниципалдык ишканасынын жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө | Кара-Суу – Таза-Суу» муниципалдык ишканасынын директору | |
7. | Кара-Суу шаарынын инфрастуктурасын жакшыртуу максатында чет элдик инвестицияларды жана гранттарды тартуу боюнча алып барылып жаткан иштери жөнүндө | Кара-Суу шаар мэриясы Кара-Суу – Таза-Суу» муниципалдык ишканасынын директору | |
8. | Кара-Суу шаарындагы мектептерде окуу тарбиялык иштеринин жана шашке тамактарынын уюштурулушу, жаш өспүрүмдөр арасына кылмыштуулуктун алдын алуу жөнүндө | Ш.Осмоналиев Б.Муминов Р.Джумашева Мектеп директорлору, ИДН, шаардык участкалык инспекторлор, туруктуу комиссия | |
9. | Кара-Суу шаар мэриясынын укук коргоо органдары менен бирдикте коомдук тартипти камсыз кылуу, укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча коомдук алдын алуу борборлорунун жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү жөнүндө | Кара-Суу шаар мэриясы, туруктуу комиссия | |
10. | Кара-Суу шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2021-жылдын биринчи кварталындагы жыйынтыктары жана экинчи кварталындагы милдеттери жөнүндө |
III квартал
| Кара-Суу шаар мэриясы, ФЭБ, туруктуу комиссиялар |
11. | Мектеп жана мектепке чейинки мекемелердин жаңы окуу жылына даярдыктары жөнүндө | Кара-Суу шаарынын мэриясы, туруктуу комиссиялар | |
12. | «Кара-Суу шаарынын калкынын жана экономика тармактарынын 2021-2022-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдыктары жөнүндө» | Кара-Суу шаарынын мэриясы, туруктуу комиссиялар | |
13. | Кара-Суу шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 9 айында социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндө | IV квартал
| Кара-Суу шаарынын мэриясы |
14. | Кара-Суу шаарынын шаар куруу жана архитектура башкармасынын башчысынын отчету | Кара-Суу шаарынын шаар куруу жана архитектура башкармалыгы | |
15. | Кара-Суу шаарынын мэринин 2021-жылы аткарган иштери боюнча отчету | Кара-Суу шаарынын мэри | |
16. | Кара-Суу шаарынын мэриясынын 2021-жылдын жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндө |
| Кара-Суу шаар мэриясы, ФЭБ, туруктуу комиссия |
Уюштуруу-практикалык ишчаралар
| |||
17. | Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамына ылайык шаардын аймагында көрнөк-жарнактарды тартипке келтирүү иштерин жүргүзүү | дайыма | |
18. | Кара-Суу шаарындагы жаштар комитеттери, маданият кызматкери менен биргеликте элдин ынтымагы, биримдигин даңазалаган маданий массалык иш чараларды өткөрүү | ай сайын | |
19. | Шаардагы билим берүүчү мектептерде окуучулардын билим алуусун сапаттык көрсөткүчүн жогорулатуу боюнча иш план түзүү | январь | |
20. | Мыйзамсыз курулуштар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди жандандыруу | квартал сайын | |
21. | Өндүрүш процессине оперативдүү таасир тийгизүү максатында шаардын өнөр жай ишканаларынын иштерин талдоо жана мониторинг жүргүзүү | дайыма | |
22. | Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун туруктуу чараларын көөрүнү уюштуруу, тиешелүү чечимдердин аткарылышын камсыз кылуу | дайыма | |
23. | Шаардын укук коргоо органдарынын коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча жүргүзүп жаткан иштеринин жыйынтыгын квартал сайын кароо | квартал сайын | |
24. | Кыргыз Республикасынын кесиптик майрамдарына жана даталуу күндөргө байланышкан иш-чараларды сапаттуу жана уюшкандыкта өткөрүүнү камсыз кылуу | дайыма | |
Кара-Суу шаардык
кеңешинин жооптуу катчысы А.Кебекбаева