Загрузка документа…
КР Президентинин 2018-жылдын 17-майындагы ПЖ № 123 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 10-январы № 7
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Ысыккөл, Соњкөл көлдөрүндө жана Кыргыз
Республикасынын башка көлмөлөрүндө балык запастарын
сактоо жана көбөйтүү боюнча чаралар жөнүндө
Ысыккөл, Соњкөл көлдөрүндө жана республиканын башка көлмөлөрүндө
балык запастарын сактоо жана көбөйтүү үчүн ыњгайлуу шарттарды камсыз
кылуу максатында, ошондой эле Ысыккөл облусунун губернаторунун сунушун
эске алып, токтом кылам:
1. Ысыккөл, Соњкөл көлдөрүндө илим максаттары, көбөйтүү, ошондой
эле ышкыбоздук балык кармоочулук үчүн балык кармоо учурларынан тышкары,
балыктын бардык түрүн кармоого 2 жылдык мөөнөткө мораторий киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө:
- Ысыккөл, Соњкөл көлдөрүндө балыктын бардык түрүн кармоого 2 жыл-
дык мөөнөткө мораторийди мыйзам менен бекитүүнү, балык чарбасын өнүктү-
рүүнүн фондун түзүү жол-жоболорун жөнгө салууну, ошондой эле балыкты
мыйзамсыз браконьердик кармагандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнү кара-
ган мыйзамдардын долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешинин кароосуна киргизсин;
- төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана бекитсин:
- илим максаттары, көбөйтүү жана ышкыбоздук балык кармоочулук үчүн
балык кармоонун тартиби жөнүндө Жобону;
- балык запастарын сактоо жана кењейтип көбөйтүү, аларды эсепке
алуу жана сарамжалдуу пайдалануу, балык продукциясынын алынышын жогору-
латуу боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алууну караган республиканын
балык чарбасын өнүктүрүү Программасын;
- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлигинин системасында балык инспекциясын түзүүнүн, ошондой
эле Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ысыккөл биоло-
гиялык станциясынын базасында балык өстүрүүчүлүк жана аквакультура бо-
юнча илимий-өндүрүштүк борборду түзүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө
маселени карап чыксын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Адми-
нистрациясына сунуш киргизсин;
- Ысыккөл, Соњкөл көлдөрүндө жана республиканын башка көлмөлөрүндө
браконьердикке каршы күрөшүү, балык запастарын коргоо боюнча ишчаралар-
ды үзгүлтүксүз уюштуруп жана өткөрүп турсун.
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социал-
дык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев