Редакцияот 17,05,2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2018-жылдын 17-майы ПЖ № 123

Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин мурда кабыл алынган чечимдерин инвентаризациялоонун алкагында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 31-июлундагы № 236 "Кыргыз Республикасында нефтини жана жаратылыш газын казып алууну арттыруу жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 10-январындагы № 7 "Ысыккөл, Соңкөл көлдөрүндө жана Кыргыз Республикасынын башка көлмөлөрүндө балык запастарын сактоо жана көбөйтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 24-декабрындагы № 460 "Капиталды жана мүлктөрдү мыйзамдаштыруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгы.

2. Ушул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Президент

 

С. Жээнбеков