Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2021-жылдын 24-февралы № 4
"Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдарындагы көчөлөргө татыктуу инсандардын ысымдарын ыйгаруу жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген "Географиялык аталыштарды жана обөекттерди каттоонун жана аларга аталыштарды ыйгаруунун тартиби жөнүндө" Жобонун жана көчөлөрдүн тургундарынын жалпы чогулушунун протоколунун негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
I.Отуз-Адыр айылынын Жибек-Жолу аталышындагы көчөсүнө Беделов Даврандын ысымы ыйгарылсын.
2.Отуз-Адыр айылынын Зымырык участкасындагы жаңы көчөгө Кабылов Закирдин ысымы ыйгарылсын.
3.Отуз-Адыр айылынын Зымырык участкасындагы жаңы көчөгө Кадырбек уулу Мухтардын ысымы ыйгарылсын.
4.Отуз-Адыр айылынын Зымырык участкасындагы жаңы көчөгө Сатыбаев Жамшуттун ысымы ыйгарылсын.
5.Отуз-Адыр айылынын Достук көчөсүнүн бир бөлүгүнө жана Орунбаева Санталат атындагы көчөгө Аматов Тешебайдын ысымы ыйгарылсын.
6.Ынтымак айылынын Жаңы Мамажан көчөсүнөн Ош-Бишкек автожолуна карай кетүүчү көчөгө (жолго) Козуев Самидиндин ысымы ыйгарылсын.
7.Ынтымак айылынын Жаңы Мамажан аталышындагы көчөсүнө Аттокуров Мыйманбайдын ысымы ыйгарылсын.
8.Ынтымак айылынын Борбордук аталышындагы көчөсүнө Нышанов Топчунун ысымы ыйгарылсын.
9.Фархад айылынын Маданият аталышындагы көчөсүнө Хакимов Сайит-Мураттын ысымы ыйгарылсын.
10.Фархад айылынын Жаштар аталышындагы көчөсүнө Акбаров Абдумаликтин ысымы ыйгарылсын.
11.Фархад айылынын Ынтымак аталышындагы көчөсүнө Юсупов Аббастын ысымы ыйгарылсын.
12.Фархад айылынын Оомат аталышындагы көчөсүнө Пазылов Насирдин ысымы ыйгарылсын.
13.Жаңы-Кызыл-Суу айылынын Ынтымак аталышындагы көчөсүнө Бапалаев Полотбектин ысымы ыйгарылсын.
14.Жаңы-Кызыл-Суу айылынын Жору аталышындагы көчөсүнө Камчыбеков Шарабидиндин ысымы ыйгарылсын.
15.Беш-Кепе айылынын Кайрат аталышындагы көчөсүнө үркүнбаев Абдисатардын ысымы ыйгарылсын.
16.Кызыл-Абад айылынын С.Эрмеков-1 аталышындагы көчөсүнө Токтобаев Бегматтын ысымы ыйгарылсын.
17.Кызыл-Абад айылынын Жогорку көчөсүнүн Жамаева Бегайымдын үйүнөн Пазылов Ырысбектин үйүнө чейинки бөлүгүнө Жамаев Сатыбалдынын ысымы ыйгарылсын.
18.Кызыл-Абад айылынын Корпус аталышындагы көчөсүнө Джунусов Абдимажиттин ысымы ыйгарылсын.
19.Кара-Дөбө айылынын Мектеп аталышындагы көчөсүнө Сарыбаев Арзыбайдын ысымы ыйгарылсын.
20.Кара-Дөбө айылынын жаңы көчөсүнө Калыбек уулу Мураттын ысымы ыйгарылсын.
21.Кара-Дөбө айылынын Канал аталышындагы көчөсүнө Жумаев Амалбектин ысымы ыйгарылсын.
22.Кыш-Абад айылынын Центр Ток аталышындагы көчөсүнө Исматов Рыскулдун ысымы ыйгарылсын.
23.Кыш-Абад айылынын Жаңы Турмуш көчөсүнүн күн чыгыш тараптагы бөлүгүнө Базарбаева Калыя ажы апанын ысымы ыйгарылсын.
24.Кыш-Абад айылынын Черемушка көчөсүнүн бир бөлүгүнө Сатинбаев Капарбайдын ысымы ыйгарылсын.
25.Кыш-Абад айылынын Жаңы Турмуш көчөсүнүн күн батыш тараптагы бөлүгүнө Саданов Акимдин ысымы ыйгарылсын.
26.Кыш-Абад айылынын Черемушка аталышындагы көчөсүнө Анапияев Камбардын ысымы ыйгарылсын.
27.Кыш-Абад айылынын Пионер аталышындагы көчөсүнө Садыков Жунустун ысымы ыйгарылсын.
28.Кыш-Абад айылынын Комсомол аталышындагы көчөсүнө Туйчиев Шеркузунун ысымы ыйгарылсын.
29.Кара-Дөбө айылынын Кара-Дөбө көчөсүнүн төмөнкү бөлүгүнө (Аданов Жылдыздын үйүнөн Жумаев Жоробектин үйүнө чейинки бөлүгү) Эрмеков Жуманын ысымы ыйгарылсын.
30.Кара-Дөбө айылынын Кара-Дөбө көчөсүнүн жогорку бөлүгүнө(Ташматов Жеңиштин үйүнөн Ош-Бишкек автожолуна чейинки бөлүгү) Нуркулов Базибайдын ысымы ыйгарылсын.
II.Тиешелүү иш кагаздарын даярдап,талап кылган инстанцияларга тапшыруу айылдык Кеңештин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсөн.(А.Беделов)
III.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басарына тапшырылсын.(А.Адашов)
Төрага | Н.Калматов |