Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешине жооптуу катчынын штатын бекитүү жөнүндө
2020-жылдын 10-июну № 45/1
Гүлчө айылдык округунун жооптуу катчысы С.Шамшиева эмгек өргүүсүнө чыккандыгына байланыштуу убактылуу милдеттин аткаруучу болуп Гүлчө айыл өкмөтүнүн убактылуу жооптуу катчысынын милдеттин аткаруучу С.Каришовдун
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы №124 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жана 2020-жылдын 5-февралындагы №64 "Айылдык кеңештердин акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомдорунда калкы 6001 ден жогору болгон айыл аймактарынын айылдык кеңештеринде жооптуу катчынын штаттык кызмат орду жана айлык акылары каралган. Гүлчө айыл аймагында калкынын саны 2020-жылдын 1-январына карата 17973 адамды түзгөн. Жогорудагынын негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл аймагында калкынын саны 2020-жылдын 1-январына карата 17973 адамды түзгөндүктөн, айылдык кеңешине жооптуу катчы штаттык кызмат орду бекитилсин.
2. Айылдык кеңештин жооптуу катчысынын айлык акысын эсептөө үчүн токтомдун бир нускасы Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Алай башкармалыгына берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гүлчө айыл округун айылдык кеңешинин төрагасы |
Жээнбеков Д |