Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кенешинин 6-чакырылышынын 49-отуруму
2020-жылдын 9-ноябры № 49/1
Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Гүлчө айылындагы № 7 мектепке чейинки билим берүү уюмунун жылытуу системасын алмаштыруу жана от казан куруу боюнча сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө
Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Гүлчө айылындагы № 7 мектепке чейинки билим берүү уюмунун жылытуу системасын алмаштыруу жана от казан куруу боюнча сунуш кылынган долбоорду карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 230 токтомуна негизденип Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Гүлчө айылындагы №7 мектепке чейинки билим берүү уюмунун жылытуу системасын алмаштыруу жана от казан куруу үчүн жалпы 3 178 236 (үч миллион бир жүз жетимиш сегиз мин эки жүз отуз алты) сомдук долбоордо көрсөтүлгөн өздүк салымы сом акча каражаты талап кылынат 20% 635 647 (алты жүз отуз беш мин алты жүз кырк жети) сомдук өздүк салымды Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетине сунушталып бөлүнүп берилсин.
2. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке милдеттендирилсин.
Гүлчө айыл округун айылдык кеңешинин төрагасы |
Жээнбеков Д |