Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кенешинин 6-чакырылышынын кезектеги 52-отуруму
2020-жылдын 30-декабры № 52/1
Айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын социалдык-экономикалык планынын аткарылышы жана 2020-жылдарга жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жана калкты социалдык коргоонун программаларын бекитүү боюнча
Гүлчө айылдык округунун жооптуу катчысы С.Шамшиева эмгек өргүүсүнө чыккандыгына байланыштуу убактылуу милдетин аткаруучу болуп Гүлчө айыл өкмөтүнүн убактылуу жооптуу катчысынын милдетинин аткаруучу С.Каришовдун кандидатурасын карап,угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Гүлчө айыл округун айылдык кеңешинин төрагасы |
Жээнбеков Д |
Тиркеме №1
Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-кварталына карата аткарылышы боюнча
отчету
3.Гүлчө айыл өкмөтүнүн киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы
Жалпы Гүлчө айыл өкмөтү боюнча кирешелер салыгы 4-кварталга 30795,0 миң сом план бекитилсе, аткарылганы – 26443,5 миң сомду түзөт.
6. Ата мекендик жана чет элдик инвестиция тартуу,капиталдык курулуш жана
инвентарлар сатып алуу.
Гүлчө айыл өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 9-айына карата аткарылган иштер:
Жалпы 4307,5 миң сом анын ичинен жергиликтүү бюджеттен -2186,9 миң сом,республикалык бюджеттен- 536,4 миң сом, демөөрчүлөрдөн 736,2 миң сом жана сырткы инвестиция -848,0 миң сом.
1.жолбун ит, мышыктарды атууга -30,0 миң жергиликтүү бюджеттен
2.виргин карагайларын отургузууга-345,0 миң
3.көчөттөрдүн айланасын тосууга-125,0миң сом
4.№4 б/бакчага ажааткана курууга-153,0миң сом
5.а/ө бирдиктүү терезе орнотууга-125,6 миң сом
6.COVID-19 оорусуна-189,0 миң сом
7.Адышев мектебинин жанындагы ичүүчү таза суунун документтерине -42,5 миң сом
8.№2б/бакчасына шейшептерди алуу үчүн-145,3 миң сом
9.№7б/бакчасына мебель алууга жана пластик айнек терезелерге-103,5 миң сом
10.Адышев мектебине инвентар алууга 50,0 миң жер бюдж сырткы инвестициядан 400,0 миң сом
11.Saferworld коомдук фонду тарабынан айыл өкмөтүнө заманбап ажааткана куру-115,0 миң сом жерг бюдж тышкы инвестиция -340,0 миң сом
12.Ас-Сафа коомдук фонду тарабынан курула турган үйлөрдүн документтерин даярдоого -75,2 миң сом
13.Айыл өкмөтүндө 447 кап ун мат резервден берилди-536,4 миң сом республикалык бюджеттен,
14.жеке ишкер Базарбай у У тарабынан 11 үй бүлөөгө пакет берилди-8,8 миң сом жеке ишкер
15.жеке ишкер У.Примов тарабынан 260 кап ун берилди-312,0 миң сом жеке ишкер
16.жеке ишкер Б.Ибраимов тарабынан 15 үй бүлөөгө ун берилди-9,0 миң сом жеке ишкер
17.Өзбекстандан 90 кап ун жардам катары берилди-108,0 миң сом тышкы инвестиция
18.Датка такси демөөрчүлөрү тарабынан 32 адамга пакет берилди-6,4 миң сом жеке ишкер
19.таштанды чыгарууга-290,0миң сом жергиликтүү бюджеттен
20.галереяны ремонттоого жана реставрациялоого- 397,8 миң сом жерг бюджет
21. светофор орнотууга -400,0миң со демөөрчүлөрдөн
2. 2020-жылдын 1-апрелине карата Гүлчө айыл өкмөтү боюнча 446 жаран балдарына жөлөк пул алууда.
3. 2020-жылдын 10-январь күнү 1984-жылы туулган балдар демөөрчүлүк кылышып, турмуш шарты оор 30 адамга 22 000 сомдук азык-түлүк таратышты.
4. 15–февраль күнү Ооган согушунун 31 жылдыгына карата «Жеңиш» аянтында салтанат өтүп, андан кийин ардагерлерге «Чолпон» кафесинде райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан сый тамак уюштурулду жана акчалай материалдык жардам берилди. Ошол эле күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Примов Улан Бердибаевич тарабынан 500 кг. дан көмүр таратылды.
5. 2020-жылдын март айында Гүлчө айылынын С. Молдокулов көчөсүнүн №13 үйүнүн тургуну 1955-жылы туулган Эргешова Салиманын көз оорусу боюнча майыптыгына
байланыштуу Андижан шаарынан дарыланып келүү үчүн 5000 (беш миң) сом акча каражаты берилди.
6. 2020-жылдын апрель айында коронавирус оорусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаалды эске алып Гүлчө айылындагы 26 жалгыз бой жарандардын 23нүн үйү дезинфекцияланды.
7. Гүлчө айыл өкмөтүндө учетто турган 25 анын ичинен 3 бациллядык түрү (МБТ+) кургак учук оорусу менен ооруган жарандардын тизмеси Алай райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан алынып, аларга материалдык жардам берүү боюнча көзөмөлгө алынып, «Датка такси» ишканасынын демөөрчүлүгү менен кургак учук оорусу менен ооруган 20 адамдын жана 13 ДЦП оорусу менен ооруган 13 жаш баланын ар бирине 2000 сомдук 13 түрлүү азык түлүк жана айыл өкмөтүнөнтаратылды
8. Айыл өкмөтүндө катталган калктуу конуштардагы калктын аярлуу катмарларына
ар тараптуу жардам көрсөтүү үчүн демөөрчүлөрдү тартуу жана коомдук эмес уюмдар менен иш алып баруу колго алынып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Примов Улан Бердибаевичтин демөөрчүлүгү алдында келген ундан 279 аярлуу катмардыгы адамдарга 25 кг. дан жалпы 8 тонна ун таратылды.
-- Гүлчө айылындагы жеке ишкер Ибраимов Болот тарабынан жардамга муктаж 14 жаранга 25 кг. дан ун, ал эми Базарбай уулу Уланбек тарабынан жардамга муктаж 11 жаранга азык түлүк таратылды.
9. Кыргыз Республикасынын материалдык резеревдер фондунан 414 жөлөкпул алуучу жаранга жана 30 жардамга муктаж жаранга 50 кг.дан жалпы 22 тонна 350 кг. ун жана Өзбекстан Республикасы тарабынан 90 жардамга муктаж жаранга 50 кг.дан жалпы 4 тонна 500 кг.ун таратылды.
Учурдагы COVID-19 вирусунун жайылышынан улам пайда болгон кырдаалга байланыштуу Гүлчө айылындагы Борбордук базар менен автобекеттеги соода кылуучу точкаларга ар аптанын биринчи күнүн санитардык күн деп жарыялоо менен дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү күнү деп жарыяланып, борбордук базар менен автобекеттин жетекчилерине билдирүү жана эскертүү берилди.
21. 1-июнь балдарды коргоо күнү өлкөбүздөгү оор кырдаалга байланыштуу жаш балдарга карата оюн-зоок кечелери өткөрүлгөн жок. Ошондуктан 13 тоголок жетим жана
21 жарым жетим балдардын үйлөрүнө барып, ар бир балага акчалай жардам берилди.
22. Материалдык жардам сурап арыз менен кайрылган төмөндөгү жарандарга:
-- Сыдыков Шермаматка 3000 сом, Абдырахманов Памирге 2000 сом, Атагелдиева Элнурага 2000 сом, Ажибаева Алиймага 5000 сом акчалай жардам берилди.
8. Өзгөчө кырдаалдар боюнча аткарылган иштер:
Өзгөчө кырдаалдардын алуу боюнча Таш-Короо айылына 18 чатыр жана Чакмак айылына 2 чатыр тигилип, ӨКМ тарабынан жыйналып алынды.Жай айынжа балдардын көлмөлөргө жана дарыяга түшүүгө тыюуу салынып,Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Нарматов жана Алымбек датка көчөлөрүнө эскертүүлөр жазылып илинди.Азыркы кырдаалга байланыштуу ӨКМ дин Ош областык башкармалыгынын Жапалак айылындагы кампасынан чатырлар алынып келинген.Ош шаардык ӨКМ башкармалыгынан дезинфекция жүргүзүү үчүн хлорлор алынып келинип Алай райондук ӨКМ бөлүмүнө берилген. Достук чек ара постунан Өзбекстан Республикасынан дезинфекция үчүн хлор алынып келинген,Ош шаардык ӨКМден төшөктөр алынып келинип Гүлчө айылындагы 70 орундуу обсервацияга берилген.Гүлчө айылындагы ички көчөлөрүн дезинфекция жасоо үчүн Гүлчө тазалык ишканасынын МАЗ автоунаасы дезинфекция иштерин жүргүздү. Гүлчө айыл өкмөтүнүн тургундарынын ден-соолуктарына кам-көрүү,алардын коопсуздугун камсыз кылуу жана коронавирус COVID-19 инфекциясынын жайылышына бөгөт коюуу максатында ушул оорудан каза болгон адамдардын денесин жерге берүү учурунда койгон адамдарга айыл өкмөтү тарабынан атайын кийимдер алынып берилип жатат.
Тиркеме №2
Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2021-жылдарга жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жана калкты социалдык коргоонун өнүгүү планы
Киришүү
Гүлчө айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиясы – негизги документ болуп саналат. Өнүгүү планын түзүү, анын миссиясы жана келечекти көрө билүүсүн аныктоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына өнүгүүнүн максаттарын жана милдеттерин ишке ашырууга көмөктөшөт.
Өнүгүү план коомчулуктагы бардык маселелерди чечпейт, анткени бул жалпы план эмес, өнүгүү план тек гана экономикалык өнүгүүнүн натыйжалуу жолдорун гана аныктады, мындай ыкма коомчулук белгилеген негизги приоритетке (жумуш орду жана үй бүлөлүк киреше) түздөн - түз салымын кошот.
Стратегияны иштеп чыгуу процесси жана методикасы
Гүлчө айыл өкмөтүнүн өнүгүү планынын негизги максаты – бардык тармактын натыйжалуу иштөөсүн, келечекте айыл өкмөтүнүн экономикасынын стабилдүү өнүгүүсүн, туруктуулукту камсыз кылуу. Айыл өкмөтүнүн өнүгүү планы атайын адистердин: айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары С.Каришов, ФЭБ башчысы-М.Тажикова , статист экономист- Г.Ашимова, социалдык кызматкер–А.Раимкулов жанаайыл башчылардын жардамы менен иштелип чыкты.2018-2023-жылдарга карата Гүлчө айыл өкмөтүнүн өнүгүү планын иштеп чыгууда айыл өкмөтүнүн бүгүнкү күндөгү абалын, жаратылыш шарттарын, географиялык жайгашуусун жана материалдык сырьелук базасын эске алуу менен узак мөөнөттүү, реалдуу иш чараларды иштеп чыгуу бүгүнкү күндүн негизги талаптары экендиги эске алынды.
I Гүлчө айыл өкмөтү тууралуу маалымат
1.1 Административдик территориялык бөлүнүшү
Гүлчө айыл өкмөтү Алай районунун Ош облусуна карайт. Гүлчө айыл өкмөтү
20.03.1996-жылдан баштап Гүлчө айыл өкмөтү болуп уюштурулган. Айыл өкмөтүнүн карамагына 6 айыл кирет.Алар Таш-Короо,Кара-Булак,Жылы-Суу,Чакмак,Курманжан-датка айылдары. Айыл өкмөтү райондун борборунда жайгашып, түндүк-батыш жактан бийиктиги 1700 м Чыйырчык ашуусу Кара-Суу району менен чектешип жана түндүк-чыгыш жактан Жошолу, Коңур Дөбө айыл өкмөттөрү менен, чыгыш тараптан Будалык айыл өкмөтү менен чектешип, Улуу Жибек жолу Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Короо,Жылы-Суу,Гүлчө,Чакмак айылдары аркылуу өткөн.
1.2. Территориясы.
Жалпы аянты - 88,43 кв.км
Деңиз денгээлинен бийиктиги - 1700-2585 метр
Областтын борборуна чейинки аралык - 85 км
Райондун борборуна чейин - 0-25 км
Аэропортко чейин (Ош ш.) - 97 км
1.3. Жаратылыш-климаттык шартына мүнөздөмө
Климаты тез өзгөрүлмөлүү,кыш мезгили 4-5 айга чейин өкүм сүрөт.Жаз,жай
мезгилиндеги жаандан,тоо кыркаларындагы суулардын топтолушунан Гүлчө,
Жылы-Суу,Жошолу дарыяларында суу ташкындары жүрүп, сел басуу коркунучтары
күтүлүп турат.Климаттын өзгөрүп турушунан улам Чакмак, Таш-Короо,Жылы-Суу
айылдарында жаз мезгилинде жер көчкү болуп турат.Таш-Короо айылына жаз апрель,
май айларында келет.
1.4. Жаратылыш ресурстарына, жаныбарлар дүйнөсүнө мүнөздөмө
Суулары: Гүлчө дарыясы, Жошолу дарыясы Курманжан Датка айылын аралап күңгөй каналы өтөт.
Каналдары:Гүлчө айылынын эли Гүлчө айылына кирген эки каналдан Семеновский жана Артхозовский каналдарынан тамарка жерлерин сугарышат.
Тоо этектери менен тоолордо - коен, чычкан, кашкулак, түлкү,
карышкыр, чөө, доңуз;
Токойлордун тилкесинде кемирүүчүлөрдөн - токой чычкан, арс чычкан, суусар;
Куштардан - бүркүт, кыргый, кекилик, таркылдак, чаар карга, улар, жору, таскара;
Тоолордо – аркар, тоо эчки, илбирс, кызыл суур мекендейт.
Сууларда –Асман жана маренка балыктары бар
Жердин шарты Таш-Короо, Жылы-Суу, Кара-Булак айылдарында мал чарбачылыгына жана дыйканчылыкка ылайыкташылган.
1.5. Жер кыртышынын түзүлүшү жана анын пайдаланышы.
Жердин катмары ачык күрөңдүү, кээ бир айылдарда кара топурактуу. Таш-Короо, Жылы-Суу, Кара-Булак, Чакмакайылдарындагы айрым участкаларда жер кыртышы кара топурактуу келип, картошка өндүрүүгө шарты ынгайлуу. Ал эми Гүлчө, Курманжан-Датка айылдарында калктын жыш жайгашкандыгына байланыштуу жер ресурстары жетишсиз. Там аркаларында мөмө-жемиштин бир аз түрлөрү өстүрүлүп, жеке өздөрүн гана камсыз кыла алышат.
Жан башына жер үлүшүнүн бөлүнүшү кайрак айдоо 0,02 га дан 010 га чейин , чөп орундуу жер 0,12 га дан 0,22 га чейин түзөт. Географиялык өзгөчөлүктөрүнө жараша айыл чарбасына жарактуу жерлердин жоктугунан Гүлчө, Курманжан-Датка айылдардан үлүшкө жер бөлүнгөн эмес.
Жалпы жер ресурстарын пайдалануунун көрсөткүчтөр(өзгөрүүсүз)
| Жалпы жер аянты | % менен | А.чарбасына жарактуу жерлер | % менен |
Гүлчө а/өкмөт боюнча | 88,43 кв.км. | 1,16 | 8134 га | 2,05 |
Район боюнча | 7581,98 кв.км | 100 | 396312 га | 100 |
Гүлчө айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү Фондусунда 284 га жер, анын ичинен 75 га кайрак айдоо,209 гачөп орунду жерлер бар.
Кайра болүштүрүү Фондусунун экспликациясы
Айылдын аталышы | КБФ нун жери | Анын ичинен | Арендага берилген | ||
Кайрак айдоо | Чөп орундуу | Кайрак айдоо | Чөп орундуу | ||
Гүлчө | - | - | - | - | - |
Курманжан -Датка | - | - | - | - | - |
Чакмак | 58,6 | 9,3 | 49,3 | 5,3 | 14,3 |
Жылуу-Суу | 64,4 | 18,2 | 46,2 | 13,2 | 21,2 |
Кара-Булак | 21,6 | 14,1 | 7,5 | 9,1 | 7,5 |
Таш-Короо | 139,4 | 33,4 | 106,0 | 33,4 | 58,0 |
Гүлчө а/ө боюнча: | 284,0 | 75,0 | 209,0 | 61,0 | 101,0 |
Бирок, кийинки учурларда болгон жер көчкүдөн Гүлчө айылындагы Жаңы-Савайучасткасынан 11,85га, Таш-Короо айылынан 0,41га, Жылы-Суу айылынан 0,09га тамарка, Чакмак айылындагы Сасык-Булак участкасынан 11,28га үлүш, Чакмак участкасынан КБФнын жеринен 4га кайракы айдоо, 10га чөп орундуу жер жараксыз абалга келип пайдаланылбай келе жатат.
1.4. Айыл өкмөтүнүн ресурстук базалары.(ар бир жылда такталат)
№ | Аталышы | Саны | |
1 | Өзүн өзү башкаруучу жамааттык уюмдар | 94 | |
2 | Өкмөттүк эмес уюмдар | 3 | |
3 | Эл аралык уюмдар | 2 | |
4 | Коомдук уюмдар: | 30 | |
- | аксакалдар соттору | 6 | |
- | аксакалдар кеңеши | 6 | |
- | аялдар кеңеши | 6 | |
- | жаштар комитеттери | 6 | |
- | ата-энелер комитеттери | 9 | |
- | КААБ | 1 | |
5 | Финансы компаниялар, банктар | 8 | |
6 | Дыйкан чарбалар | 405 | |
7 | фермердик чарбалар | 413 | |
|
| Жалпы саны | Иштеп каттоодон өткөнү |
|
|
| 2017-ж |
8 | Тегирмендер | 9 | 2 |
9 | Техобслуживаниелер | 8 | 12 |
10 | Акционердик коомдор | 3 | 3 |
11 | Бут кийим ондоочу жайлар | 2 | 2 |
12 | Набайканалар | 21 | 8 |
13 | Мебельный цехтер | 2 | 3 |
14 | Пилораммалар | 2 | 2 |
15 | Пахта тазалоочу жайлар | 1 | 2 |
16 | Сүрөт чыгаруучу жайлар | 7 | 7 |
17 | Чачтарачтар | 8 | 7 |
18 | АЗСтер | 8 | 8 |
19 | Аптекалар | 13 | 13 |
20 | Ветеринардык аптекалар | 3 | 3 |
21 | Ветсервистер | 3 | 3 |
22 | Тигүү цехтери | 3 | 4 |
23 | Вулканизациялар | 4 | 5 |
24 | Темир ширетүүчү цехтер | 3 | 3 |
25 | Акы алып кызмат көрсөтүү | 2 | 2 |
26 | Калкка технологиялык маалымат берүү | 2 | 2 |
27 | Песко блок чыгаруу | 2 | 6 |
28 | Ашканалар | 36 | 41 |
29 | Дукон , комоктор | 120 | 68 |
30 | Жеке ресторандар | 5 | 4 |
31 | Тоок фермалары | 3 | 3 |
32 | Коомдук мончо | 3 | 6 |
33 | Бөдөнө ферма | 2 | 2 |
№ | Айылдагы негизги көйгөйлөр | Кайсы жылда аткарылат | ||||
2019- жыл | 2020- жыл | 2021- жыл | 2022- жыл | |||
1. Гүлчө айылы | ||||||
| 1 .Ички жолдорду оңдоо |
|
|
|
| |
| Түнкү жарыктарды орнотуу | + | + | + |
| |
| Мадышев көчөсүнө лоток басуу | + |
|
|
| |
| Т.Отунчиев мектеп гимназиясына кошумча 480 орундуу башталгыч класстар үчүн окуу имаратын куруу(Бүгүнкү күндө Отунчиев мектеп гимназиясында окууга талап күчтүү окуучулардын саны көп сыйымдуулугу аз 3смена балдар окушат ошондуктан кошумча имарат куруу талап кылынат) |
| + |
| ||
| Т.Отунчиев а/орто мектебинин«Б», «В» блокторунун жылытуу системасын жалпы жылытуу системасына кошуу ремонттоо(Б, В блокторуна , спорт зал, актовый зал, ашкана, галлерия кирет) |
| + |
|
| |
| Т.Отунчиев а/орто мектебинин баардык имараттарынын чатырларын алмаштыруу |
| + |
|
| |
| Т.Отунчиев а/орто мектебинин инвертарлардын эмеректерин сактоо учун склад куруу. ( Т.Отунчиев) |
| + |
|
| |
| Т.Отунчиев а/орто мектебинин ашканасын евроремоттон откоруу. Азык сактоочу жайларын бөлүү. ( Т.Отунчиев) |
| + |
|
| |
+ | Т.Отунчиев а/орто мектебинин жылытуу системасындагы, электр кыймылдаткычтарын, суу насосторун иштетүү үчүн жер алдынан тартылган уч кабаттуу ( изоляцияланган) электр зымдарын алмаштыруу( Т.Отунчиев) |
| + |
|
| |
| Т.Отунчиев а/орто мектебинин бүтпөй калган көмүркананы толук кандуу бүтүрүү. |
| + |
|
| |
| Т.Отунчиев а/орто мектебинин батыш тарабындагы Үмөталиев жана Курманжан датка көчөсү менен кесилишкен Жээнбеков көчөсүн асфальтоо. |
| + |
|
| |
| Т.Отунчиев а/орто мектебинин класстык кабинеттердин эскиреген парта стулдарын,эмеректерин жаңылоо |
| + |
|
| |
| Т.Отунчиев а/орто мектебинин тынымсыз берилүүчү таза суу менен камсыз кылуу үчүн артезиан сууга скважина каздыруу. |
| + |
|
| |
| Т.Отунчиев а/орто мектебинин химия кабинетине соргуч шкаф(вытяжной шкаф)менен камсыз кылуу. |
| + |
|
| |
| Т.Отунчиев а/орто мектебинин ботаникалык бакчасына ийне,жазгы жалбырактуу дарактарды,бадал өсүмдүктөрүнүн түрлөрүн отургузууну улантуу,көрктөндүрүү. |
| + |
|
| |
| Т.Отунчиев а/орто мектебинин 1,2 кабаттарына сань узелдерди,канализацияны киргизип,таза суу менен камсыз кылуу. |
| + |
|
| |
| Т.Отунчиев а/орто мектебинин мед айымдын кабинетин медициналык инвентарлар менен камсыздоо. |
| + |
|
| |
| Т.Отунчиев а/орто мектебинин химия,биология,физика кабинеттерин, кипепканага инвентарларды,көрсөтмө куралдарды ,китептерди коюуу үчүн стелаждар мене камсыз кылуу. |
| + |
|
| |
| Т.Отунчиев а/орто мектебине балдардын,кыздардын технология кабинетине инвентарларды алуу. |
| + |
|
| |
| Т.Отунчиев а/орто мектебине алыстан келген окуучулардын велосипеддерин коюуу үчүн велобекет уюштуруу. |
| + |
|
| |
| Т.Отунчиев а/орто мектебинин окуучулардын жол коопсуздугун сактоо максатында мектептин жанына жол белгилерин койдуруу , зебра чийүү |
| + |
|
| |
| Т.Отунчиев а/орто мектебинин АЧД сабагында колдонуучу тирди калыбына келтирүү. |
| + |
|
| |
| Т.Отунчиев а/орто мектебинин өрткө каршы курулган 45 м/3 суу сактоочу суу кампасын калыбына келтирүү,ремонтоо. |
| + |
|
| |
|
| + |
| |||
| М.Адышев а/гим мектебинин айрым бөлүктөрүнүн жылуулук системасын жаңылоо |
| + | + |
| |
| М.Адышев а/гим мектебине таза суу киргизүү жана кол жуучу жай жасоо |
| + |
| ||
| М.Адышев а/гим мектебине электрощит жайгашкан бөлмөнүн үстүн жабуу 30 м/2 жана электрощиттеги автоматтарды алмаштыруу |
| + |
| ||
| Мектепти текущий ремонттоо «Тынчтык корпусу»тарабынан каржыланган проекти үчүн өздүк салым |
| + |
| ||
| Гулчо айылындагы Парманас атындагы орто мектебине ашкана эмеректери жана керектелүүчү буюмдарды алууга |
| + |
| ||
| №2 б/бакчасына көмүркана куруу |
| + |
|
| |
| №2 б/бакчасына азык-түлүк азыктарын сактоо үчүн склад куруу. |
| + |
|
| |
| №1 б/бакчасына балдар ойноочу навес куруу |
| + | + |
| |
| Жайыт маселесин чечүү(Гүлчө айылында мал көп,жайыт аз алыскы жайыттарды уюштуруш керек.) |
| + | + | ||
| Гүлчө айылынын ылдыйкы зонасына эски автобазанын жанындагы Гүлчө дарыясына көпүрө куруу.(Гүлчө айылынын мал чарбасы менен алектенип үй-бүлөөлөрдүн малдарын жайытка айдоо үчүн көпүрө куруш керек.) |
| + | + | ||
| Гүлчө айылынын ылдыйкы мал базардын төмөн жагындагы бош жаткан жерлердин категорияларын аныктап турак үй куруу үчүн муктаж үй –бүлөөлөргө аукциондук негизде берүү( маселе тиешелүү мекеме ишканалардан бүтүм алуу үчүн акча каражатын табуу) |
| + |
+ | ||
| Гүлчө дарыясына дамбаны бекемдөө 400 м аралык |
| + |
|
| |
| Гүлчө айылына дренаж куруу жана тазалоо | + | + | + | + | |
| Заманбап сүт жана сүт азыктарын иштетүү мини завод куруу(Элдин колунда мал көп,1-4 класс чашке чай уюштурууда б/бакчаларда ж.б.уүс сүт азыктары талап кылынууда базардан сатып алуу ишенимсиз ошондуктан мини завод курук зарыл жана пайдалуу.) |
| + | + |
| |
| Жайкы кино таетр куруу (Райондун центри ,участок бар) |
| + | + |
| |
| Туризмди өнүктүрүү үчүн(Ош-Эркештам жолу Улуу Жибек жолунда жайгашкандыгына байланыштуу тейлөө кызматы талапка жооп бербегендиктен тренинг өткөрүп,интуристер үчүн мейманкан куруу.) |
| + | + | + | |
| Нан жана кондитердик азыктарды бышырып чыгаруучу мини цех ачуу |
|
| + |
| |
| КР Президентинин тапшырмасы боюнча ар бир райондордун борборлорунун 3 км жолун асфальтоо |
| + | + | + | |
| Курманжан датка көчөсүндөгү тротуарларды оңдоп түзөө 600 м |
| + |
|
| |
| Мал союлуучу заманбап цехин куруу. Жаны жумуш орундарын тузуу | + |
|
|
| |
| Күнөскана куруу | + | + | + | + | |
| Калктын айрыкча мектеп окуучуларынын коопсуздугун сактоо максатында жалпы билим берүү мекемелеринин тушуна лежащий полицескийлерди коюу, жол чийимдерин чийүү жана жол белгилерин орнотуу | + | + | + | + | |
| Бал челектерди жасоо цехин модернизациялоо | + | + | + | + | |
| Логистикалык борбор ачуу |
|
|
| + | |
| Курулушу бүтпөй калган балдар бакчасын капиталдык ремонттон өткөрүү |
| + | + |
| |
| Гулчо айылындагы Жениш паркынын тундук тарабын тосуу | + |
|
|
| |
| Гүлчө айылынджагы Жеңиш паркына узундугу 15, туурасы 5 м болгон имарат куруу |
| + |
|
| |
| Гүлчө айылынын Жаңы Сабай участкасына бир жерге мал суу ичүүчү ноолорду орнотуу (каптаж куруу) |
| + |
|
| |
| Ички жолдорго шагыл тошоо. ямочный жасоо жумуштарын жүргүзүү | + |
|
|
| |
| Ош-Гүлчө 79 км эгилген карагайлардын куурап калгандарынын оордуна жаңыдан көчөттөрдү отургузуу |
| + |
|
| |
| Гүлчө айылын таза суу менен камсыз кылууда 2017-жылы башталган жумушту аягына чыгаруу, чириген суу түтүкчөлөрүн толук алмаштыруу |
|
|
|
| |
| Ирригациялык тармактардын натыйжалуулугун жогорулатуу: Семеновский, Артховский каналдарын оңдоп түзөө иштерин жүргүзүү |
|
|
|
| |
| Каналдардын боюна мыйзамсыз эгилген бак дарактарды кыйдыруу | + | + | + | + | |
| Алымбек Датка көчөсүнүн башталыш тарабынын оң тарабына 300 метр аралыкка лоток басуу |
|
|
|
| |
| Кош -Тектир участкасындагы «Беккари» чуңкурунун айланасын тосуу, чуңкурдун оозун бекемдөө | + |
|
|
| |
| Эхинококкоз, альвеококкоз ооруларынын алдын алуу максатында жолбун иттерди аттыруу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | + | + | + | + | |
| Алымбек Датка, Жеңиш парктарына гүл көчөттөрүн отургузуу |
|
|
|
| |
| Гүлчө айылындагы № 1 балдар бакчасына навес куруу.чатырчаларды алмаштырууга |
| + |
|
| |
| 2. 24 саттык түнкү балдар бакчасы болгондуктан түнкү жарыктандырууну киргизүү |
| + |
|
| |
| 3. бакчанын 1 кабатына заманбап ажаткана киргизүү | + |
|
|
| |
| Гүлчө айылындагы №3 б/бакчасына ашкана эмеректери жана шкаф,умывальник,стулдарды, 1 тонналык бочок алуу үчүн |
| + |
|
| |
| Гүлчө айылындагы № 4 б/б ашкана эмеректери,идиш-аяк сактоочу шкафтар жана стол,стулдардын эскилиги жеткендигине байланыштуу жаңылоо. |
| + |
|
| |
| Гүлчө айылындагы № 4 б/б даараткана куруу |
| + |
|
| |
| Жалпы малдарды эмдеп белги коюуу үчүн раскол куруу |
|
|
|
| |
| Гүлчө айылындагы №3 б/бакчасына ашкана эмеректери жана шкаф,умывальник,стулдарды, 1 тонналык бочок алуу үчүн |
|
|
|
| |
| Гүлчө айылындагы № 4 б/б ашкана эмеректери,идиш-аяк сактоочу шкафтар жана стол,стулдардын эскилиги жеткендигине байланыштуу жаңылоо. |
|
|
|
| |
| Гүлчө айылындагы № 4 б/б даараткана куруу |
|
|
|
| |
| Таш-Короо айылы боюнча |
|
|
|
| |
| Уу-Саз участогундагы жайытты тосуу. (Гүлчө жана Коңур –Дөбө айыл өкмөттөрү мене чектешкен жайыт жана чөп орунду жер чыр чатактан чыгышы мүмкүн 1,5 жер тосулуш керек.) |
|
|
|
| |
| Айылга бала бакча куруу (балдардын таалим тарбия алуучу үчүн зарыл болгон заманбап бала бакча куруу зарыл ) |
|
|
|
| |
| Коомдук мончо куруу. |
|
|
|
| |
| ФАП жана китепканага даараткана куруу |
|
|
|
| |
| эски жолдорду оңдоо |
|
|
|
| |
| Кыңырак Кең тектир жолдорун тосуу |
|
|
|
| |
| Жалпы малдарды эмдеп белги коюуу үчүн раскол куруу |
|
|
|
| |
| И.Адишев мектебинин айланасын тосуу |
|
|
|
| |
| Таза суу түтүкчөлөрүн тартуу |
|
|
|
| |
| Гүлчө айыл өкмөтүнүн И.Адишов мектепебин интернет түйүнү менен камсыз кылуу |
|
|
|
| |
| Айылдык китепканага канц товар жана курулуш материалдарын жана принтер алуу жана чатырын эскилиги жеткендигне байланыштуу алмаштыруу |
|
|
|
| |
| Жылы-Суу айылы |
|
|
|
| |
| Жалпы малдарды эмдеп белги коюуу үчүн раскол куруу |
|
|
|
| |
| Б.Аданбаева мектебининТам-Башат айылына өтүүчү көпүрөнү оңдоо |
|
|
|
| |