Загрузка документа…
БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бешкент айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 39-сессиясы
2020-жылдын 6-февралы № 211
Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысы К.И.Мусаевтин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндөгү” №690 сандуу токтомунун аткарууга алуу максатында кызмат сапар чыгымдары үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 20 000 (жыйырма миң) сом бөлүп берүүгө макулдук берүү боюнча оозеки сунушун угуп жана талкуулап Бешкент айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндөгү” № 690 сандуу токтомунун аткарууга алуу максатында кызмат сапар чыгымдары үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 20 000 (жыйырма миң) сом бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешкент айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Бешкент айылдык Кеңешинин төрагасы: | О.Баховотдинов |