Загрузка документа…
АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Турпак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2020-жылдын 16-июну № 24
Ак – Турпак айылдык кеңештин жооптуу катчы кызматынын штаттык расписаниесин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы №706 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүүөз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттигинин 2020-жылдын 28-майындагы № 01-25/119 сандуу катына негиз маселени айылдык кеңшинин депутаттары карап, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы № 124 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому жана 2020-жылдын 5-февралындагы №64 “Айылдык кеңештердин акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык Ак-Турпак айылдык кеңетин штаттык расписаниеси бекитилсин.
2.Ушул токтомдо көрсөтүлгөн штаттык расписание менен айлык акы төлөө жагы айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы Н.Кожоевге милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлөө Ак-Турпак айылдык кеңешинин экономика, бюджет жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Имаров
|