Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Жерге-Тал айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XХVI cессиясы
2020-жылдын 28-июлу № 26-4
Айылдык кеңештин акы төлөнүүчү кызмат орунунун тизмесин бекитүү жөнүндө
Жергиликтүү кеңештин бюджет жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2020-жылдын 7-июлундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы № 64 токтомунунун негизинде айылдык кеңештин акы төлөнүүчү кызмат оруну болгон жооптуу катчы штат бирдигин бекитүү жөнүндөгү корутундусун угуп жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жерге-Тал айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын штат бирдиги бекитилсин.
2.Тиешелүү штаттык торчону мыйзам чегинде түзүп,Аксы райондук финансы башкармалыгы менен макулдашуу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3.Бош кызмат орунуна конкурс жарыялоо боюнча иш-аракеттерди аткаруу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Бүркүтбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | К. Шакыев |