Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 22-апрели № 5
Момбеков айылдык кеңешке жооптуу катчы штатын бекитип берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2020-жылдын 16-мартындагы № 157-токтому менен Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2016-жылдагы 29-декабрындагы № 706 “Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелер жѳнүндѳ” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматында жана муниципалдык кызматында конкурс ѳткѳрүүнүн тартиби Жобого жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы “Айылдык кеңештерге акы тѳлѳѳ негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жѳнүндѳ” № 64-токтомуна ылайык Момбеков айылдык кеңешинин ХХVII-чакырылышынын кезексиз 34-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин тѳрагасы
Т Стамбаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Момбеков айылдык кеңешинин иштерин алып баруу үчүн жооптуу катчы штаты бекитилип берилсин.
3. Жооптуу катчынын эмгек акысын чечип берүү жагы айыл ѳкмѳтүнүн
Ф.Э.Бнүн башчысы Ч Тѳлѳновага жүктѳлсүн.
4. Кабыл алынган токтом Аймак гезитине жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышынын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жана ФЭБүнүн башчысы Ч.Тѳлѳновага жүктѳлсүн.
Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин төрагасы |
Т.Стамбаев |