Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
2020-жылдын 15-июну № 19
Баткен шаарында Муниципалдык менчикти башкарууда жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө
Баткен шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүү алкагында 2020-жыл үчүн бекитилген иш планга ылайык төмөнкү иш чаралар аткарылган. Баткен шаарынын мэриясынын 2020-жылга Баткен шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралар жалпы суммасы 51308449сомду түзсө, анын ичинен негизги приоритеттүү иш чараларга 47863750сомгокаралган болсо, ал эми 2020-жылдын 5-ай ичинде негизги приоритеттүү иш-чаралардын аткарылышы 14 886 230сомду түзгөн. Бул сумма конкурска (тендерге) жарыяланганжалпы сумма болсо, тендерден жеңген сумма 11 173 350 сомду түздү. Үнөмдөлгөн каражат 3 712 880 сом болду. (Ушул үнөмдөлгөн сумманын 3111 статьясына 3 000 000 сомун 3112 статьясына 712880 сомун жылдыруу керек)
Демберүүчү грант боюнча;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 230
токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын каржы министрлиги тарабынан 2020-жыл үчүн каржылана турган дем берүүчү грант 15 386183 сом болсо анын ичинен жергиликтүү бюджеттин өздүк салымы 3 815038 сомду түзөт. (Курманжан-Датка, А.Орозбеков, Султанмурат Мин башы көчөлөрү тротуар жана лоток ал эми борбордук стадиондогу спорт комплекстин чатырын жабуу).
Жарыктандыруу боюнча жалпысынан 5000 000 сом каралган. Анын ичинен; Баткен шаарынын И.Раззаков көчөсүнүн түнкү жарыктандыруу үчүн 2 800 000 сом, Баткен шаарынын 300 даана түнкү жарыктандыруу каражаттарына , 700000 сом Баткен шаарынын жаны конуштардагы көчөлөрүнө 250 даана электр мамычаларын сатып алуу үчүн 1 500 000 сом кошумча иш чарада каралган
Жол коопсуздугу боюнча жалпысынан 1 436 000 сом каралган. Анын ичинен: Баткен
шаарынын аймагындагы светофорлорду ондоп түзөө үчүн 250000 сом, Баткен шаарынын борбордук көчөлөрүнө, светофорлордун жана мектептердин жанындагы жолдорго жол белгилерин (пешеход) чийүү үчүн термапласт краска сатып алууга 200 000 сом жана анны чийдирүү кызматтары үчүн 100 000 сом. Баткен шаарынын борбордук көчөлөрүнө жол белгилерин сатып алуу үчүн 150 000 сом.
- Баткен шаарынын көчөлөрүнө шагыл төшөө үчүн ГСМ сатып алууга 386 000 сом
бөлүнүп тендер 385 000 сомго өткөн. Баткен шаарынын борбордук көчөлөрүн жамоо иштерин (ямочный) жургузүү үчүн 350 000 сом. Социалдык тармактар боюнча 11 950 589 сом каралган. Анын ичинен: Билим берүү жана медицина тармагы боюнча; Баткен шаарынын С.Огато атындагы орто мектебинин жанына 4 кошумча класс куру үчүн 9585275 сом. (6119617 сомго«Амин» ЖЧК сы женүүчү болгон) Баткен шаарынын аймагындагы мектептердин учурдагы оңдоп түзөө иштери үчүн 200 000 сом. Баткен шаарынын борбордук стадионундагы спорт залды ондоп түзөө үчүн 800 000 сом. Баткен шаарынын Чет-Булак кварталындагы (Ассафа) Балдар-Бакчасын реконструкциялоо үчүн 527587сом. (тендерге берилген)
Баткен шаарынын Чет-Булак кварталындагы (Ассафа) Балдар-Бакчасына жана Кызыл-Жол кварталындагы балдар бакчага эмеректерди сатып алуу үчүн 492727сом,
- А.Имаров орто мектебине пандус куру үчүн 20 000 сом,
- Алтын-Бешик балдар бакчасынын трансформаторун ремонтоо үчүн 25000 сом
- Билим берүү бөлүмүнүн имаратын оңдоп түзөө үчүн 300 000 сом.
Баткен шаарынын тазалыгы камсыздоо жана көрктөндүрүү боюнча жалпысынан 5 598 253 сом;
- Баткен шаарынын ички көчөлөрүнүн тазалыгын камсыздоо жана иретке келтирүү
үчүн Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык чарбалык эсептеги «Баткен Тазалык» ишканасына 2 750 000 сом.
Баткен шаарынын борбордук көчөлөрүнө көрктөндүрүү үчүн 500 00 сом бөлүнүп, 300 000 сомго 800 даана арча сатылып алынган.
Баткен шаарынын борбордук Жаштык паркын реконструкциялоо үчүн 2 198253 сом.
Баткен шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү жана борбордук стадиондогу атрибуттарды (желектерди) алмаштыруу үчүн 150 000 сом бөлүнүп тендер өткөн.
Баткен шаарынын нинфраструктурасын онуктурүү боюнча долбоорлорду даярдоо үчүн жалпысынан 1 000 000 сом каралып, 320 000 сомго тендер откөн. Орозбеков, К.Датка, М.Дуйшеев, Коммунизм көчөлөрүнө ПСД жасалган. Технадзорлор үчүн 480 000 сом каралып, тендерден өткөрүлгөн.
Ал эми муниципалдык жерлерди аукцион аркылуу менчикке сатууда, кайра бөлүштүрүү фондунун эсебиндеги айыл чарба жерлерин жана калктуу конуштардагы айыл-чарба багытындагы эмес жерлерин ижарага берүү жүргүзүлгөн: Баткен шаарынын К.Б.Ф нун жерлеринин жалпы аянты-469,0га, Анын ичинен суугат айдоо жери-268,0га, Кайрак- -77,0га, Көп жылдык бак-124,0га, Анын ичинен мөмөлүү бак -101,0га, Ар турдуу бактар -23,0га. К.Б.Фнун ижара келишими менен берилгенаянты - 344,3га, Ижарага берилбей калган жер -124,7га.
2020-жылга ижарадан түшө турган каражат 1 350 000 сом, 2020-жылдын 5 айында чейин тушкөн каражат 500 000сом.
Ижарага беилбей калган жерлер: Калган124,7га жер ар турдүү себептерден ижарага берилбей калган. Анын ичинен: 1.268,0га суугат айдоожерден калган-64,85га жери ижарага берилбегенин себеби: а)Аэропорт учаскасында-54га жерге суудун жоктугунан жана аэропортун корго зонасына кирип калгандыктан Эл Аралык Манас аэропортунан келген катын негизинде ижарага берилбей турат.
б)Булак-Башы кварталынан- 6,5га туздуу шоор жер в)Базар-Башы кварталындагы -2,8га Манас паркынын Булак-Башы квартарталындагы- 1,5га мектептин орду Кайра бөлүштүрүү фондунун эсебинде турат.
2.77,0га кайрак жердин- 43,0га жери ижарага берилбегенин себеби: Килиматтык шарттарга байланыштуу эгин эккенге болбогондугу. 3 124га көп жылдык бактардан-2,21га жери ижарага берилбегенин себеби: Баткен-Исфана жана Баткен-Кара-Бак авто жолдорунда жолду ондоо иштери жүрүп жаткандыктан ижара токтотулган. Баткен шаарынын ичиндеги ижарага берилген муниципалдык жерлер боюнча; Баткен шаарында И.Раззакво, С.Сыдыков М.Салихов М.Нургазиев көчөлөрүндөгү тез тамактануучу жайлар (Минутка)-608,5м2. Баткен шаарындагы С.Сыдыков Т.Садыков И.Жусупов И.Раззаков М.Салихов көчөлөрүндөгү салон аттракцион унаа жучу жай жана футбол аянты жана Манас комплекси -28440м2. Баткен шаарындагы Сайдиман ажы Ходжаев М.Салихов Султанмурат мин башы кочолордогу, тепкич, аялдама дукон, мончо, антенна, стоянка -560м2.С.Сыдыков И.Раззаков М.Нургазиев Т.Садыков И.Жусупов Сайдиман ажы көчөсүндөгү жарнамалык щиттер
35,14м2.И.Раззаков Т.Садыков И.Жусупов К.Сабыров Ходжаев Ч.Айтматов Курманжан датка, С.Сыдыков, Коммунистическая Жибек-Жолу көчөлөрүндөгү дукондор 2418,45м2. И.Раззаков Султанмурат Мин. Башы М.Салихов көчөлөрүндөгү даарыканалар 155м2, И.Раззаков М.Салихов Т.Садыков С.Сыдыков көчөлөрүндөгү навесттер 978м2 Баткен шаарындагы ижарга берилген калктуу конуштагы муниципалдык жерлердин жалпы 125 жаранга аянты 32 682 м2 жерди берүүдөн бир жылдык болжол менен 2 200 000 сомдун ичинен 369 518 сом түштү.
Баткен шаарынындагы Муниципалдык жана өнөр жай багытындагы жерлерди жеке менчике сатуу боюнча 2020-жылга карата жеке менчике сатыла турган жерлер:
1. Чет-Булак кварталынан промзонадан мал союучу цехке, логиситикалык борборго, ЖБ заводко жана башкаларга172,9га Муницпалдык жер көз карандысыз баалоочу тарабынан 44000сомго бааланып иштер жүрүп жатат.
2. М.Салихов көчөсүнөн 38 м2 Муницпалдык жер аянты көз карадысыз баалоочу тарабынан бааланып аукционго даярдалып жатат.
Мындан тышкары шаардын аймагындагы, Дөгмөң жайытына баруучу жолду өз алдынча оңдоп түзөө үчүн жол боюндагы арчалар, белгисиз адамдар тарабынан кесилип алынып, көмүр кенине жол салынып жаткандыгы, шаар тургундарын нараазычылыгын туудуруп, муниципалдык менчикке зыян келип жаткандыгы белгиленген. Мында көмүр кенин казуу үчүн уруксат алынып, каттоого коюлгандыгы же болбосо мыйзамдуу уруксат алынган алынбагандыгын тактоо жагы сунушталган.
Жогорудагылардын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы токтом кылат:
1.Баткен шаарында Муниципалдык менчикти башкарууда жүргүзүлүп жаткан иштери канаатандыраалык экендиги белгиленсин.
2.Муниципалдык менчикти башкарууда жетишилбей калган иштерин жыл ичинде бүткөрүү жагы тапшырылсын.
-Дөгмөн жайлоосуна чыгуучу жол боюндагы арчалар корукка алынып, көмүр кенин иштетүү планы мыйзам ченеминде жүргүзүү жагы эскертилсин
3.Токтом мамлекеттик реестирге киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин курулуш куруу жана коммуникация маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (М.Добутов) жана Муниципалдык менчик, айыл чарба, агрардык жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /А.Примкулов/ тапшырылсын.
Төрага | А.Ташбеков |