Загрузка документа…
КР Президентинин
2012-жылдын 17-апрелиндеги ПЖ № 87 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2007-жылдын 25-майы ПЖ № 269
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын
13-февралындагы "Кыргыз Республикасынын Президентине
караштуу аялдар, үйбүлө жана гендердик өнүктүрүү
маселелери боюнча Улуттук кеңештин жобосун
жана курамын бекитүү жөнүндөгү"
Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү
тууралу
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмдөрүнүн өзгөргөндүгүнө байланыштуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу аялдар, үйбүлө жана гендердик өнүктүрүү маселелери боюнча Улуттук кеңештин ишин андан ары өркүндөтүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 13-февралындагы № 64 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу аялдар, үйбүлө жана гендердик өнүктүрүү маселелери боюнча Улуттук кеңештин жобосун жана курамын бекитүү жөнүндөгү" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу аялдар, үйбүлө жана гендердик өнүктүрүү маселелери боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө Жобонун IV бөлүгүнүн бешинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмү болуп саналган Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу аялдар, үйбүлө жана гендердик өнүктүрүү маселелери боюнча Улуттук кеңештин катчылыгы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу аялдар, үйбүлө жана гендердик өнүктүрүү маселелери боюнча Улуттук кеңештин курамында:
алтынчы сап төмөнкү редакцияда баяндалсын:
┌──────────────────────────────────────────────────────────────┬──────┐
│Финансы министрлиги (министрдин деңгээлинде) │1 киши│
└──────────────────────────────────────────────────────────────┴──────┘
жетинчи сап төмөнкү редакцияда баяндалсын:
┌──────────────────────────────────────────────────────────────┬──────┐
│Билим берүү жана илим министрлиги (министрдин деңгээлинде) │1 киши│
└──────────────────────────────────────────────────────────────┴──────┘
он биринчи сап төмөнкү редакцияда баяндалсын:
┌──────────────────────────────────────────────────────────────┬──────┐
│Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги (министрдин │1 киши│
│деңгээлинде) │ │
└──────────────────────────────────────────────────────────────┴──────┘
он алтынчы сап төмөнкү редакцияда баяндалсын:
┌─────────────────────────────────────────────────────────┬───────────┐
│Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын │1 киши │
│экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы │улуттук │
│ │кеңештин │
│ │төрагасынын│
│ │орунбасары │
└─────────────────────────────────────────────────────────┴───────────┘
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу аялдар, үйбүлө жана гендердик өнүктүрүү маселелери боюнча Улуттук кеңештин курамы төмөнкү мазмундагы он жетинчи жана он сегизинчи саптар менен толукталсын:
┌──────────────────────────────────────────────────────────────┬──────┐
│Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча │1 киши│
│агенттиги (директордун деңгээлинде) │ │
├──────────────────────────────────────────────────────────────┼──────┤
│Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана │1 киши│
│спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча │ │
│мамлекеттик агенттик (директордун деңгээлинде) │ │
└──────────────────────────────────────────────────────────────┴──────┘
Он жетинчи жана жыйырманчы саптар тийиштүү түрдө он тогузунчу-жыйырма экинчи саптар деп эсептелсин.
2. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |