Загрузка документа…
КР Президентинин
2012-жылдын 17-апрелиндеги ПЖ № 87 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 13-февралындагы № 64 Жарлыгы менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
аялдар, үйбүлө жана гендердик өнүктүрүү маселеси
боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө
ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 25-майындагы ПЖ № 269 Жарлыгынын, 2008-жылдын 7-майындагы ПЖ № 158 Жарлыгынын редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
II. Улуттук кеңештин максаттары жапа милдеттери
III. Улуттук кеңештин функциялары жана укуктары
IV. Улуттук кеңештин курамы, ишинии регламенти жана структурасы
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу аялдар, үйбүлө жана гендердик өнүктүрүү маселеси боюнча Улуттук кеңеш (мындан ары - Улуттук кеңеш) аялдар, үйбүлө жана гендердик өнүктүрүү маселеси боюнча мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырууну камсыз кылуучу координациялык консультациялык орган болуп саналат.
Улуттук кеңештин саны жана жекече курамы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.
Улуттук кеңеш:
- теңчилик жана адилеттүүлүк;
- ачыктык жана өз ишинин натыйжасы үчүн жоопкерчилик;
- өз ишин жүргүзүүдө мыйзамдуулук принциптеринде аракеттенет.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы, мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле ушул Жобо Улуттук кеңештин ишинин укуктук негиздерин түзөт.
Улуттук кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында жоопкер жана ага отчет берет.
Улуттук кеңештин максаты болуп аялдар, үйбүлө жана гендердик өнүктүрүү маселеси боюнча мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырууда башкарууну координациялоону камсыз кылуу саналат.
Улуттук кеңештин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетишүүгө багытталган улуттук саясатты жана стратегияны жүзөгө ашыруу боюнча ишти координациялоо;
- аялдар, үйбүлө жана балдар маселеси боюнча улуттук саясатты жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү;
- балдардын укуктары жана гендердик өнүктүрүү, ошондой эле аялдарга карата кодулоонун бардык түрлөрүн жоюу боюнча Конвенцияны, аялдардын укуктары боюнча Конвенцияны, баланын укуктары жөнүндө Конвенцияны жүзөгө ашыруу, ошондой эле эларалык талаптарга ылайык улуттук отчетторду даярдоо жагында Кыргыз Республикасынын эларалык милдеттенмелерди аткарышына контролдук кылуу;
- республикада аялдардын, үйбүлө, балдардын абалын жакшыртуу жана (гендердик өнүктүрүү боюнча министрликтердин, ведомстволордун жана мамлекеттик администрациялардын ишине мониторингди уюштуруу;
- гендердик мамилелерди улуттук саясатка жана мамлекеттик программаларга киргизүүнү камсыз кылуу;
- ченемдик укуктук актыларды гендердик экспертизалоого көмөк көрсөтүү;
- республикада аялдардын, үйбүлө, балдардын абалын жакшыртуу жана гендердик өнүктүрүү боюнча жарандык коом менен өнөктөштүккө жана эларалык уюмдар менен кызматташуусуна көмөк көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасында аялдардын, үйбүлө, балдардын абалын жакшыртуу жана гендердик өнүктүрүү маселеси жагында иш жүргүзгөн уюмдарга бюджеттик финансы каражаттарын жана четөлкөлүк инвестицияларды сарамжалдуу пайдаланууда көмөк көрсөтүү;
- мамлекеттик башкаруу чөйрөсүнө аялдарды тартууга жана алардын потенциалын жогорулатууга, ошондой эле чечимдерди кабыл алуунун бардык деңгээлдеринде алардын өкүлчүлүгүн жогорулатууга көмөк көрсөтүү;
- социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий турмуштун бардык чөйрөсүндө гендердик теңчиликке жана тең укуктуулукка жетишүүнү камсыз кылган механизмдерди түзүүгө көмөк көрсөтүү;
- үйбүлөнү колдоону, энеликти жана балалыкты коргоону камсыз кылуу үчүн үйбүлө саясаты жагында дурус тажрыйбаларды жайылтуу.
Улуттук кеңештин функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасында аялдар, үйбүлө жана гендердик өнүктүрүү маселелери боюнча мамлекеттик программалардын чегинде жүзөгө ашырылган ишчаралардын артыкчылыгын координациялоо жана аларды финансылоо;
- аялдар, үйбүлө, балдар жана гендердик өнүктүрүү маселелери боюнча мамлекеттик башкаруу органдарынын, эларалык уюмдардын, коомдук бирикмелердин ишин координациялоо;
- мыйзам чыгаруу жана аткаруу структураларында, жарандык сектордо гендердик теңчилик маселесинде аялдар менен балдардын таламдарын илгерилетүүгө көмөк көрсөтүү;
- мамлекеттик кызматчылар арасында жана кеңири коомчулукта гендердик теңчилик идеясын жайылтуу жана пропагандалоо;
- Кыргыз Республикасында аялдар, үйбүлө, балдар жана гендердик өнүктүрүү маселелери боюнча мамлекеттик программаларды жүзөгө ашырууга мониторинг жасоо жана баа берүү;
- мамлекеттик бюджетти гендердик талдоо жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү.
Улуттук кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
- аялдар, үйбүлө, балдар жана гендердик өнүктүрүү маселелери боюнча улуттук саясатты жана стратегияны жүзөгө ашырууга тиешеси бар программаларды кароого жана бекитүүгө сунуш кылууга;
- белгиленген тартипте Улуттук кеңештин мүчөлөрүн, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, башка уюмдар менен мекемелердин жетекчилерин угууга жана аялдар, үйбүлө, балдар жана гендердик өнүктүрүү маселелери боюнча улуттук саясатты жана стратегияны жүзөгө ашыруу боюнча алардын ишине баа берүүгө;
- Улуттук кеңештин жыйналышына (алдын ала макулдашуу боюнча) жарандык коомдун өкүлдөрүн чакырууга жана аялдар, үйбүлө, балдар жана гендердик өнүктүрүү маселелери боюнча улуттук саясатты жана стратегияны жүзөгө ашыруу боюнча алардын пикирин жана сунуштарын угууга;
- Кыргыз Республикасынын Президентине жана республиканын мамлекеттик органдарына Кыргыз Республикасында аялдар, үйбүлө, балдар жана гендердик өнүктүрүү жана аялдар жана балдарга карата кодулоонун бардык түрлөрүн жоюу боюнча улуттук саясатты ишке ашырууну андан ары өнүктүрүүдө тийиштүү рекомендацияларды жана сунуштарды иштеп чыгууга жана киргизүүгө;
- аялдар, үйбүлө, балдар жана гендердик өнүктүрүү маселелери боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу, талдоо, рекомендацияларды жана сунуштарды киргизүү үчүн эксперттердин жумушчу тобун түзүүгө;
- министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун ишаракетинии процесстерине гендердик аспектилерди кошуу боюнча иш жүргүзүүгө;
- республикада аялдардын, үйбүлөнүн, балдардын жана гендердик өнүктүрүү абалын жакшыртуу максатында ишаракеттердин (программалар, долбоорлор ж.б.) кошумча түрлөрүн уюштурууга;
- Кыргыз Республикасында аялдар, үйбүлө жана гендердик өнүктүрүү абалын жакшыртуу маселелери боюнча зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди мамлекеттик органдардан жана мекемелерден, ошондой эле коомдук уюмдардан тийиштүү тартипте суратууга;
- Кыргыз Республикасында аялдар, үйбүлө жана гендердик өнүктүрүү абалын жакшыртуу маселелери боюнча мамлекеттик органдарга жана өкмөттүк эмес, эларалык уюмдарга рекомендацияларды берүүгө;
- донордук мекемелерден ар түрдүү инвестиицялар, гранттар, каражаттар формасында кошумча ресурстарды жана финансылоонун булактарын тартууга.
Улуттук кеңештин мүчөлөрү кызмат орду боюнча Улуттук кеңештин курамына кирет. Улуттук кеңештин ишмердиги коомдук башталышта ишке ашырылат. Улуттук кеңештин мүчөлөрү алардын жыйындарына жеке катышат.
Улуттук Кеңештин жыйындары зарылчылыкка жараша, бирок жарым жылда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Улуттук кеңештин ишинин Планы анын жыйындарында бекитилет. Күн тартибин Улуттук кеңештин төрагасы аныктайт.
Улуттук кеңештин жыйындарында каралган маселелср боюнча Улуттук кеңештин төрагасынын колу коюлган чечимдер кабыл алынат.
Улуттук кеңештин жыйындарында чечимдер консенсустун негизинде ачык добуш берүү менен кабыл алынат.
Улуттук кеңештин ишмердүүлүгүн Өкмөттүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмү камсыз кылат.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 25-майындагы ПЖ № 269 Жарлыгынын, 2008-жылдын 7-майындагы ПЖ № 158 Жарлыгынын редакцияларына ылайык)