Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 14-февралы № 70 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишин оптималдаштыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө жобо-ну тактоо жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайыккелтирүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Администра-циясынын ишин андан ары оптималдаштыруу максатында токтом кылам: 1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндөжобо бекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишиноптималдаштыруунун жыйынтыгы боюнча анын жетекчи курамы жана кызматкер-лери Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчикурамы жана кызматкерлери болуп саналаары жана ээлеген кызмат орундары-на кайрадан бекитилүүгө тийиш эмес экендиги белгиленсин. 3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетек-чиси бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин Админист-рациясынын кызмат адамдары жана түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболор бо-юнча сунуш киргизсин. 4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын: - "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүн-дө"Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 1-июнундагы № 179Жарлыгы; - "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Колле-гиясынын маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин2005-жылдын 1-ноябрындагы № 509 Жарлыгы. 5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев