Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2008-жылдын 14-февралындагы
№ 70 Жарлыгы менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Президентинин
Администрациясы жөнүндө
ЖОБО
(КР Президентинин
2009-жылдын 15-январындагы ПЖ N 28 Жарлыгынын
редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы Кыргыз
Республикасынын Президентине түздөн-түз баш ийген, мамлекет башчысынын
ишин камсыз кылуучу жана анын ыйгарым укуктарын турмушка ашыруучу Кыр-
гыз Республикасынын мамлекеттик органы болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин
укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдары,
Кыргыз Республикасынын Президентинин актылары, ошондой эле ушул Жобо
түзөт.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө
Жобону Кыргыз Республикасынын Президенти бекитет.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын негизги
милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- өлкөдөгү жана чет өлкөлөрдөгү иштердин абалы жөнүндө Кыргыз Рес-
публикасынын Президентине өз учурунда жана толук маалымат берүү;
- мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана
мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырышы боюнча анын
ишин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу консуль-
тациялык-кењешүүчү органдардын ишин камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдерин жана тапшырмала-
рын бардык мамлекеттик органдарынын жана кызмат адамдарынын аткарышын
камсыз кылуу, бул иште алардын жоопкерчилигин камсыз кылуу.
II. Кыргыз Республикасынын Президентинин
Администрациясынын функциялары жана ыйгарым укуктары
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы мамлекет
башчысынын ишин маалыматтык-талдоо жагынан камсыз кылуу менен:
- ички жана тышкы саясий кырдаалга, мамлекеттик органдардын жана
кызмат адамдарынын ишине талдоо жасайт; улуттар аралык мамилелердин,
саясий жана социалдык-экономикалык кырдаалдын өнүгүшүн божомолдойт;
мамлекеттик мааниси бар маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Прези-
дентине маалымат даярдайт;
- мамлекет башчысынын өлкөдөгү иштин абалы жана Кыргыз Республика-
сынын ички жана тышкы саясатынын негизги багыттары жөнүндөгү Кыргызс-
тандын элине карата ар жылдык кайрылуусун даярдоону камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын Президенти жүргүзүп жаткан ички жана тыш-
кы саясатта түшүндүрөт, жалпыга маалымдоо каражаттарында мамлекет баш-
чысынын ишин чагылдырууну камсыз кылат.
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы (мындан
ары - Президенттин Администрациясы) ички саясаттын негизги багыттары
боюнча төмөнкүлөргө катышат:
- элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин, Конституциянын,
адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин кебелбестигин
камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти аныктоочу саясат-
ты иштеп чыгууга жана турмушка ашырууга;
- өлкөнүн эгемендүүлүгүн, улуттук коопсуздугун жана аймактык бү-
түндүгүн коргоо, мамлекеттик бийликтин биримдигин жана жолун жолдоочу-
лугун камсыз кылуу, бардык мамлекеттик органдардын макулдашып иштеши
жана өзара аракеттенүүсү, алардын эл алдындагы жоопкерчилиги боюнча
мамлекет башчысынын саясатын турмушка ашыруу боюнча зарыл чаралардын
комплексин иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга;
- өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн стратегиясын, аны тур-
мушка ашыруу, реформаларды жүзөгө ашыруунун механизмдерин жана тактика-
сын өркүндөтүү боюнча чаралардын комплексин жана экономикалык, социал-
дык, саясий жана маданий чөйрөлөрдө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иш-
теп чыгууга,
- Кыргызстандын бүткүл калкынын жыргалчылыгы үчүн коомдук ынтыма-
гын жана саясий туруктуулуктун, экономикалык өнүгүүнүн, кыргызстандык-
тарды атуулдук жана Мекенди сүйүүнүн духунда тарбиялоонун конституция-
лык принциптерин турмушка ашырууга.
7. Президенттин Администрациясы мамлекет башчысынын тышкы саясий
ишин камсыз кылуу менен:
- мамлекет башчысы аныктаган Кыргыз Республикасынын тышкы саясий
стратегиясын иштеп чыгууга, өлкөнүн улуттук таламдарын эске алуу менен
дүйнөлүк Шериктештиктеги анын ордун аныктоого жана Кыргыз Республикасы-
нын Президентинин эларалык демилгелерин жүзөгө ашырууга катышат;
- тышкы экономикалык маселелер боюнча, анын ичинде эларалык финан-
сы уюмдары менен кызматташуу, Кыргыз Республикасын дүйнөлүк экономика-
лык мейкиндикке интеграциялоо боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- Кыргыз Республикасынын эларалык милдеттенмелерди аткарышынын мо-
ниторингине катышат;
- мамлекеттик органдар эларалык кызматташтыкты жүргүзүүдө алардын
ишин координациялайт;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин тышкы саясий ишин протокол
жагынан камсыз кылат.
8. Президенттин Администрациясы мамлекет башчысы үчүн төмөнкүдөй
чаралар боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кабыл алууга багыттал-
ган сунуштарды иштеп чыгат:
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы ка-
тары коргоо жана улуттук коопсуздук маселелери, өзгөчө кырдаалды же ас-
кер абалын киргизүү, мыйзам менен каралган башка чаралар боюнча, өлкө-
нүн эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн коргоо, конституциялык түзү-
лүштү жана коомдук тартипти сактоо боюнча;
- улуттук коопсуздукту, укук тартибин жана мыйзамдуулукту камсыз
кылуу боюнча укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын ишин коор-
динациялоо жана контролдоо боюнча;
- Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кењешинин, мамлекет башчысы
тарабынан түзүлүүчү башка координациялык органдардын бийликтин мыйзам
чыгаруу, аткаруу жана сот бутактары, жергиликтүү өзалдынча башкаруу ор-
гандары менен өзара аракетте болуусу боюнча.
9. Президенттин Администрациясы мамлекет башчысынын нормативдерди
чыгаруу ишин камсыз кылуу менен:
- Кыргыз Республикасынын Президентине мамлекеттин укуктук саясаты-
нын негизги багыттары, жарандар менен уюмдарды укуктук жактан коргоонун
натыйжалуу мамлекеттик механизмин түзүү боюнча сунуштарды киргизет;
- мамлекеттик органдарга алардын компетенцияларын эске алуу менен
мыйзам долбоорлорун, Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларын иш-
теп чыгууну тапшырат жана аларга комплекстүү экспертиза жүргүзөт;
- мамлекет башчысынын кароосуна киргизилген мыйзамдарды жана башка
ченемдик укук актыларын укуктук экспертизалоону жүргүзөт, Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин актыларын иштеп чыгууга жана анын тапшыруусу
боюнча мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууга катышат, Кыргыз Республикасы-
нын Президенти демилге кыла турган мыйзам долбоорлорун даярдайт;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине, Өкмөтүнө жана башка
мамлекеттик органдарына макулдашып иштөө жана өзара аракеттенүү, мыйзам
чыгаруу процесстерин координациялоо жана мыйзамдардын аткаруу жагында
сунуштарды киргизет;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна анын чечимдери
менен өлкөнүн мыйзамдары менен жөнгө салынбаган коомдук мааниси бар ма-
селелерди укуктук жактан жөнгө салуу жөнүндө сунуштарды киргизет.
10. Президенттин Администрациясы мамлекет башчысынын Кыргыз Рес-
публикасынын Жогорку Кењеши (мындан ары - Парламент) менен өзара ара-
кеттенүү боюнча ыйгарым укуктарын камсыз кылуу максатында:
- мамлекет башчысын Парламенттеги мыйзам чыгаруу процессинин абалы
жана алар карап жаткан маселелер жөнүндө туруктуу маалымат берет, мый-
зам долбоорлору боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин позициясын
түшүндүрөт;
- Парламентте Кыргыз Республикасынын Президенти мыйзамдык демилге
көтөрүү тартибинде киргизген мыйзам долбоорлорун кароодо анын таламда-
рына өкүлдүк кылат;
- Парламент тарабынан мамлекет башчысынын кол коюусуна сунуш кы-
лынган мыйзамдар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине корутунду-
ларды даярдайт;
- Кыргыз Республикасынын Президенти кол койгон мыйзамдарды элге
жарыя кылууну же мамлекет башчысынын чечими боюнча анын каршы пикирлери
менен мыйзамдарды Парламентке кайра кайтарууну камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын Президентине мыйзам долбоорун биринчи ке-
зекте кароону жарыялоо жөнүндө Парламентке сунуш киргизүү; Парламенттин
кезексиз биргелешкен жыйналышын чакыруу; белгиленген тартипте Парла-
менттин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо боюнча сунуш-
тарды киргизет.
11. Президенттин Администрациясы мамлекет башчысынын Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтү (мындан ары - Өкмөтү менен өзара аракеттенүү боюнча
ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу менен Кыргыз Республика-
сынын Президентине төмөнкүдөй сунуштарды киргизет:
- аткаруу бийлик жана мамлекеттик башкаруу органдарынын, мамлекет-
тик кызматтын системасын жана түзүмүн өркүндөтүү маселелери боюнча;
- тийиштүү материалдарды даярдоону жана колдонуудагы мыйзамдардын
алкагында жол-жобо маселелерин чечүүнү ишке ашырат;
12. Президенттин Администрациясы мамлекет башчысынын мамлекеттик
бийликтин борбордук органдары менен өзара аракеттенүү боюнча ыйгарым
укуктарын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу менен Кыргыз Республикасынын
Президентине төмөнкүдөй сунуштарды киргизет:
- мамлекеттик бийликтин борбордук органдарынын системасын жана
ишин өркүндөтүү маселелери боюнча;
- тийиштүү материалдарды даярдоону жана колдонуудагы мыйзамдардын
алкагында жол-жобо маселелерин чечүүнү ишке ашырат.
13. Президенттин Администрациясы мамлекет башчысынын региондук са-
ясат жагындагы ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу максатында:
- өлкөнүн региондук саясатынын стратегиясы, жергиликтүү
өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдарынын конструктивдүү биргелешкен иши,
алардын өлкөнүн борбордук органдары, коњшу мамлекеттердин чегара реги-
ондору менен өзара аракеттениши боюнча Кыргыз Республикасынын Президен-
ти үчүн божомолдорду жасайт жана сунуштарды иштеп чыгат;
- мамлекет башчысынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жа-
на жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары менен өзара аракеттенүүсүн
камсыз кылат;
- бардык мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын Кыргыз
Республикасынын Президентинин актыларын жана тапшырмаларын талаптагыдай
аткарылышына, Өкмөттүн жана башка аткаруу органдардын, жергиликтүү мам-
лекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу орган-
дарынын актыларынын мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасынын Президенти-
нин актыларына ылайык келишине контролдук кылат,
- Өкмөттүн жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын ченем-
дик-укуктук актыларын токтото туруу жөнүндө же башка ченемдик актыларды
белгиленген тартипте конституциялык эмес деп табуу жөнүндө мамлекет
башчысына сунуш киргизет.
Аталган контролдукту жүзөгө ашыруу үчүн Президенттин Администраци-
ясы:
- туруктуу негизде текшерүүлөрдү жүргүзөт, зарыл болгон учурда ти-
йиштүү кызмат адамдарынын оозеки түшүндүрмөлөрүн угат жана кат
жүзүндөгү түшүндүрмөлөрүн талап кылат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Пре-
зидентинин актыларын сактабагандыгы жана анын тапшырмаларын аткарбаган-
дыгы үчүн күнөөлүү кызмат адамдарына белгиленген тартипте жоопкерчилик
чараларын колдонууну кошкондо, мындай бузуулар табылганда аларды жоюу
боюнча чараларды көрөт.
Президенттин Администрациясы жүргүзгөн текшерүүлөрдүн натыйжалары
жана алар боюнча тыянактар Кыргыз Республикасынын Президентине туруктуу
билдирилип турат.
14. Президенттин Администрациясы мамлекет башчысынын Кыргыз Рес-
публикасынын Конституциялык соту жана Жогорку соту, жергиликтүү соттору
менен өзара аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктарын камсыз кылуу менен:
- Сот адилеттик иштери боюнча улуттук кењештин сунуштары боюнча
судьяларды шайлоо, дайындоо, ротациялоо же бошотуу боюнча тийиштүү до-
кументтерди даярдоону жүргүзөт;
- колдонуудагы мыйзамдардын жана сот ишин жүргүзүүнүн чегинде ти-
йиштүү материалдарды жана жол-жобо маселелерин чечүүнү даярдайт, ошон-
дой эле конкреттүү иштер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин
таламдарына өкүлдүк кылат.
15. Президенттин Администрациясы:
- саясый партиялар, коомдук бирикмелер, жалпыга маалымдоо каражат-
тары жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен өзара аракетте болот;
- Кыргыз Республикасынын Президенти өткөрүп жаткан ички жана тышкы
саясатты түшүндүрөт, мамлекет башчысынын ишин жалпыга маалымдоо кара-
жаттарынан чагылдырууну камсыз кылат.
16. Президенттин Администрациясы мамлекет башчысынын түздөн-түз
ага баш ийген жана отчет берген мамлекеттик органдарга жана Кыргыз Рес-
публикасынын Президентине караштуу консультациялык-кењешүү органдарына
карата ыйгарым укуктарын камсыз кылуу максатында:
- мамлекет башчысына ага түздөн түз баш ийген жана отчет берген
мамлекеттик органдардын ишин өркүндөтүү маселелери жана Кыргыз Респуб-
ликасынын Президентине караштуу консультациялык-кењешүү органдарын
түзүү, жоюу жана алардын иши боюнча сунуш киргизет;
- мамлекет башчысына түздөн-түз баш ийген жана отчет берген мамле-
кеттик органдар менен өзара аракеттенүүнү жана алардын ишин координаци-
ялоону камсыз кылат;
- мамлекет башчысына караштуу консультациялык-кењешүү органдарынын
ишин камсыз кылат.
17. Президенттин Администрациясы Кыргыз Республикасынын Президен-
тинин ишин уюштуруу жагынан камсыз кылууну, анын ичинде анын катышуусу
менен иш-чараларды өткөрүүнү жүзөгө ашырат, мамлекеттик органдарды жана
жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарын Кыргыз Республикасынын Прези-
дентинин тапшырмасы же мамлекет башчысынын катышуусу менен уюшулган
иш-чараларды өткөрүүгө тартат.
18. Президенттин Администрациясы Кыргыз Республикасынын Президен-
тинин мамлекеттик кызмат жана кадр саясаты жагындагы багытын жүргүзүүнү
камсыз кылуу менен:
- өлкөдөгү мамлекеттик кызматтын жана кадр саясатынын абалына,
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кызматкерлерин
кесиптик жактан даярдоонун дењгээлине талдоо жасайт;
- мамлекет башчысынын кароосуна мыйзамдарды жана мамлекеттик кыз-
мат системасын өркүндөтүү, Кыргыз Республикасынын Президенти дайындай
турган же ал Парламентке сунуш кыла турган кадрларды тандоо жана жай-
гаштыруу боюнча сунуштарды киргизет;
- кызматка дайындоодо жана кызматтан бошотууда материалдарды та-
риздейт, мамлекет башчысы дайындаган жана аны менен макулдашылуучу кыз-
мат адамдарынын мамлекеттик кызмат өтөөсү менен байланышкан башка масе-
лелерди чечет, алардын жеке иштерин жүргүзөт;
- Президенттин Администрациясынын кызматчыларын даярдоо жана кайра
даярдоону уюштурат, этика нормаларын сактоо боюнча иш жүргүзөт.
19. Президенттин Администрациясы мамлекет башчысынын ишин документ
жагынан камсыз кылууну жүзөгө ашыруу менен:
- мамлекет башчысы кол койгон мыйзамдарды жана Кыргыз Республика-
сынын Президенти чыгарган актыларды каттоону жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларын, мамлекет башчы-
сына караштуу консультациялык кењешүү органдарынын документтерин талап-
тагыдай тариздөөнү, таркатууну жана жарыялоону камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларын расмий чечмелейт
(түшүндүрмө берет); мыйзамдарды жана Кыргыз Республикасынын Президенти-
нин актыларын басып чыгаруу ишин жүргүзөт;
- Президенттин Администрациясында иш кагаздарын жүргүзүүнү уюшту-
рат;
- Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүндөгү аткаруу
тартибинин абалына талдоо жүргүзөт;
- кызматтык документтерди карайт;
- жарандарды кабыл алууну, жарандардын каттарын жана арыздарын ка-
роону уюштурат;
- документтердин жүгүртүлүшүн, анын ичинде мамлекет башчысынын да-
регине, Президенттин Администрациясына жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнө
келип түшкөн кат-кабарларды талдайт;
- иш кагаздарын жүргүзүүдө расмий тил менен айкалышта мамлекеттик
тилди милдеттүү түрдө колдонууга, иш кагаздарын жүргүзүү эрежелерин
сактоого, архив ишин жүргүзүүгө жана аларды өркүндөтүүгө, иште маалы-
маттык жана телекоммуникациялык эњ жањы технологияларды пайдаланууга
багытталган чараларды көрөт.
20. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы мамлекет
башчысынын башка ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу максатында:
- жарандык, саясий башкалка берүү маселеси боюнча Кыргыз Республи-
касынын Президентинин чечимдеринин долбоорун даярдайт;
- мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо, Кыргыз Республикасынын ар-
дактуу наамдарын, мамлекеттик сыйлыктарын, жогорку аскердик жана башка
наамдарды, класстык жана атайын чендерди, квалификациялык класстарды
жана дипломатиялык рангдарды берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Прези-
дентине сунуш киргизет;
- Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жарандарга ырайым
кылууну камсыз кылат.
21. Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин камсыз кылуу,
өлкөдөгү жана четөлкөдөгү иштин абалы жөнүндө ага өз убагында жана то-
лук маалымдар кылуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдерин
аткаруу жана алардын аткарылышына контролдук кылуу максатында Прези-
денттин Администрациясы төмөнкүлөргө тапшырмаларды берүүгө укуктуу:
- Өкмөттүн Аппаратына, министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге,
администрациялык ведомстволорго жана башка аткаруу бийлигинин борбордук
органдарына, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администра-
цияларына жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна, Башкы прокуратурага жана
Улуттук коопсуздуктун мамлекеттик комитетине - сот адилеттигин
жүргүзүү, тергөө жана оперативдүү ишке байланышпаган маселелер боюнча;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына, Эсептөө палатасына,
Улуттук статистика комитетине, Социалдык фондго, Улуттук жана Кыргыз
Республикасынын Президентине караштуу башка консультациялык-кењешүү ор-
гандары менен комиссияларга.
22. Президенттин Администрациясы ушул Жободо каралган ыйгарым
укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу.
- мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органда-
рынан, кызмат адамдарынан ар кандай зарыл маалыматтарды, анын ичинде
жашыруун маалыматтарды талап кылууга жана башка уюмдардан суратууга;
- мыйзамдардын, Президенттин Жарлыктары менен буйруктарынын атка-
рылышын текшерүү үчүн атайын комиссияларды, жумушчу топторду түзүүгө,
тартип ишин козгоого жана кызматтык териштирүүлөрдү жүргүзүүгө.
23. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, Кыргыз Республика-
сынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, анын орунбасарлары,
Кыргыз Республикасынын Президентинин кењешчилери, жардамчылары, Кыргыз
Республикасынын Коопсуздук кењешинин катчысы жана Президенттин Адми-
нистрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери тапшырма берүү, зарыл
маалыматтарды суратуу жана алуу укугуна ээ.
24. Мамлекеттик органдар жана кызмат адамдары үчүн милдеттүү болуп
саналган Президенттин Администрациясынын тапшырмаларына жана суроо-та-
лаптарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө жо-
оп берилет. Зарыл болгондо бул мөөнөт коюлган маселелерди аягына чейин
ишке ашыруу үчүн узартылышы мүмкүн.
25. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишин
камсыз кылуу максатында Президенттин Администрациясы Кыргыз Республика-
сынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын
Президенти Президенттин Администрациясына жүктөгөн башка функцияларды
жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга укуктуу.
III. Кыргыз Республикасынын Президентинин
Администрациясынын кызматкерлери
26. Президенттин Администрациясы Кыргыз Республикасынын Президенти
тарабынан аларга жүктөлгөн функцияларды аткарган кызмат адамдарынан
жана түзүмдүк бөлүмдөрдөн турат.
Президенттин Администрациясынын түзүмү жана штаттык саны Кыргыз
Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.
27. Президенттин Администрациясынын курамына төмөнкүлөр кирет:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, Кыргыз Республикасынын
Президентинин Администрациясынын Жетекчиси,
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы жана анын орун
басарлары, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчилери жана
жардамчылары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын
жетекчиси жана анын орун басары, Кыргыз Республикасынын Президентинин
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү жана
анын орун басары, Кыргыз Республикасынын Президентинин
Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, алардын орун
басарлары жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын
башка мамлекеттик кызматчылары;
- Президенттин Администрациясынын башка түзүмдүк бөлүмдөрү жана
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу консультациялык-кеңешүүчү
органдарынын аппараттары.
(КР Президентинин 2009-жылдын 15-январындагы ПЖ N 28 Жарлыгынын
редакциясына ылайык)
28. Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү жана
кызмат адамдары (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, Кыргыз
Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысын жана аппаратын кошуу
менен Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши, Кыргыз Республикасынын
Президентинин кеңешчилери, жардамчылары жана Катчылыгы) ушул Жобонун
жана Кыргыз Республикасынын Президентинин бекиткен алар жөнүндөгү
жоболордун негизинде иштейт .(КР Президентинин
2009-жылдын 15-январындагы ПЖ N 28 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
29. Президенттин Администрациясынын кызматкерлери Кыргыз
Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Президентинин
Администрациясынын Жетекчиси тарабынан Кыргыз Республикасынын
Президенти аныктаган кызмат орундарына дайындалган мамлекеттик
кызматчылар болуп саналат.
30. Президенттин Администрациясынын кызматкерлери ушул Жобо,
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк
бөлүмдөрү жана кызмат адамдары жөнүндөгү жоболор, кызматтык
нускоолор жана Администрациянын жетекчилигинин көрсөтмөлөрү менен
аныкталган компетенциянын чегинде бардык мамлекеттик, башка
органдар менен уюмдар, ошондой эле жарандар менен мамилесинде
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлдөрү
болуп саналат.
31. Президенттин Администрациясынын кызматкерлеринин ишинин
ушул Жобо менен жөнгө салынбаган маселелери, алардын функциялары,
укуктары жана милдеттери, ошондой эле алардын ишин уюштуруу
жана анын шарты Президенттин Администрациясынын тийиштүү түзүмдүк
бөлүмдөрү жана кызмат адамдары жөнүндөгү жоболор, Кыргыз
Республикасынын Президентинин башка актылары, Кыргыз Республикасынын
Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин актылары жана кызматтык
нускоолору менен аныкталат.
IV. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы
32. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы өз ишин Кыргыз Рес-
публикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин
актыларына, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы жөнүндө Жобого,
Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмаларына ылайык жана анын
түздөн-түз жетекчилиги астында жүргүзөт.
V. Кыргыз Республикасынын Президентинин
Администрациясына жетекчилик кылуу
33. Президенттин Администрациясына Кыргыз Республикасынын Прези-
дентинин Администрациясынын Жетекчиси (мындан ары - Президенттин Адми-
нистрациясынын Жетекчиси) башчылык кылат, ал Кыргыз Республикасынын
Президенти тарабынан дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Президенттин Администрациясынын Жетекчиси түздөн түз Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин жетекчилиги астында иштейт жана мамлекет
башчысынын ыйгарым укуктарын турмушка ашыруу боюнча аткаруу, контролдоо
жана тескөө функцияларын жүзөгө ашырат.
Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орунбасары болот, ал
Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат жана кызматтан
бошотулат. Президенттин Администрациясынын Жетекчиси жокто анын милде-
тин Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орунбасары аткарат.
Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орунбасары функция-
ларды Президенттин Администрациясынын Жетекчиси бекиткен милдеттерди
бөлүштүрүүгө ылайык аткарат.
34. Президенттин Администрациясынын Жетекчиси:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы жана Кыргыз Республи-
касынын Коопсуздук кењешинин катчысы менен алар тейлеген маселелер бо-
юнча өзара аракетте болот;
- Президенттин Администрациясынын бардык бөлүмдөрүнүн өзара ара-
кеттенүүсүн координациялайт;
- Президенттин Администрациясынын Коллегиясынын жыйналыштарында
төрагалык кылат жана анын чечимдерине кол коет;
- ички жана тышкы саясаттын маселелери боюнча Кыргыз Республикасы-
нын Президенти үчүн сунуштарды белгиленген тартипте даярдоону камсыз
кылат;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин кабыл алуусуна келгендерди
киргизүү тартибин белгилейт жана камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын Президенти дайындай турган кызматтарга
талапкерлер жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентинин ка-
роосуна киргизет;
- Кыргыз Республикасынын Президенти дайындай турган кызмат адамда-
рын кошпогондо, Президенттин Администрациясынын кызматкерлерин кызматка
дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Президенттин Администрациясынын компетенциясына кирген маселелер
боюнча милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон буйруктарды чыгарат;
- Президенттин Администрациясынын чыгымдарынын сметасынын чекте-
ринде финансылык каражаттарды тескейт;
- белгиленген тартипте Президенттин Администрациясынын кызматкер-
лерине мамлекеттик кызматтын класстык чендерин берет;
- аткаруу бийлик органдарынын, башка мамлекеттик органдардын же-
текчилерине Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосунда же карама-
гында болгон маселелер боюнча материалдарды жана сунуштарды даярдоо
жөнүндө тапшырмаларды берет жана тиешелүү тапшырмалардын аткарылышы
жөнүндө отчетторду угат;
- Президенттин Администрациясынын карамагына кирген маселелерди
чечүүгө катышуу үчүн министрликтердин жана башка борбордук органдардын,
жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын кызмат адамдарын жана кыз-
маткерлерин, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын кызматчыларын,
ошондой эле башка уюмдардын, илим-изилдөө мекемелеринин өкүлдөрүн,
илимпоздорду жана адистерди тартат, анын ичинде келишимдик негизде тар-
тат;
- мыйзамдардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын
жана буйруктарынын келип түшкөн долбоорлорун комплекстүү экспертизадан
өткөрүүнү камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларынын жана тапшырма-
ларынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнөн жана Өкмөтүнүн Аппаратынан, министрликтерден, мамлекеттик ко-
митеттерден жана администрациялык ведомстволордон, жергиликтүү мамле-
кеттик администрациялардан жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органда-
рынан суратат жана алат;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшыруусу боюнча башка
функцияларды аткарат.
VI. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кењеши
35. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кењеши өз ишин Кыргыз Рес-
публикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин
актыларына, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кењеши жөнүндө Жобого,
Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмаларына ылайык жана Кыргыз
Республикасынын Президентинин түздөн-түз жетекчилиги астында ишке ашы-
рат.
VII. Кыргыз Республикасынын Президентинин
кењешчилери жана жардамчылары, Кыргыз
Республикасынын Президентинин Администрациясынын
түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери
36. Кыргыз Республикасынын Президентинин кењешчилери жана жардам-
чылары (мындан ары - кењешчилер жана жардамчылар):
- Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалат
жана кызматтан бошотулат;
- Президенттин Администрациясынын түзүмүнө кирет;
- ушул Жободо жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кењешчиле-
ри жана жардамчылары жөнүндө жоболордо, мамлекет башчысынын жана Адми-
нистрациянын Жетекчисинин башка актыларында жана тапшырмаларында белги-
ленген компетенцияга ылайык иштейт.
Айрым маселелерди иликтөө үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти
кењешчилерди жана жардамчыларды коомдук башталыштарда дайындалышы
мүмкүн (Президенттин Администрациясынын штаттан тышкаркы саны).
37. Кењешчилердин негизги милдеттери болуп өздөрү тейлеген багыт-
тар боюнча өлкөдөгү жана андан сырткары жерлердеги иштин абалын талдоо
жана мамлекет башчысына маалымат берүү, мамлекет башчысынын ишинин ар
кандай багыттары боюнча кењештерди иштеп чыгуу жана Кыргыз Республика-
сынын Президентине берүү саналат.
Жардамчылардын негизги милдеттери болуп Кыргыз Республикасынын
Президентине конкреттүү багыттар боюнча өз ишин жүргүзүүгө жардам жана
колдоо көрсөтүү саналат.
Кыргыз Республикасынын Президенти мамлекет башчысынын алдында тур-
ган милдеттердин биринчи кезектүүлүгү жана маанилүүлүгүнө жараша кењеш-
чилер менен жардамчыларга ушул Жободо каралгандан айырмаланган милдет-
терди жана ыйгарым укуктарды жүктөшү мүмкүн Мамлекет башчысы кењешчи-
лердин жана жардамчылардын санын жана ишинин багытын, ошондой эле алар-
дын алдында консультанттардын же жардамчылардын болушунун зарылчылыгын
аныктайт
38. Кењешчилердин жана жардамчылардын негизги милдеттери болуп
төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Президенттин Админист-
рациясынын катышуусу менен иш-чараларды уюштурууга катышат;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларын жана тапшырмала-
рын мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын ойдогудай аткарышы-
на контролдук кылууга, мамлекет башчысы жүргүзүп жаткан ички жана тышкы
саясатты түшүндүрүүгө жана анын ишин жалпыга маалымдоо каражаттарында
чагылдырууга катышат;
- Президенттин Администрациясынын, Өкмөттүн Аппаратынын кызмат
адамдары жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, министрликтер, мамле-
кеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор, башка органдар
менен биргелешип аракеттенет жана белгиленген тартипте зарылчылыгына
жараша алардын кызматкерлерин кењешчилер менен жардамчылардын карамагы-
на берилген маселелерди чечүүгө тарта алат;
- мамлекет башчысын зарыл маалыматтык-талдоо жана аныктама матери-
алдар менен камсыз кылат, өлкөнүн жана анын региондорунун өнүгүшүнүн ар
кандай багыттары боюнча жүргүзүлүп жаткан мониторингдин жана талдоонун
негизинде Кыргыз Республикасынын Президентине тиешелүү сунуштарды жана
рекомендацияларды киргизет;
- өздөрүнүн ыйгарым укуктарына ылайык Кыргыз Республикасынын Пре-
зидентинин тиешелүү чечимдеринин долбоорлоруна виза коет;
- өздөрүнүн дарегине жөнөтүлгөн кат-кабарларды, кызматтык докумен-
ттерди жана жарандардын кайрылууларын карайт, жарандарды кабыл алат.
39. Кењешчилердин жана жардамчылардын ортосунда милдеттерди бөлүш-
түрүүнү Кыргыз Республикасынын Президенти бекитет
40. Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчи-
лерине Президенттин Администрациясынын бөлүм башчылары жана Кыргыз Рес-
публикасынын Президенти тарабынан дайындалган башка кызмат адамдары ки-
рет
41. Түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси бөлүмдүн ишине жетекчилик кылат
жана Президенттин Администрациясынын кызмат адамдары жана жетекчилиги,
башка органдар жана кызмат адамдары менен мамилелерде анын атынан иш
алып барат, бөлүмгө жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылы-
шы жана эмгек тартибинин абалы үчүн жекече жоопкерчилик тартат.
42. Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси:
- бөлүмдүн кызматкерлеринин функциялык милдеттерин аныктайт;
- өзү жетекчилик кылган бөлүмдүн кызматкерлерин белгиленген тар-
типте макулдашылган дайындоо жана кызматтан бошотуу жөнүндө сунуштарды
Президенттин Администрациясынын Жетекчисине киргизет;
- бөлүмдүн компетенциясынын чектеринде кызматтык документтерге кол
коет;
- белгиленген тартипте макулдашылган кызматкерлерди сыйлоо, аларга
карата тартип жазасын колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизет.
43. Президенттин Администрациясынын структуралык бөлүмүнүн жетек-
чиси төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик байланыш жана коммуникация системаларын пайдалануу-
га, мамлекеттик органдардын маалыматтарынын маалымат базасын пайдала-
нууга;
- Президенттин Администрациясынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнүн ка-
рамагына кирген маселелер боюнча мамлекеттик жана мамлекеттик эмес ор-
гандар, кызмат адамдары менен кызматтык кат алышууну жүргүзүүгө;
- мыйзамда белгиленген тартипте Парламенттин, анын комитеттеринин,
Өкмөттүн, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин коллегияларынын
жыйналыштарына, башка борбордук мамлекеттик органдардын жана жергилик-
түү өзалдынча башкаруу органдарынын жыйналыштарына (кењешмелерине) ка-
тышууга;
- түзүмдүк бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мамле-
кеттик органдардын жетекчилеринин маалыматын угууга;
- Президенттин Администрациясынын Коллегиясынын күн тартибин түзүү
боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- тиешелүү органдардын жетекчилери менен макулдашуу боюнча Прези-
денттин Администрациясынын жана өзүнүн бөлүмүнүн карамагына кирген ма-
селелерди чечүүгө катышууга Парламенттин, соттордун, Өкмөттүн аппарат-
тарынын кызматчыларын тартууга;
- өзүнүн бөлүмүнүн карамагына кирген маселелерди чечүүгө катышууга
белгиленген тартипте борбордук аткаруу бийлик органдарынын, жергиликтүү
мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу ор-
гандарынын кызматчыларын, ошондой эле башка уюмдардын, илим-изилдөө ме-
кемелеринин өкүлдөрүн, илимпоздорду жана адистерди тартууга;
- Президенттин Администрациясынын же тиешелүү бөлүмдүн ишин жүзөгө
ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматты мамлекеттик органдардан талап кылып
алууга, ушул Жобонун 25-27-пункттарына ылайык тапшырмаларды берүүгө;
- ушул Жободо, тиешелүү түзүмдүк бөлүм жөнүндө жободо каралган же
Президенттин Администрациясынын Жетекчиси ага жүктөгөн башка ыйгарым
укуктарды жүзөгө ашырууга.
VIII. Кыргыз Республикасынын Президентинин
Администрациясынын Коллегиясы
44. Президенттин Администрациясынын компетенциясына кирген алда
канча маанилүү маселелерди коллегиялуу талкуулоо, республиканын мыйзам-
дарын сактоо, Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларын, Президен-
ттин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин тап-
шырмаларын аткаруу боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын кызмат адам-
дарынын маалыматын жана отчетторун угуу, табылган эреже бузууларды жоюу
боюнча уюштуруу чараларын көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти-
нин Администрациясынын Коллегиясы (мындан ары - Коллегия) түзүлөт.
45. Коллегиянын курамын Кыргыз Республикасынын Президенти анык-
тайт.
46. Коллегия Президенттин Администрациясынын Жетекчиси жана анын
орунбасары, Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башка
кызмат адамдары жана жетекчилери киргизген маселелерди карайт.
47. Коллегиянын жыйналыштары зарылчылыкка жараша, бирок кварталына
кеминде бир жолу Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин төрагалы-
гы астында өткөрүлөт. Коллегиянын чечимдери жыйналышка Коллегиянын мү-
чөлөрүнүн кеминде үчтөн эки бөлүгү катышкан шартта жөнөкөй көпчүлүк до-
буш менен кабыл алынат.
48. Коллегия тиешелүү түрдө төмөнкүдөй маселелер боюнча чечимдерди
же сунуштарды чыгарат:
- саясий-укуктук жана социалдык-экономикалык мамилелерди жөнгө
салган алда канча маанилүү маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Пре-
зидентинин жарлыктарынын долбоорлорун иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын Президенти үчүн сунуштарды иштеп чыгуу
менен мамлекеттик бийлик органдарынын өзара аракеттенүүсүн жана ишин
координациялоону камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын Президенти үчүн сунуштарды иштеп чыгуу
менен мамлекеттик органдардын жана башка органдардын ишин өркүндөтүү;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдеринин тиешелүү дол-
боорлорун даярдоо менен, дайындоо жана бошотуу жөнүндө чечим кабыл алуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин компетенциясына кирген мамлекеттик
органдардын жетекчилерин кызматтан бошотуу;
- карап чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине су-
нуштарды жөнөтүү менен, Өкмөт дайындап жана бошото турган мамлекеттик
органдардын жетекчилерин кызматтан бошотуу;
- аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу-
нун аткаруу-тескөө органдарынын кызмат адамдары жагынан тартип жазала-
рын колдонуу, мында зарылчылык болгон учурда бул жөнүндө документтер
тартип жазасын колдонууга ыйгарым укуктуу адамдарга жөнөтүлөт.
49. Мамлекеттик органдардын жетекчилеринин тартип жоопкерчилигинин
маселелери Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик
кызматчылардын этикасынын маселелери боюнча комиссиянын корутундусу бар
болгон учурда Коллегияда каралат.
IX. Башка жоболор
50. Президенттин Администрациясы юридикалык жактын статусуна ээ,
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү жана өзүнүн аталышы
түшүрүлгөн мөөрү бар.
51. Президенттин Администрациясынын, анын кызмат адамдарынын жана
түзүмдүк бөлүмдөрүнүн финансылык, материалдык-техникалык жактан камсыз
кылууну Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жүзөгө ашы-
рат.