Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 18-февралы ПЖ N 79 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Маалыматтык-коммуни-кациялык технологиялар боюнча кењештин ишин оптималдаштырууну камсызкылуу максатында токтом кылам: 1. "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Маалыматтык-ком-муникациялык технологиялар боюнча кењеш жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин 2006-жылдын 1-февралындагы N 38 Жарлыгына төмөнкүдөйөзгөртүүлөр киргизилсин: - жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз РеспубликасынынПрезидентине караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнчакењештин (мындан ары - Кењеш) курамынан А.Т.Алыбаев чыгарылсын; - Кењештин курамына Кыргыз Республикасынын Президентинин Админист-рациясынын Жетекчисинин орунбасары Бекбоев Замир Исакович Кењештинтөрагасынын биринчи орунбасары болуп киргизилсин. 2. "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Маалыматтык-ком-муникациялык технологиялар боюнча кењеш жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасы-нын Президентинин 2007-жылдын 24-декабрындагы N 562 жарлыгынатөмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: - 2-пункттагы ""бир айлык мөөнөттө" деген сөздөр "үч айлыкмөөнөттө" деген сөздөр менен алмаштырылсын. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ыла-йык келтирсин. 4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-публикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социал-дык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн. 5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев