Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 24-декабры ПЖ № 562 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 1-февралындагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Кењеш жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралу (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 18-февралындагы № 79
Жарлыгынын редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу маалыматтык-коммуни-кациялык технологиялар боюнча Кењештин ишин оптималдаштырууну камсызкылуу максатында токтом кылам: 1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 1-февралындагы№ 38 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу маалыматтык-коммуни-кациялык технологиялар боюнча Кењеш жөнүндө"
Жарлыгына төмөнкүдөй өз-гөртүү киргизилсин: - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу маалыматтык-комму-никациялык технологиялар боюнча Кењештин (мындан ары - Кењеш) жогорудааталган Жарлык менен бекитилген
курамы ушул Жарлыктын
тиркемесине ылай-ык жањы редакцияда берилсин. 2. Кењештин жооптуу катчысы үч айлык мөөнөттө Кењештин кароосуна"Кыргыз Республикасын өнүктүрүү үчүн маалыматтык-коммуникациялык техно-логиялар" Улуттук стратегиясын ишке ашыруу боюнча иштердин Орточо мөө-нөттүү планынын долбоорун киргизсин. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 18-февралындагы№ 79
Жарлыгынын редакциясына ылайык) 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылай-ык келтирсин. 4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-публикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социал-дык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн. 5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
"№ 2 тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 1-февралындагы № 38 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Кењештин КУРАМЫ Бакиев Курманбек - Кыргыз Республикасынын Президенти, Кењештин Салиевич төрагасы; Алыбаев Айбек - Кыргыз Республикасынын Президентинин Адми- Ташибекович нистрациясынын жетекчисинин орунбасары, Кењештин төрагасынын биринчи орунбасары; Темирбаев Курманбек - Кыргыз Республикасынын Президентинин иш Токтосунович башкаруучусу, Кењештин төрагасынын орунба- сары; Мамытов Токтокүчүк - Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кењешинин Болотбекович катчысы, Кењештин төрагасынын орунбасары; Карагулов Аманат - Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш Нурдинович башкармасынын маалыматташтыруу жана теле- коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы, кењештин жооптуу катчысы. Кењештин мүчөлөрү (кызмат орундары боюнча): - Кыргыз Республикасынын Президентинин Адми- нистрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы; - Кыргыз Республикасынын транспорт жана ком- муникациялар министри; - Кыргыз Республикасынын финансы министри; - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри; - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин директору; - Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттигинин директору; - Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Коомдук маалыматтык борбордун директору; - "Кыргызтелеком" ААКнын төрагасы - Башкарма- лыктын төрагасы (макулдашуу боюнча); - Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү програм- масынын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү (макулдашуу боюнча); - Кыргыз Республикасынын Байланыш операторло- рунун ассоциациясынын директору (макулдашуу боюнча); жекече тизме: Бримкулов Улан - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук универ- Нургазиевич ситетинин кыргыз-америкалык Интернет-фа- культетинин деканы (макулдашуу боюнча); Живоглядов Валерий - Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян уни- Петрович верситетинин Билимдердин электрондук ме- неджмент борборунун директору (макулдашуу боюнча); Кыдыралиев Тургунбек - маалыматтык-коммуникациялык технологиялар Нааматович боюнча эксперт (макулдашуу боюнча); Каипов Сулайман - "Манас" Кыргыз-Түрк университетинин ректору Турдуевич (макулдашуу боюнча); Фесенко Андрей - Билим берүүгө МКТны киргизүү боюнча Азия Владимирович реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын долбоорунун улуттук координатору (макулда- шуу боюнча)".