Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
КР Президентинин
2011-жылдын 3-июнундагы ПЖ N 133 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2008-жылдын 11-апрели ПЖ N 131
Экономикалык кылмыштын түрлөрүнө каршы күрөштү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын функцияларын
жана ыйгарым укуктарын иретке келтирүү жөнүндө
Экономикалык кылмыштын түрлөрүнө каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, бул чөйрөдө ишти жүзөгө ашырган мамлекеттик органдардын функцияларын жана ыйгарым укуктарын иретке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42, 68, 71 жана 73-беренесин, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11- жана 22-статьясын жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр максатка ылайык деп эсептелсин:
- Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин башка укук коргоо органынын статусун берүү менен жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясына Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун мамлекеттик комитетинен, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинен жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинен функцияларды жана ыйгарым укуктарды, изин суутпай-издөө иштерин жана кылмыштын экономикалык түрлөрү боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүүчү бөлүмдөрдүн штаттык санын, аларды күтүүгө каралган финансылык каражаттарды, ошондой эле тиешелүү материалдарды жана жабдууларды андан ары өткөрүп берүү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясын белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматына өзгөртүп түзүү;
- Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы Кыргыз Республикасынын аймагында жасалуучу кылмыштардын экономикалык түрлөрүн табуу, алдын алуу, бөгөт коюу, бетин ачуу жана изилдөө жүргүзүүчү бирден-бир орган болуп саналаарын белгилөө.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте бир айлык мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ушул Жарлыктан келип чыгуучу тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;
- ушул Жарлыктан келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын тийиштүү долбоорлорун иштеп чыксын жана киргизсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнө жана коргонуу жана коопсуздук иштери боюнча бөлүмгө жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |