КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2011-жылдын 3-июну ПЖ № 133
Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө
Мурда кабыл алынган чечимдерди колдонуудагы мыйзамдарга ылайык келтирүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 11-апрелиндеги № 131 "Экономикалык кылмыштын түрлөрүнө каршы күрөштү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын функцияларын жана ыйгарым укуктарын иретке келтирүү жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 11-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын финансылык полиция мамлекеттик кызматы жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 15-февралындагы № 50 "Кыргыз Республикасынын финансылык полиция мамлекеттик кызматынын ишине тиешелүү Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралу" Жарлыгынын 2-пункту.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |