Загрузка документа…
КР Президентинин
2013-жылдын 7-июнундагы ПЖ № 139 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
1994-жылдын 6-сентябры ПУ № 232
Калктын кирешелерине декларация толтурууга өтүү боюнча чаралар жөнүндө
Граждандардын кирешелерин эсепке алуу системасын тартипке келтирүү жана салык салуу механизмин өркүндөтүү максатында, ошондой эле аз камсыз болгон граждандарга даректүү социалдык жардам көрсөтүү үчүн
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 1995-жылдын 1январынан баштап төмөнкүлөр белгиленсин:
Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган жана Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чектеринен тышкары жердеги иш-аракеттеринен киреше алышкан Кыргыз Республикасынын граждандары, чет өлкөлүк граждандар жана граждамдуулугу жок адамдар (анын ичинде юридикалык жакты түзбөгөн жекече ээлик кылуучу ишкерлер) салык органдарына акчалай же натура түрүмдө алышкан (кыймылдуу жама кыймылсыз мүлктөн алынган) кирешелери жөнүндө жылыма кеминде бир жолу декларация толтурууга милдеттүү;
Кыргыз Республикасында туруктуу жашабаган адамдар салык органдарына Кыргыз Республикасынын аймагында акчалай же натура түрүндө алышкан кирешелери (кыймылдуу жама кыймылсыз мүлктөн алынган кирешелерди кошкондо) жөнүндө жылына кеминде бир жолу декларация толтурууга милдеттүү;
мамлекеттик кызматка кирген граждандар, ушул кызматтагы адамдардай эле, кирешелерине (мүлк абалы жөнүндөгү маалыматтарды кошкондо) декларация толтурууга милдеттүү;
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
а) 1994-жылдын 1-ноябрына чейин:
Калктын кирешелерине декларация толтуруу жөнүндөгү жобону иштеп чыксын жана бекитсин:
калктын кирешелерине декларация толтурууга өтүүнүн методикалык жана уюштуруу техникалык жактан камсыз кылынышына багытталган бардык иш-чараларды жүргүзсүн;
б) 1994-жылдын 1-декабрына чейин кийин Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ушул Указдан келип чыккан өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун даярдасын;
в) жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу калктын кирешелерине декларация толтурууга байланышкан маселелерди түшүндүрүү боюнча чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Акаев |