Загрузка документа…
КР Президентинин
2013-жылдын 7-июнундагы ПЖ № 139 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
1994-жылдын 23-декабры ПУ № 347
Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү фондун финансылык камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө
Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү Фондунун финансылык базасын чыңдоо жана калкты иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик саясатын натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушу кабыл алынсын жана иштеген граждандардын Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү Фондуна милдеттүү түрдөгү камсыздандыруу взностору 1993-жылдын 1-январынан тартып эмгек акынын 0,3 процент өлчөмүндө белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кийин Киргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү үчүн "Калкты иш менен камсыз кылуу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" мыйзамдын долбоорун 1995-жылдын 1-февралына чейин даярдасын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Акаев |