Загрузка документа…
КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 228 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2008-жылдын 30-майы ПЖ № 188
Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Президентинин 2010-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 237, 2022-жылдын 18-июлундагы ПЖ № 244 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин этап-этабы менен ишке ашыруу жана "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү, ошондой эле жергиликтүү сотторду тийиштүү материалдык-техникалык, финансылык камсыз кылуу боюнча жоболорду тактоо, аларды бири-бирине мамлекеттик жана расмий тилдерде шайкеш келтирүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. (КР Президентинин 2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 237 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы ПЖ № 244 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы ПЖ № 244 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 21-апрелиндеги № 143 "Кыргыз Республикасынын Сот департаменти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьялардын окуу Борбору жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 10-пункттун бешинчи абзацындагы "экинчи, үчүнчү абзацтар" деген сөздөр "экинчи абзац" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 11-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жарлыктын аталышы жана бүткүл текст боюнча "мамлекеттик кызматчылар" деген сөздөрдөн мурда ар кандай жөндөмөлөрдө "Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьяларды окутуу Борбору, Сот департаменти жана" деген сөздөр менен толукталсын";
- жогоруда аталган Жарлыктын текстинин 12-пункту мамлекеттик тилде төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 31-июлундагы "Кыргыз Республикасынын Сот департаменти жөнүндө" Жарлыгына толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 17-февралындагы № 33 Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.".
5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |