Загрузка документа…
КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 228 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2008-жылдын 21-апрели ПЖ № 143
Кыргыз Республикасынын Сот департаменти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьялардын окуу Борбору жөнүндө
(КР Президентинин 2008-жылдын 30-майындагы ПЖ № 188, 2008-жылдын 19-июнундагы ПЖ № 223 2009-жылдын 20-июлундагы ПЖ № 313, 2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 237, 2014-жылдын 5-ноябрындагы ПЖ № 201, 2022-жылдын 18-июлундагы ПЖ № 244 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторун материалдык-техникалык жана финансылык жактан талаптагыдай камсыз кылуу жана сот актыларын аткаруу, судьяларды окутуунун жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруунун бирдиктүү системасын түзүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Сот департаменти Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин карамагынан чыгарылсын жана ал Кыргыз Республикасынын Сот департаментине кайра түзүү менен Кыргыз Республикасынын сот бийлик бутагынын системасына киргизилсин.
Кыргыз Республикасынын Сот департаментине Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторун, Кыргыз Республикасынын сот адилеттик иштери боюнча Улуттук кеңешти жана судьялардын өзалдынча башкаруу органдарын материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу, ошондой эле мыйзам менен каралган соттук жана башка актыларды аткаруу боюнча функциялар жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын аскердик сотторун материалдык-техникалык жактан камсыз кылуунун мурдагы тартиби сакталып калсын.
2. Кыргыз Республикасынын судьяларын окутуу Борбору Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин карамагынан чыгарылсын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьяларды окутуу Борборуна кайра түзүү менен Кыргыз Республикасынын сот бийлик бутагынын системасына киргизилсин.
Судьяларды, Кыргыз Республикасынын сотторунун, Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин аппараттарынын мамлекеттик кызматчыларын окутуу жана квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлерди окутуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьяларды окутуу Борборунда гана жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьяларды окутуу Борборуна, Кыргыз Республикасынын Сот департаментине жана анын бөлүмдөрүнө алар мурда ээлеп турган имараттар (жайлар) жана пайдаланган мүлктөрү сакталып калсын.
4. (КР Президентинин 2014-жылдын 5-ноябырындагы ПЖ № 201 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Президентинин 2014-жылдын 5-ноябырындагы ПЖ № 201 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьяларды окутуу Борборуна аянты судьяларды, Кыргыз Республикасынын сотторунун, Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин аппараттарынын кызматчыларын жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлерди окутууга жана Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кеңешинин ишин камсыз кылууга мүмкүндүк берген тийиштүү имарат бөлүү жөнүндөгү маселени чечсин же Кыргыз Республикасынын судьяларын окутуу борбору үчүн ушундай имаратты курууга каражат бөлсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту, Кыргыз Республикасынын Сот департаменти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьяларды окутуу Борбору өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин жана ушул Жарлыктан келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.
8. Кыргыз Республикасынын соттук жана укук коргоо органдарын реформалоонун иштелип чыккан Концепциясынын алкагында белгилүү администрациялык-аймактык бирдиктердин базасында пилоттук долбоорду пайдалануу менен 2010-жылга чейин соттук приставдардын институтун киргизүү маселесин иштеп чыгууну максатка ылайыктуу деп эсептесин.
2008-жылдын 1-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, Сот департаменти, Өкмөтү соттук приставдардын институтунун пилоттук долбоорун өткөрүү жана киргизүү боюнча макулдашылган сунуштарды киргизсин.
9. (КР Президентинин 2008-жылдын 19-июнундагы ПЖ № 223 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
10. (КР Президентинин 2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 237 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
11. (КР Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы ПЖ № 244 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
12. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 31-июлундагы "Кыргыз Республикасынын Сот департаменти жонундо" Жарлыгына толуктоо киргизуу тууралу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 17 февралындагы № 33 Жарлыгы кучун жоготту деп табылсын.
(КР Президентинин 2008-жылдын 30-майындагы ПЖ № 188 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте:
- ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу, финансылык жана башка маселелерди чечсин;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
14. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын укуктук саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
15. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |