Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 20-августу ПЖ № 285 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу Кылмыштын экономикалык түрлөрүнүн бетин ачуу жана тергөө боюнчаыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары Кыргыз Республикасынын Финан-сылык полиция кызматынын түзүмүн жана ишин өркүндөтүү максатында, ток-том кылам: 1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы№ 607 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптимал-даштыруу жөнүндө"
Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизил-син: - жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген "Кыргыз Республикасынынминистрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомс-тволорунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген башка аткарууоргандарынын мамлекеттик кызматчыларынын санын чеги" деген
№ 1 тиркеме-нин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген башка башкаруу бийликоргандары" деген бөлүмдүн 1-пунктундагы: "320" деген сан "569" деген сан менен алмаштырылсын; жогоруда аталган
Жарлык менен бекитилген "Мамлекеттик органдардын,Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын же-текчилеринин орунбасарларынын санынын чеги (статс-катчыларды кошпогон-до)" деген
№ 6 тиркеменин 1-пункту "Кыргыз Республикасынын Финансылыкчалгындоо кызматы" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Фи-нансылык полиция кызматы" деген сөздөр менен толукталсын. 2. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-публикасынын Президентинин Администрациясынын коргоо жана коопсуздукиштер боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн. 3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев