Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1993-жылдын 29 июлу ПЖ № 215
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
Эмгек акы, пенсия, пособие жана стипендия өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө
(КР Президентинин 1993-жылдын 29-декабрындагы ПЖ № 417, 2003-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ № 315, 2011-жылдын 17-августундагы ПЖ № 199, Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Инфляция уланып жана эл керктөөчү товарлардын, коммуналдык кызмат көрсөтүүнүн баасы жогорулап жаткан шартта калктын тиричилик деңгээлин төмөндөтпөө максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушу боюнча
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. (КР Президентинин 1993-жылдын 29-декабрындагы ПЖ № 417 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Президентинин 1993-жылдын 29-декабрындагы ПЖ № 417 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Президентинин 2011-жылдын 17-августундагы ПЖ № 199 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1993-жылдын 4-февралындагы «Эмгек акы, пенсия, пособие жана стипендия өлчөмүн жогорулатуу жөнүндөгү» Указында каралып, мурда белгиленген эмгек пенсиясын жана аскер кызматчыларынын пенсиясынын көлөмүн эсептөө үчүн кабыл алынган оңдоо коэфициенти 1993-жылдын 1- августунан баштап 2,0 эсе көбөйтүлсүн. 1993-жылда пенсия көлөмүн эсептөө үчүн кабыл алынган эмгек акыга 2 оңдоо коэфициенти белгиленсин.
5. (КР Президентинин 2003-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ № 315 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү :
- пенсияны жана пособиени бир айдын ичинде жаңыча төлөп берүүнү камсыз кылсын;
- министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, ишканалардын жана уюмдардын жетекчилеринин баанын жана тарифтин негизсиз жогорулашы үчүн жоопкерчилигин жогорулатсын;
- колдонуудагы нормативдик актыларды ушул Указга ылайыкталсын.
7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы коммерция банктары менен бирге бюджет каражаттарын биринчи кезекте эмгек акыны, пенсияны жана стипендияны төлөөгө байланышкан чыгымдарга бөлүп берүүнү камсыз кылсын.
8. Областын, райондук, шаардак, мамлекеттик администрация башчылары калктын жакыр катмарларына жергиликтүү бюджеттин эсебинен ар кандай түрдөгү социалдык кошумча колдоо көрсөтсүн.
9. Бийик тоодо жана алыс жерде иштегендиги үчүн райнодук коефициент эсептелүүчү эмгек акы өлчөмүндө чектөө алынып салсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |