Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
                                   Кыргыз Республикасынын Президентинин                                       2008-жылдын 10-сентябрындагы                                            № 328 жарлыгы менен                                                бекитилген (КР Президентинин 2010-жылдын 26-январындагы ПЖ N 13 Жарлыгынын                   редакциясына ылайык)           Кыргыз Республикасынын судьяларына квалификациялык                   класстарды берүү тартиби жөнүндө                                 ЖОБО                                I глава                             Жалпы жоболор      1. Бул Жобо "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу  жөнүндө"Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык Кыргыз Республи-касынын судьяларына  квалификациялык  класстарды  берүү  тартибин  жанашарттарын  аныктайт жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кењешин КыргызРеспубликасынын Жогорку жана Конституциялык сотторунун алдындагы  судь-ялардын  квалификациялык  коллегияларынын  укугун мурастоочу деп белги-лейт.     2. Квалификациялык класстар Кыргыз Республикасынын ар бир судьясы-на ээлеген кызматына, судьянын кызматындагы иш стажына, сот адилеттигинжүзөгө ашыруунун сапатына, кынтыксыз жүрүш-турушуна жараша берилет.  Судьяга  квалификациялык  классты  берүү Кыргыз  Республикасындагы башка судьялар жагынан анын статусун өзгөртүүнү билдирбейт.                                 II глава                       Квалификациялык класстар      3. Квалификациялык класстар төмөнкүлөргө бөлүнөт:     - бешинчи квалификациялык класска;     - төртүнчү квалификациялык класска;     - үчүнчү квалификациялык класска;     - экинчи квалификациялык класска;     - биринчи квалификациялык класска;     - жогорку квалификациялык класска.                                III глава                   Квалификациялык класстарды берүү                         тартиби жана шарттары      4. Кыргыз  Республикасынын  судьяларына төмөнкүдөй квалификациялыккласстар берилет:     1) жергиликтүү соттордун судьяларына - бешинчи - экинчи квалифика-циялык класстар;     2) Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, Кыргыз Республи-касынын Жогорку сотунун судьяларына - биринчи жана жогорку квалификаци-ялык класстар.         Жергиликтүү соттордун судьяларына  иш  стажына,  сот  адилеттигин

жүзөгө ашыруунун сапатына, кынтыксыз жүрүш-турушуна жараша биринчи

квалификациялык класс берилиши мүмкүн.

(КР Президентинин 2010-жылдын 26-январындагы ПЖ № 13 Жарлыгынын

редакциясына ылайык)

     5. Кезектеги квалификациялык класс үч жылдан эрте берилбейт. Мындаүч жылдык мөөнөт судьянын ыйгарым укуктары жүзөгө ашырылбаган мезгилде-ги мөөнөттү  өзүнө  камтыбайт. Судьяга тартип жазасы колдонулган учурдаүч жылдык мөөнөттүн өтүшү тартип жазасы тындырылды деп эсептелген күнгөчейин убактылуу токтотулат.     Судьяга анын квалификациясын, судьянын кызматындагы иш стажын жанаиш тажрыйбасын  эске  алуу менен, ээлеген кызмат орду боюнча каралгангакарабастан, ырааттуулукту  жана  берилген квалификациялык класста болуумөөнөтүн сактабастан,  бирок  ал ээ болгон класстан эки квалификациялыккласстан ашпаган квалификациялык классты берүүгө жол берилет.     6. Кыргыз  Республикасынын  судьяларына  квалификациялык  класстарКыргыз Республикасынын  Судьялар кењешинин (мындан ары - Судьялар кење-ши) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан берилет.     7. Тиешелүү соттун төрагасы судья берилген квалификациялык класстаболушунун мөөнөтү  аяктаган  күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен су-нушту андан ары карап чыгуу үчүн аны Судьялар кењешине киргизет.     Кыргыз Республикасынын  Конституциялык  сотунун  судьяларына сунушКыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы тарабынан Судья-лар кењешине  киргизилет. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунунТөрагасына сунушту  Кыргыз  Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынынбиринчи орун басары киргизет.     Жергиликтүү соттордун  төрагаларына сунуштар жогору турган соттор-дун төрагалары тарабынан Судьялар кењешине киргизилет.     Кыргыз Республикасынын  жергиликтүү сотторунун судьяларына сунуштутиешелүү соттордун төрагалары Судьялар кењешине киргизет.     8. Судьялар  кењеши квалификациялык классты берүү жөнүндө маселенитиешелүү соттун төрагасынын сунушу келип түшкөн күндөн тартып бир айдыничинде карайт.     9. Квалификациялык  классты  берүү жөнүндө сунуш судьянын кесиптикишине баа берүүнү, ишмер жана адептик сапаттарын чагылдырган ага мүнөз-дөмөнү, ошондой эле ал сот адилеттигин жүзөгө ашырышынын сапаты жөнүндөмаалыматты камтууга тийиш.     10. Кызмат  ордуна  биринчи  жолу дайындалган жана квалификациялыкклассы болбогон  жергиликтүү  соттун  судьясына бешинчи квалификациялыккласс дайындалган күндөн тартып алты айдан кийин берилет.     11. Квалификациялык класстарды берүү жөнүндө маселелерди карап чы-гуу учурунда  Судьялар кењешинин жыйналыштары Судьялар кењешинин Регла-ментине ылайык өткөрүлөт.     Сунушту киргизген  соттун  төрагасы Судьялар кењешинин жыйналышынакатышууга укуктуу.     Сунуш кылынган  документтерди иликтеп чыккандан кийин Судьялар ке-њеши квалификациялык классты ыйгарууга корутунду берүү жөнүндө же судь-яны мурдагы класста калтыруу жөнүндө чечим кабыл алат.     Судьялар кењеши судьяны ага мурда берилген квалификациялык класстакалтыруу жөнүндө  чечим  кабыл алган учурда кайталап карап чыгуу көрсө-түлгөн чечим кабыл алынган күндөн тартып бир жылдан кийин жүргүзүлөт.     12. Квалификациялык классты берүү жөнүндө корутундуну Судьялар ке-њеши Кыргыз Республикасынын Президентине жөнөтөт.     13. Квалификациялык  класстар  берилген судьялар анда өмүр бою ка-лат. Кезектеги квалификациялык классты берген учурда мурдагы квалифика-циялык класс жоготулат.     14. Судьяны  квалификациялык  класстан ажыратууга жазык иши боюнчасоттун өкүмү  менен  дайындалган кошумча жазанын түрү катары сот тарти-бинде гана жол берилет.                                 IV глава               Квалификациялык класстарга кошумча акылар      15. Квалификациялык класстары бар судьялардын кызматтык айлык акы-ларына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кошум-ча акылар белгиленет.     Аскердик наамы  бар  аскер  сотторунун судьяларына квалификациялыккласстар берилбейт,  ал  эми  алардын кызматтык айлык акыларына кошумчаакы аскердик наамы үчүн жүргүзүлөт.     16. Судьяны кызматтан бошоткон учурда ага берилген квалификациялыккласс сакталат, бирок квалификациялык класс үчүн кошумча акы төлөнбөйт.