КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2010-жылдын 26-январы ПЖ №13
Кыргыз Республикасынын судьяларына квалификациялык класстарды берүү тартиби жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу
Кыргыз Республикасынын Президенти мурда кабыл алган чечимдерди 2010-жылдын 19-январындагы №6 "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамына ылайык келтирүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 10-сентябрындагы № 328 "Кыргыз Республикасынын судьяларына квалификациялык класстарды берүү тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралу" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын судьяларына квалификациялык класстарды берүү тартиби жөнүндө Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 4-пункттун төртүнчү абзацындагы "биринчи жана жогорку квалификациялык класстар берилиши мүмкүн." деген сөздөр "биринчи квалификациялык класс берилиши мүмкүн." деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |