Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 14-октябрындагы № 365
жарлыгы менен бекитилген 2012-жылга чейин Кыргыз Республикасында чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү ПРОГРАММАСЫ I. Преамбула Азыркы мезгилде энергетиканын абалынын дењгээли ар кандай өлкөнүнийгиликтүү социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн аныктоочу фактору болупсаналат. Энергия менен камсыз кылуунун азыркы дүйнөлүк системасы көпчүлүкбөлүгү боюнча орду толуп турбоочу энергия булактарын (мунай зат, газ,көмүр, уран) пайдаланууга негизденет. Соњку он жылдыкта дүйнөдө энерги-яны кыйла үнөмдөө менен айкалышта энергиянын орду толуп туруучу булак-тарын колдонуу тенденциясы басымдуулук кыла баштады. Бул маселеге көп-төгөн өлкөлөр Бириккен Улуттар Уюмунун Климатты өзгөртүү жөнүндө Алкак-тык Конвенциясынын Киото Протоколуна (мындан ары - Киото протоколу) колкойгондон кийин айрыкча көњүл бурула баштады. Бул документти 2003-жылдын 15-январындагы № 9 "Бириккен УлуттарУюмунун Климатты өзгөртүү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын Киото прото-колун ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы менен ра-тификациялаган Кыргызстан энергиянын ордун толтуруучу, ошондой эле ор-дун толтурбоочу булактарын болжолдойт. Кыргызстандын энергетикасынөнүктүрүү үчүн зор потенциал болгон тоо сууларынын саны көп болгондугу-на байланыштуу гидроэнергетика тармагы басымдуулук кылат. Кыргызстан суу ресурстарынын көлөмү боюнча КМШ өлкөлөрүнүн ичинде3-орунду ээлейт. Республиканын суулары I км нукка карата потенциалдуукубаттуулуктун жалањ жогорку концентрациясына ээ. Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалы жылына 140 миллиардгажакын кВт.саатты түзөт. Бирок азыркы убакта бул потенциалдын 10 пайызгажакыны гана колдонулат. Республикада электр энергиясынын 80 пайыздан ашууну Токтогул гид-роэлектрстанциялар каскадынын гидроэлектрстанцияларында иштелип чыгат.Калган электр энергиясын иштеп чыгуу жылуулук электр станцияларында иш-ке ашырылат. Мында иштеп чыгуунун жалпы көлөмүндөгү чакан жана ортоэнергетиканын үлүшү анча эмес. Кыргызстанда энергияны керектөөнүн өсүшү менен электр энергиясынынтартыштыгы курч сезиле баштады. Электр энергиясын иштеп чыгуу боюнчаколдонуудагы станциялардын мүмкүнчүлүгү бир катар объективдүү себептер-ден (жабдуулардын эскирип бүтүшү, электр станцияларын техникалык тей-лөөдөгү оорчулуктар ж.б.у.с) улам төмөндөөдө. Айылдарда жана тоолуужерлерде электр энергиясынын тартыштыгы көбүрөөк сезилүүдө. Ушуга байланыштуу калкка электр энергияны камсыз кылуу боюнча кыр-даалды турукташтыруу жолдорун издеп табуу зарылчылыгы келип чыгууда. Энергетикалык потенциалды көбөйтүүнүн бирден бир тез жана натыйжа-луу ыкмалары болуп чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү, анын ичиндеэнергиянын демейдегиден башкача орду толуп туруучу булактары (ЭОТБ)эсептелет. Бул багыт Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ, бир эле учурдаКыргыз Республикасынын Киото протоколун ишке ашырууга олуттуу салым бо-лот. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-февралындагы № 47"Кыргыз Республикасынын 2008-2010-жылдарга карата улуттук энергетикапрограммасынын долбоору жана отун-энергетика комплексин өнүктүрүүнүн2025-жылга чейинки стратегиясы жөнүндө"
токтому менен жактырылган Улут-тук энергетика программасына ылайык Кыргыз Республикасында консервация-ланган чакан гидроэлектрстанцияларын техникалык жактан кайра жабдуу жа-на калыбына келтирүү, ошондой эле республиканын ар түрдүү райондорундажањы чакан жана орто гидроэлектрстанцияларын жана энергиянын орду толуптуруучу башка булактарын пайдаланууну болжолдогон электр станцияларынкуруу пландаштырылууда. Чакан жана орто энергетика Кыргыз Республикасынын энергетикалыккомплексин децентралдаштырууга, тармактагы жагымдуу атаандаштыктын дењ-гээлин жогорулатууга, келечектеги муундар үчүн экологияны сактоого мүм-күнчүлүк түзөт. Чакан генерациялоочу кубаттуулук объекттерин куруу жана калыбынакелтирүү программасы "ири" энергетиканы өнүктүрүүгө инвестициялардытартуунун зарылдыгын жокко чыгарбайт. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 2-майындагы N 155"Кыргыз Республикасында Чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү боюнчадолбоордун Дирекциясы жөнүндө" Жарлыгы менен бул проблема боюнча жетек-төөчү орган катары жањы түзүлгөн Кыргыз Республикасында Чакан жана ортоэнергетиканы өнүктүрүү боюнча долбоордун Дирекциясы аныкталган, алУлуттук энергетикалык программанын алкагында чакан жана орто энергети-канын объекттерин өнүктүрүүнүн жана Таза Өнүктүрүүнүн Механизмин, Жүзө-гө ашыруунун Биргелешкен Механизмин Киото протоколунун талаптарын эскеалуу менен ишке киргизүү боюнча иштеп чыгуунун басымдуулук кылган күчүболуп калууга тийиш. II. Программанын негизги милдеттери Программанын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат: - чакан жана орто энергетика чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынынэнергетикалык саясатын ишке ашыруу; - чакан жана орто энергетикага инвестицияларды тартуу үчүн шарт-тарды түзүү; - чакан жана орто энергетиканын орду толуп туруучу булактары чөй-рөсүндө Киото протоколунун талаптарын эске алуу менен Таза Өнүктүрүүнүнконкреттүү Механизмин, Жүзөгө ашыруунун Биргелешкен Механизмин киргизүүбоюнча иштеп чыгуу; - бул Программаны ишке ашырууда кадрдык жактан камсыз кылуу; - энергетика рыногун монополиядан чыгаруу, атаандаштык чөйрөсүнтүзүү. III. Чакан жана орто энергетиканы кайрадан калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик кызыкчылыктар Кыргыз Республикасынын чакан жана орто энергетика чөйрөсүндөгүмамлекеттик кызыкчылыктарга төмөнкүлөр кирет: - Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу; - Кыргыз Республикасынын калкын жеткиликтүү электр энергиясы мененүзгүлтүксүз камсыз кылуу; - электр энергиясын экспорттук продукт катары жетиштүү иштеп чыга-руу; - электр энергиясын иштеп чыгаруунун жана үнөмдөөнүн заманбап тех-нологияларын киргизүү; - экологияны сактоо, анын ичинде Киото протоколун ишке ашыруунуналкагында Таза Өнүктүрүүнүн Механизмин, Жүзөгө ашыруунун БиргелешкенМеханизмин киргизүүнүн эсебинен сактоо; - элет жана тоолуу региондорду өнүктүрүү; - ички жана тышкы миграциянын масштабдарын кыскартуу. IV. Программаны ишке ашыруунун негизги принциптери Чакан жана орто энергетика объекттерин реконструкциялоого жана ку-рууга инвестицияларды кењири тартуу максатында мамлекет өзүнүн бул тар-мактагы ишин төмөнкүдөй принциптерде жүргүзөт: - чакан жана орто энергетика объекттерин куруу үчүн жер участок-торду бөлүү маселесин өз убагында чечүү; - чакан жана орто энергетика объекттерин долбоорлоо, куруу, эксп-луатациялоо жана аларда өндүрүлгөн электр энергиясын эркин сатуу про-цессинде инвесторлорго колдоо көрсөтүү; - чакан жана орто электрстанциялары өндүргөн электр энергиясынтоскоолдуксуз транзити , анын ичинде экспортко шарттарды түзүү; - инвестицияларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот-тук-укуктук коргоону кепилдикке алуу. V. Программаны колдонуу тармагы Программа чакан жана орто кубаттуулуктагы локалдуу генерациялоочукомплекстерди түзүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.Программа электр станцияларды куруу, реконструкциялоо жана модернизаци-ялоо боюнча иш-чараларды аткарууга багытталган Кыргыз Республикасынын2008-2010-жылдарга карата Улуттук энергетика программасынын бөлүгү бо-луп эсептелет. Долбоорлорду ишке ашыруучу объекттер болуп төмөнкүлөр саналат: - энергия менен камсыз кылууда кыйынчылыктарга учурап жаткан калк-туу конуштар; - ыњгайсыз климаттык шарттардагы жана (же) энергетика комплексинининфраструктурасынан алыс жайгашкан калктуу конуштар; - мурдатан бар жана курулуп жаткан өнөр жай ишканалары, кызматкөрсөтүү, соода, туризм ишканалары жана башкалар; - энергияны көп керектөөчү ири инвестициялык долбоорлор; - Киото протоколунун талаптарына ылайык, энергиянын орду толуп ту-руучу булактарынын ар кыл түрлөрүн киргизүүнүн эсебинен атмосферага зы-яндуу заттардын чыгарылышын толук же айрым бөлүгүн кыскартууга жетишүүзарыл болгон уюмдар жана мекемелер. VI. Чакан жана орто энергетика чөйрөсүндөгү баа жана тариф саясаты Чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттин баа,тарифтик жана инвестициялык саясаты ата мекендик, ошондой эле чет өлкө-лүк инвесторлор үчүн, анын ичинде алар өндүргөн электр энергиясын өткө-рүү жана сатуу маселесинде да кызыктыруучу шарттарды түзүүгө багытта-лат. VII. Программаны уюштуруучулук-түзүмдүк жактан камсыз кылуу Бул Программаны ишке ашырууга жооптуу орган болуп Кыргыз Республи-касынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындажооптуу Кыргыз Республикасында Чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүүбоюнча долбоордун дирекциясы эсептелет. Дирекцияга чакан жана ортоэнергетиканы өнүктүрүүнүн негизинде Киото протоколун аткаруунун алка-гында Таза Өнүктүрүүнүн конкреттүү Механизмин киргизүү боюнча координа-циялоо функциясы жүктөлөт. Дирекция зарыл учурларда чакан жана ортоэлектр станцияларды курууга жана реконструкциялоого долбоорлорду ишкеашыруунун башкы заказчысы боло алат. ООНдун Климаттын өзгөрүшү жөнүндөАлкактык конвенциясы жана Киото протоколу боюнча милдеттенмелерди атка-руу боюнча ишти координациялоо функциясы Кыргыз Республикасынын Климат-тын өзгөрүшүнүн кесепеттери боюнча Улуттук комитетинде калат. VIII. Каржылоо булактары 1. Жеке инвестициялар. 2. Банктык кредиттер. 3. Жергиликтүү жамааттардын тењ каржылоосу. Долбоор каржылоонун уруксат берилген, анын ичинде төмөнкүдөй сис-темалар боюнча бардык башка түрлөрү үчүн ачык: "Куруу - эксплуатациялоо - өткөрүү" (ВОТ - Operate - Transfer):жеке инвестор жањы курулушту узак мөөнөттүү концессиялык макулдашуунуннегизинде долбоорлойт, каржылайт, курат жана аны ошол макулдашуу күчүн-дө мезгилинде эксплуатациялайт. Макулдашуунун күчүнүн мөөнөтү бүткөндөнкийин, эгер менчик укугу долбоор аяктаганга байланыштуу али өткөрүп бе-риле элек болсо, мамлекетке өткөрүлөт. "Куруу - ээлик кылуу - эксплуатациялоо" (ВОО - Build Own -Operate): жеке инвестор өмүр бою ээлик кылуунун же ижаранын негизиндекурулушту каржылайт, курат, ээлик кылат жана эксплуатациялайт. Мамле-кеттик чектөөлөр оригиналдуу макулдашууда жана ишкананын ишин туруктуужөнгө салуучу орган тарабынан жөнгө салуу аркылуу аныкталат. "Куруу - ээлик кылуу - эксплуатациялоо - өткөрүү" (ВООТ - BuildOwn - Operate - Transfer): жеке инвестор курулушту каржылоого, түзүүгө,курууга жана эксплуатациялоого белгилүү мезгилге франшиз алат, ал бүт-көндөн кийин менчик укугу мамлекетке өтөт. IX. 2012-жылга чейин куруу, калыбына келтирүү жана/же реконструкциялоо зарыл болгон биринчи кезектеги объекттерди аныктоо Чакан жана орто энергетика объекттерин тез ишке киргизүү максатын-да Дирекция 2012-жылга чейин Чакан жана орто энергетика объекттерин би-ринчи кезекте куруунун жана реконструкциялоонун ушул Программага тирке-лүүчү планын ишке ашырууну камсыз кылат. X. Программанын ишке ашырылышын камсыз кылуу инфраструктурасын түзүү Чакан жана орто энергетика объекттери авариясыз иштешин камсыз кы-луу, аларды долбоорлоо боюнча интеллектуалдык-техникалык базаны кайра-дан түзүү жана инвестицияларды тартуу максатында Дирекция төмөнкүдөйукуктарга ээ, алар: - жер участокторду бөлүү, электр станцияларды долбоорлоо жана ку-руу, анын ичинде электр энергиясын өндүрүү жана өткөрүү боюнча маселе-лерди чечүүдө тийиштүү мамлекеттик органдарда инвесторлордун таламынкоргоо; - курулган электр станциялардын кепилдик мезгилде да (акысыз) жанакепилдиктен кийинки мезгилде да (акы төлөнүүчү негизде) техникалык тей-ленишин камсыз кылууга арналган атайын сервистик кызмат уюштуруу, ку-рулган электрстанцияларды келишимдик негизде техникалык жактан кайражабдуу; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен бирдикте чарбалык эсептикнегизде чакан жана орто энергетика объекттерин долбоорлоо боюнча инсти-тутту түзүү; - иштеп жаткан орто жана жогорку окуу жайлардын базасында кадрлар-ды даярдоо жана кайра даярдоо боюнча ишти уюштурууга жана жањы тармак-тык окуу жайларды жана факультеттерди ачууга өз компетенциясынын чегин-де катышууга, чакан жана орто энергетика системасына квалификациялууадистерди, анын ичинде Программаны ишке ашыруу боюнча иштөө жана окутууүчүн чет өлкөлүк адистерди да тартууга. XI. Аныктамалар Жүзөгө ашыруунун Биргелешкен Механизми адилеттүүлүктүн негизиндежана адамзаттын азыркы кездеги жана келечектеги муунунун жалпы, бирокдифференцияланган жоопкерчилигине жана алардын колунда бар мүмкүнчүлүк-төрүнө ылайык алардын жыргалчылыгына климаттык системаны коргоо үчүнэки же бир нече тараптын аракеттеринин жана чараларынын жыйындысы түшү-нүлөт. Таза Өнүктүрүүнүн Механизми туруктуу өнүгүүнү камсыз кылууда жанаКонвенциянын түпкү максатына жетүүгө көмөктөшүүдө, ошондой эле таштан-дыларды чектөө жана кыскартуу боюнча алардын белгиленген сандык милдет-тенмелерин алар сакташын камсыз кылууда тараптарга жардам берүүдө ту-рат. 2012-жылга чейин Кыргыз Республикасында Чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү программасына тиркеме 2012-жылга чейин чакан жана орто энергетика объекттерин биринчи кезекте куруунун жана реконструкциялоонун ПЛАНЫ 1. Жањы чакан жана орто ГЭСтерди куруу-----------------------------------------------------------------------|N | ГЭСтин аталышы | Белгиленген | Зарыл иш-чаралар || | | кубаттуулук, | || | | МВт | ||--|------------------------------------------------------------------|| |Чүй облусу ||--|------------------------------------------------------------------||1 |Шамшы | 2,4 |ТЭН, долбоорлоо, куруу ||--|-------------------|----------------|-----------------------------||2 |Аламүдүн | 3,2 |ТЭН, долбоорлоо, куруу ||--|-------------------|----------------|-----------------------------||3 |Суусамыр | 14,0 |ТЭН, долбоорлоо, куруу ||--|-------------------|----------------|-----------------------------||4 |Чоњ-Кемин | 3,0 |ТЭН, долбоорлоо, куруу ||--|-------------------|----------------|-----------------------------||5 |Каракол | 3,0 |ТЭН, долбоорлоо, куруу ||--|------------------------------------------------------------------|| |Ысык-Көл облусу ||--|------------------------------------------------------------------||6 |Чоњ Аксуу | 10,0 |ТЭН, долбоорлоо, куруу ||--|-------------------|----------------|-----------------------------||7 |Эњилчек | 2,0 |ТЭН, долбоорлоо, куруу ||--|-------------------|----------------|-----------------------------||8 |Ак-Сай | 1,2 |ТЭН, долбоорлоо, куруу ||--|-------------------|----------------|-----------------------------||9 |Ак-Тилек | 1,2 |ТЭН, долбоорлоо, куруу ||--|-------------------|----------------|-----------------------------||10|Акбулуњ-1 | 1,2 |ТЭН, долбоорлоо, куруу ||--|-------------------|----------------|-----------------------------||11|Акбулуњ-2 | 1,35 |ТЭН, долбоорлоо, куруу ||--|-------------------|----------------|-----------------------------||12|Дархан | 1,2 |ТЭН, долбоорлоо, куруу ||--|-------------------|----------------|-----------------------------||13|Куйлуу | 1,9 |ТЭН, долбоорлоо, куруу ||--|-------------------|----------------|-----------------------------||14|Турасу | 0,5 |ТЭН, долбоорлоо, куруу ||--|-------------------|----------------|-----------------------------||15|Тамга | 2,0 |ТЭН, долбоорлоо, куруу ||--|-------------------|----------------|-----------------------------||16|Чоњ-Сары-Ой | 1,6 |ТЭН, долбоорлоо, куруу ||--|-------------------|----------------|-----------------------------||17|Балыкчы шаарынын | 22,0 |Шамал электрстанциясын || |жанындагы аймак | |куруу ||--|------------------------------------------------------------------|| |Нарын облусу ||--|------------------------------------------------------------------||18|Көкөмерен | 70,0 |ТЭН, долбоорлоо, куруу ||--|-------------------|----------------|-----------------------------||19|Кочкор | 3,0 |ТЭН, долбоорлоо, куруу ||--|-------------------|----------------|-----------------------------||20|Суек | 1,6 |ТЭН, долбоорлоо, куруу ||--|------------------------------------------------------------------|| |Ош облусу ||--|------------------------------------------------------------------||21|Караташ | 3,0 |ТЭН, долбоорлоо, куруу ||--|-------------------|----------------|-----------------------------||22|Саламалик | 3,0 |ТЭН, долбоорлоо, куруу ||--|-------------------|----------------|-----------------------------||23|Аустан | 3,0 |ТЭН, долбоорлоо, куруу ||--|-------------------|----------------|-----------------------------|| |Жалал-Абад облусу | | ||--|-------------------|----------------|-----------------------------||24|Сынын | 4,4 |ТЭН, долбоорлоо, куруу ||--|-------------------|----------------|-----------------------------||25|Жањыжол | 3,5 |ТЭН, долбоорлоо, куруу ||--|-------------------|----------------|-----------------------------||26|Сарыбулак | 2,0 |ТЭН, долбоорлоо, куруу ||--|-------------------|----------------|-----------------------------||27|Сандалаш | 12,0 |ТЭН, долбоорлоо, куруу ||--|------------------------------------------------------------------|| |Баткен облусу ||--|------------------------------------------------------------------||28|Аустан | 3,0 |ТЭН, долбоорлоо, куруу |----------------------------------------------------------------------- 2. Колдо болгон гидротехникалык курулуштардын негизинде чакан ГЭСтерди куруу -----------------------------------------------------------------------|N | ГЭСтин аталышы | Белгиленген | Зарыл иш-чаралар || | | кубаттуулук, | || | | МВт | ||--|-------------------|----------------|-----------------------------||29|Киров ГЭСи, | 23,0 |ТЭН, долбоорлоо, куруу || |Талас облусу | | ||--|-------------------|----------------|-----------------------------||30|Ортотокой ГЭСи, | 20,0 |ТЭН, долбоорлоо, куруу || |Ысык-Көл облусу | | ||--|-------------------|----------------|-----------------------------||31|Папан ГЭСи, | 20,0 |ТЭН, долбоорлоо, куруу || |Ош облусу | | ||--|-------------------|----------------|-----------------------------||32|Төрткөл ГЭСи, | 8,0 |ТЭН, долбоорлоо, куруу || |Баткен облусу | | |----------------------------------------------------------------------- 3. Мурда болгон ГЭСтерди калыбына келтирүү -----------------------------------------------------------------------|N | ГЭСтин аталышы | Белгиленген | Зарыл иш-чаралар || | | кубаттуулук, | || | | МВт | ||--|-------------------|----------------|-----------------------------||33|Сокулук-1, | 2,0 |Калыбына келтирүү, өркүндөтүү|| |Чүй облусу | | ||--|-------------------|----------------|-----------------------------||34|Сокулук-2, | 1,2 |Калыбына келтирүү, өркүндөтүү|| |Чүй облусу | | ||--|-------------------|----------------|-----------------------------||35|Карабалта, | 1,6 |Өркүндөтүү || |Чүй облусу | | ||--|-------------------|----------------|-----------------------------||36|Арасан, Ысык-Көл | 1,2 |Калыбына келтирүү, өркүндөтүү|| |облусу | | ||--|-------------------|----------------|-----------------------------||37|Ленинполь, | 1,2 |Калыбына келтирүү, өркүндөтүү|| |Талас облусу | | ||--|-------------------|----------------|-----------------------------||38|Ат-Башы, Нарын | 40,0 |Өркүндөтүү || |облусу | | ||--|-------------------|----------------|-----------------------------||39|Талас, Талас облусу| 0,15 |Калыбына келтирүү, өркүндөтүү||--|-------------------|----------------|-----------------------------||40|Ивано-Алексеевка, | 0,123 |Калыбына келтирүү, өркүндөтүү|| |Талас облусу | | ||--|-------------------|----------------|-----------------------------||41|Буденовка, | 0,116 |Калыбына келтирүү, өркүндөтүү|| |Талас облусу | | ||--|-------------------|----------------|-----------------------------|| |Бардыгы: | 277,25 МВт | |-----------------------------------------------------------------------