Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 14-октябры ПЖ № 366 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин түзү-мүн жана кинематография чөйрөсүндө ишин оптималдаштыруу максатында: 1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы№ 607 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптимал-даштыруу жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: - жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген "Кыргыз Республикасынынминистрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомс-тволорунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген башка аткарууоргандарынын мамлекеттик кызматчыларынын санынын чеги" деген № 1 тирке-менин "Кыргыз Республикасынын министрликтери" деген бөлүмүнүн 12-пунк-тундагы "747" деген сан "759" деген сан менен алмаштырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылай-ык келтирсин. 3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-публикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социал-дык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн. 4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев