Загрузка документа…
КР Президентинин
2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына
ылайык күчүн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 9-декабры ПЖ № 434
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасында менчик укуктарын коргоону жана
ага кол тийбестикти күчөтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 4-, 15- жана 42-беренеле-
рине ылайык, ошондой эле менчиктин түрлөрүнүн кепилденген ар
түрдүүлүгүн жана аларды бирдей укуктук коргоону камсыз кылуу, менчикке
кол тийбестик принцибин сактоо жана менчик ээлеринин укуктарын коргоо-
нун натыйжалуу механизмдерин түзүү максатында токтом кылам:
1. Менчигинин түрүнө карабастан, жеке жана юридикалык жактардын
менчик укуктарын камсыз кылуу жана укукка каршы аракеттерден жана кол
салуулардан коргоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын би-
ри болуп саналаары белгиленсин.
2. Мамлекеттик саясаттын ушул багытынын алкагында Кыргыз Республи-
касынын Өкмөтү:
- бир айлык мөөнөттө:
менчик ээсин укукка каршы алмаштырууга жана анын активдерге болгон
укугуна кол салууларга каршы күрөшүүгө багытталган чаралардын комплек-
син иштеп чыксын жана кабыл алсын;
менчик укуктардын кепилденгендигине жана корголгондугуна карата
ченемдик укуктук актыларды толук инвентаризациялоодон өткөрсүн;
- кээ бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кир-
гизүү жөнүндө мыйзамдын долбоорун үч айлык мөөнөттө даярдасын, аларда
төмөнкүлөр каралсын:
корпорациялык талаш-тартыштарды жана кыймылдуу жана кыймылсыз
мүлктү укукка каршы басып алууну кошо алганда, менчик ээсин укукка кар-
шы алмаштыруу жана анын активдерге болгон укугуна кол салуу (рейдерчи-
лик) түшүнүгү жөнүндө аныктама;
акционердик коомдордун реестрлерин жүргүзүү жана аларды жүргүзүүгө
жоопкерчиликти жогорулатуу жол-жобосун өркүндөтүү, реестрлерди жана
алар жөнүндө маалыматтарды мамлекеттик органдарга берүү;
менчик ээсинин укуктарын коргоону толук камсыз кылууга (рейдерчи-
ликке жол бербөөгө) багытталган кылмыш-жаза, жарандык жана процесстик
мыйзамдардын ченемдерин өркүндөтүү;
төмөнкүлөрдүн жоопкерчилигин күчөтүү:
менчиктин мыйзамдуу укуктарына кол салган адамдардын;
укукка каршы администрациялык чечимдер кабыл алынгандыгы жана мен-
чик ээлеринин мыйзамдуу укуктары кысымга алынгандыгы үчүн күнөөлүү кыз-
мат адамдарынын;
аракеттери же аракетсиздиктери менчик ээсинин мыйзамдуу укуктарын
бузууга алып келген же ага багытталган укук коргоо органдарынын кызмат-
керлеринин (рейдерчиликке көмөктөшүү);
менчик укугу жагында маселелер боюнча мыйзамдуу эмес сот чечимин
кабыл алган судьялардын;
жана менчик ээсинин укуктарын коргоого багытталган башка жоболор.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республика-
сынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсузду-
гунун мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Финансы полиция-
сы кызматы менчик ээсин укукка каршы алмаштыруунун жана анын активдерге
болгон укугуна кол салуунун (рейдерчилик) түрдүү формаларына каршы чеч-
киндүү күрөшүү, менчик ээсинин укугун коргоо маселесинде аракетсиздикке
жана укукка каршы аракетке жол берген укук коргоо органдарынын кызмат-
керлерине карата таасир этүүнүн катуу чараларын көрүү аркылуу менчик
укугун коргоону камсыз кылууну өз ишинде бирден-бир артыкчылыктуу багыт
деп эсептесин.
4. Төмөнкүлөр сунушталсын:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна менчик укугун жөнгө салуу
жаатында сот практикасына талдоо жүргүзүү жана ушул практика маселеси
боюнча республиканын соттору жана судьялары үчүн тийиштүү
түшүндүрмөлөрдү иштеп чыгуу;
- Сот адилеттик иштери боюнча Улуттук кењешке жана Кыргыз Респуб-
ликасынын Судьялар кењешине менчик укуктар маселелери боюнча мыйзамга
каршы сот чечимин кабыл алган судьяларга карата белгиленген тартипте
адекваттуу мамиле кылуу.
5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев