ЖарлыкКүчүн жоготту

КР Президентинин 2008-жылдын 9-декабрындагы ПЖ № 434 Кыргыз Республикасында менчик укуктарын коргоону жана ага кол тийбестикти күчөтүү жөнүндө» Жарлыгы

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

                            КР Президентинин

               2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына

                         ылайык күчүн жоготту

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 9-декабры ПЖ № 434

 

             КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

         Кыргыз Республикасында менчик укуктарын коргоону жана

                  ага кол тийбестикти күчөтүү жөнүндө

 

     Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 4-,  15- жана 42-беренеле-

рине   ылайык,   ошондой   эле   менчиктин  түрлөрүнүн  кепилденген  ар

түрдүүлүгүн жана аларды бирдей укуктук коргоону камсыз кылуу,  менчикке

кол  тийбестик принцибин сактоо жана менчик ээлеринин укуктарын коргоо-

нун натыйжалуу механизмдерин түзүү максатында токтом кылам:

     1. Менчигинин  түрүнө  карабастан,  жеке жана юридикалык жактардын

менчик укуктарын камсыз кылуу жана укукка каршы аракеттерден  жана  кол

салуулардан коргоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын би-

ри болуп саналаары белгиленсин.

     2. Мамлекеттик саясаттын ушул багытынын алкагында Кыргыз Республи-

касынын Өкмөтү:

     - бир айлык мөөнөттө:

     менчик ээсин укукка каршы алмаштырууга жана анын активдерге болгон

укугуна кол салууларга каршы күрөшүүгө багытталган чаралардын  комплек-

син иштеп чыксын жана кабыл алсын;

     менчик укуктардын  кепилденгендигине  жана  корголгондугуна карата

ченемдик укуктук актыларды толук инвентаризациялоодон өткөрсүн;

     - кээ  бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кир-

гизүү жөнүндө мыйзамдын долбоорун үч айлык мөөнөттө  даярдасын,  аларда

төмөнкүлөр каралсын:

     корпорациялык талаш-тартыштарды  жана  кыймылдуу  жана   кыймылсыз

мүлктү укукка каршы басып алууну кошо алганда, менчик ээсин укукка кар-

шы алмаштыруу жана анын активдерге болгон укугуна кол салуу  (рейдерчи-

лик) түшүнүгү жөнүндө аныктама;

     акционердик коомдордун реестрлерин жүргүзүү жана аларды жүргүзүүгө

жоопкерчиликти  жогорулатуу  жол-жобосун  өркүндөтүү,  реестрлерди жана

алар жөнүндө маалыматтарды мамлекеттик органдарга берүү;

     менчик ээсинин  укуктарын коргоону толук камсыз кылууга (рейдерчи-

ликке жол бербөөгө) багытталган кылмыш-жаза,  жарандык жана  процесстик

мыйзамдардын ченемдерин өркүндөтүү;

     төмөнкүлөрдүн жоопкерчилигин күчөтүү:

     менчиктин мыйзамдуу укуктарына кол салган адамдардын;

     укукка каршы администрациялык чечимдер кабыл алынгандыгы жана мен-

чик ээлеринин мыйзамдуу укуктары кысымга алынгандыгы үчүн күнөөлүү кыз-

мат адамдарынын;

     аракеттери же  аракетсиздиктери менчик ээсинин мыйзамдуу укуктарын

бузууга алып келген же ага багытталган укук коргоо органдарынын кызмат-

керлеринин (рейдерчиликке көмөктөшүү);

     менчик укугу жагында маселелер боюнча мыйзамдуу эмес  сот  чечимин

кабыл алган судьялардын;

     жана менчик ээсинин укуктарын коргоого багытталган башка жоболор.

     3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы,  Кыргыз Республика-

сынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсузду-

гунун мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Финансы полиция-

сы кызматы менчик ээсин укукка каршы алмаштыруунун жана анын активдерге

болгон укугуна кол салуунун (рейдерчилик) түрдүү формаларына каршы чеч-

киндүү күрөшүү, менчик ээсинин укугун коргоо маселесинде аракетсиздикке

жана  укукка каршы аракетке жол берген укук коргоо органдарынын кызмат-

керлерине карата таасир этүүнүн катуу чараларын  көрүү  аркылуу  менчик

укугун коргоону камсыз кылууну өз ишинде бирден-бир артыкчылыктуу багыт

деп эсептесин.

     4. Төмөнкүлөр сунушталсын:

     - Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна менчик укугун жөнгө  салуу

жаатында  сот  практикасына талдоо жүргүзүү жана ушул практика маселеси

боюнча   республиканын   соттору   жана   судьялары    үчүн    тийиштүү

түшүндүрмөлөрдү иштеп чыгуу;

     - Сот адилеттик иштери боюнча Улуттук кењешке жана Кыргыз  Респуб-

ликасынын  Судьялар  кењешине менчик укуктар маселелери боюнча мыйзамга

каршы сот чечимин кабыл алган судьяларга  карата  белгиленген  тартипте

адекваттуу мамиле кылуу.

     5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.

     6. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

     Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев