Загрузка документа…
КР Президентинин 2018-жылдын 17-майындагы ПЖ № 123 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2008-жылдын 24-декабры ПЖ № 460
Капиталды жана мүлктөрдү мыйзамдаштыруу
боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын экономикасынын ачыктыгын андан ары камсыз кылуу жана анын көмүскө секторун кыскартуу, өлкөнүн экономикасына инвестициялардын көлөмүн арттыруу, ишкердик жигерге дем берүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө төмөнкүлөргө багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдасын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин:
- Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарынын капиталын жана мүлктөрүн мыйзамдаштырууга;
- мыйзамдаштырылган капиталды жана мүлктөрдү кийин коргоого кепилдик берүүгө, анын ичинде:
ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан мыйзамда белгиленген тартипте мыйзамдаштырылган капиталдын жана мүлктөрдүн келип чыгышын текшерүүгө тыюу салууга;
мыйзамдаштырылган капитал жана мүлктөр жөнүндө маалыматтардын купуялыгын камсыз кылууга;
жасалган кылмыштын оордугуна жараша жазык куугунтугунан, ошондой эле салык, финансылык жана башка санкциялар түрүндө администрациялык таасир көрсөтүү чараларын колдонуудан бошотууга;
- мыйзамсыз жол менен алынган кирешелер жана мүлктөр боюнча, эгерде алар белгиленген тартипте мыйзамдаштырылбаган болсо, жоопкерчилик чарасын катуулатууга.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө ишкердиктин субъекттерине салык контрактынын негизинде салыктарды 2009-жылы төлөөгө укук берүү боюнча зарыл болгон чараларды кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн карап чыксын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууда бизнес-жамааттардын өкүлдөрү жана коомчулук үчүн мыйзам долбоорлорунун жоболорун кеңири талкуулоону жана түшүндүрүүнү камсыз кылсын.
4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |