Загрузка документа…
КР Президентинин 2012-жылдын 9-июнундагы ПЖ N 120 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2009-жылдын 18-февралындагы № 115
жарлыгы менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук
КОНЦЕПЦИЯСЫ
I. Кыргызстан азыркы дүйнөдө
II. Кыргыз Республикасынын улуттук таламдары
III. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунучтар
IV. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук концепциясы - жашоо-турмуштун бардык чөйрөлөрүндө узак мөөнөткө тышкы жана ички коркунучтардан инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча көз караштардын жана идеялардын расмий кабыл алынган системасы.
Улуттук коопсуздук - тышкы жана ички коркунучтардан инсандын, коомдун жана мамлекеттин өтө маанилүү таламдары корголушунун кепилдик кылынган абалы.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук концепциясынын укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актылары, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жөнүндө эл аралык келишимдер түзөт.
I. Кыргызстан азыркы дүйнөдө
Өзөктүү проблемаларды жамааттык чечүү механизмдерине жана укуктун үстөмдүгүнө негизделген жаңы дүйнө тартибин калыптандыруу учурунда Кыргызстан тышкы саясый артыкчылыктарды "демонополиялаштырууга", өнөктөр менен байланыштарды диверсификациялоого, глобалдык саясый лидер өлкөлөрдөн бирдей алыстыкта же аларга бирдей жакындыкта болууга умтулууда. Эл аралык мамилелерге толук баалуу катышууга умтулуп, Кыргыз Республикасы көп векторлуу, балансташкан жана прагматикалык тышкы саясатты жүргүзөт, ал улуттук коопсуздукту өнүктүрүүнүн жана камсыз кылуунун улуттук артыкчылыктарын турмушка ашыруу үчүн тышкы шарттарды калыптандырууга багытталган.
Башка мамлекеттер жана эл аралык институттар менен мамилелерди калыптандырууда, ошондой эле интеграциялык процесстерге катышууну кеңейтүүдө эл аралык укуктун универсалдуу принциптеринин негизинде эгемендүүлүктү жана аймактык бүтүндүктү сактоо Кыргызстандын улуттук коопсуздугу үчүн өзөктүү мааниге ээ.
Эл аралык коопсуздукту колдоо үчүн Кыргыз Республикасы өзүнүн аймагын башка мамлекеттерге каршы пайдаланууга жол бербөө саясатын жүргүзөт. Өлкөнүн ядролук куралсыз статусун камсыз кылуу улуттук коопсуздук системасын өркүндөтүүнүн маанилүү элементи болуп саналат. Кыргызстан Борбордук Азияны ядролук куралдан эркин зона катары ырастоо саясатын улантууга ниеттенет.
Эл аралык коопсуздук проблемалары боюнча эл аралык кызматташтыкка катышуу, анын ичинде эл аралык терроризмге, сепаратизмге жана диний экстремизмге каршы аракеттенүү, наркобизнеске жана эл аралык уюмдашкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү, глобалдык мүнөздөгү экологиялык маселелерди чечүү, массалык кыргын салуучу куралды таратууга каршы аракеттенүү эл аралык институттар менен кызматташтыктын артыкчылыктуу багыты болуп саналат. Кыргызстан көп тараптуу дипломатиянын универсалдуу форуму болуп турган Бириккен Улуттар Уюмуна, иши улуттар ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүгө жана туруктуу өнүгүү проблемаларын чечүүдө кызматташтыкты өркүндөтүүгө багытталган КМШга, ОДКБга, ЕврАзЭСке, ШКУга, ОБСЕге, ОЭСке, ОИКке, Евросоюзга жана башка эл аралык түзүмдөргө өзүнүн катышуусун кеңейтүүгө умтулат.
Эки тараптуу, ошондой эле көп тараптуу мамилелердин алкагында Кыргыз Республикасы энергетикалык жана экологиялык коопсуздукту, ошондой эле экономикалык өсүштү камсыз кылуу боюнча өз ара байланышкан үч милдетти натыйжалуу чечүүгө умтулат.
Республиканын энергетикалык жана экономикалык потенциалын турмушка ашыруу интеграциялоо, биринчи кезекте, Борбордуказиялык регионду интеграциялоо үчүн негиз болуп калууга чакырылган. Мындан тышкары, мамлекеттик чек араны демилитациялоо жана демаркациялоо процессин аяктоо, укук коргоо иши, социалдык маселелерди чечүү, мыйзамсыз миграцияга, адамдарды ташып чыгууга жана сатууга каршы аракеттенүү региондук кызматташтыктын багыттары болуп саналат. Кыргыз Республикасы мамлекеттин аймагында чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз жашоосун же жүрүшүн четтетүү үчүн контролдук кылуу механизмин турмушка ашырууну улантат.
Адамдын укуктарын жана эркиндиктерин турмушка ашыруу, региондук, ошондой эле эл аралык деңгээлде демократиялаштыруу процесстерине жигердүү катышуу мындан ары да Кыргызстандын улуттук коопсуздугунун маанилүү элементи бойдон калат.
Региондук, континенталдык жана глобалдык кырдаалдардын контекстинде улуттук коопсуздук маселелерин чечүү Кыргыз Республикасынын улуттук таламдарына терс таасир этүүгө же каршы келүүгө кудуреттүү болгон аракеттерге өз учурундагы жана мыйзамдуу мамилени камсыз кылууга тийиш.
II. Кыргыз Республикасынын улуттук таламдары
Жашоо-турмуштун ар кандай чөйрөлөрүндөгү Кыргызстандын улуттук коопсуздугуна коркунучтар региондогу жана дүйнөдөгү экономикалык жана саясый карама-каршылыктар, ички проблемалардын чечилбегендиги, аскердик, маалыматтык, экологиялык жана башка факторлор менен шартталган. Бардык ушул факторлор биригип келип өлкөнүн улуттук коопсуздугуна тышкы жана ички коркунучтардын кеңири спектрин түзөт. Тарыхый өнүгүүнүн ар бир этабында реалдуу коркунучтарга жана алардын жүзөгө ашырылышынын кыйраткыч кесепеттерине жараша алардын тигиниси же мунусу биринчи планга чыгат. Мамлекет тарабынан адекваттуу мамилени талап кылган алда канча реалдуу коркунуч болуп төмөнкүлөр саналат:
Тышкы коркунучтар:
1. Эл аралык терроризмдин жана диний экстремизмдин масштабдарынын кеңейиши.
2. Кыргызстандын отун-энергетикалык көз карандылыгынын өңүтүндө региондо суу-энергетикалык проблемалардын курчушу.
3. Борбордуказиялык региондогу эл аралык наркомафиянын иши.
4. Мамлекеттик чек араны эл аралык-укуктук тариздөөнүн аяктабагандыгы.
Ички коркунучтар:
1. Калктын билим жана маданий потенциалынын начарлашы, оор демографиялык кырдаал жана ички жана тышкы миграцияга контролдун жетишсиздиги.
2. Экономиканын өнүгүшүнүн абалы жана өлкөнүн энергия менен камсыз кылуу системасынын чабалдыгы.
3. Баңгилик жана кылмыштуулук.
4. Кыргызстанда радикалдуу диний агымдардын жана конфессиялар аралык карама-каршылыктардын өсүшү.
5. Коррупция жана көмүскө экономика.
6. Заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды түзүү жана өздөштүрүү, өлкөнүн маалыматтык мейкиндигин коргоо жагынан артта калуу.
7. Экологиялык проблемалар, жаратылыштык жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуунун жана аларга мамиле кылуунун учурдагы системасынын натыйжалуулугунун жетишсиздиги.
Тышкы коркунучтар
1. Эл аралык терроризмдин жана диний экстремизмдин масштабдарынын кеңейиши
Азыркы шарттарда эл аралык терроризм жана диний экстремизм татаал социалдык-саясый көрүнүшкө айланды жана глобалдык масштабдагы көп пландуу коркунучту билдирет. Саясый, экономикалык, аймактык, руханий-адептик жана диний мүнөздөгү проблемаларга негизденип, терроризм жана диний экстремизм ар кандай мамлекеттердин жана элдердин улуттук таламдарына кол салуу даражасын кеңейтүү менен өз аракеттеринин трансулутташуусуна, масштабдуулугунун жана катаалдыгынын өсүшүнө карай өзгөрүүлөрдү башынан өткөрүп жатат.
Кыргызстандын коопсуздугуна террористтик коркунучтардын пайда болушу көбүнесе дүйнөнүн айрым өлкөлөрүндө сакталып жаткан жагымсыз кырдаал жана терроризм көрүнүштөрүнүн бүткүл дүйнө боюнча таралышы менен шартталган.
СССР кыйрагандан кийин Борбордук Азияда социалдык-руханий боштук пайда болду. Бул боштукту чагымчыл улутчулдук, фундаментализм, шовинизм, ксенофобия жана агрессивдүү сепаратизм идеяларын тараткан ар кандай түрдөгү диний жана саясый экстремисттер толтурууда. Алардын идеологиясы өз идеалдары үчүн күрөшүүнүн ар кандай саясый ыкмаларын таптакыр танган террористтик жана диний-экстремисттик уюмдардын боевиктеринин жаңы муунун калыптандырууга түрткү болууда. Бул боевиктер аскердик жана компьютердик технологиялар жагындагы эң жаңы илимий-техникалык жетишкендиктерди колдонууну айкалыштыруу менен террорду жана коркутуп-үркүтүүнүн башка күч аракеттерин гана тааныйт.
Буга байланыштуу эл аралык терроризмге жана диний экстремизмге каршы күрөшүү проблемасы Кыргыз Республикасы үчүн узак мөөнөттүү жана маанилүү мүнөзгө ээ.
2. Кыргызстандын отун-энергетикалык көз карандылыгынын өңүтүндө региондо суу-энергетикалык проблемалардын курчушу
Борбордуказиялык региондун энергия ресурстарына муктаждыктары эбегейсиз зор жана отун менен энергияны керектөөнүн өсүшүнө, Борбордук Азиянын экономикасынын жана калкынын өсүшүнө жараша кыйшаюусуз көбөйүүнү улантууда.
Региондо суу-энергетикалык проблемалардын курчушу климаттын глобалдык өзгөрүү процесстери менен тереңдеши мүмкүн. Кыргызстанда регресстин негизги кыймылдаткыч күчтөрү - айыл чарбасында өндүрүмдүүлүктүн төмөндөшү, суу менен камсыз болбогондуктун өсүшү, экстремалдык метереологиялык кубулуштардын өтө коркунучтуулугу, экосистемалардын бузулушу жана калктын ден соолугу үчүн коркунучтардын жогорулашы пайда боло баштады.
Республиканын мөңгүлөрүнүн абалы боюнча болжолдор өзгөчө кооптонууну пайда кылат. Кыргыз Республикасынын аймагында 8208 мөңгү бар, алардын музунун жалпы аянты 8076,9 чарчы километрди, жалпы көлөмү 494,7 куб.километрди түзөт. Бүгүнкү күнгө карата мөңгүнүн аянты 20%га азайды.
Аймактагы суунун төмөндөшүн кошпогондо, Кыргыз Республикасында энергетикалык коопсуздукту камсыз кылууда республикалык бюджеттин жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин финансылык мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелүүлүгү негизги проблема болуп саналат. Ошол эле учурда, Кыргызстан суу мамилелер чөйрөсүндө дайыма кызмат көрсөткөн коңшу мамлекеттер суу-чарба жана суу-коргоо иш-чараларын финансылоого үлүштүк катышууга сыпайы мамиле кылат.
ТЭКте түзүлгөн кырдаал энергетикалык коопсуздуктун коркунучтары реалдуу мүнөзгө ээ экендигин тастыктап турат. Отун алуу секторлорунда кыйла техникалык жана технологиялык артта калуу орун алган, ал таш көмүрдү, нефтини жана газды өндүрүү кескин төмөндөшү жана көмүр кычкыл чийки заттын импортуна туруктуу көз карандылык менен коштолууда. Электр энергетикасында генератордук кубаттуулуктардын структурасында жана жайгашуусунда диспропорция, электр тармактарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн чектеген алардын система түзүүчү тармактарынын жетишсиз өнүгүшү жана керектөөчүлөрдү чектөө тобокелдиктерин жогорулатуу байкалууда.
Республиканын энергия менен жабдуусунун башка өлкөлөргө көз карандылыгы тышкы олуттуу дестабилдештирүүчү фактор болуп саналат. Алсак, республикада керектелүүчү нефть продуктуларын, жаратылыш газынын иш жүзүндө бүткүл көлөмү жана таш көмүрдүн 70%ы чет өлкөдөн алып келинет.
Негизинен гидро-электр энергетикасын пайдаланууга таянуу менен энергетика тармагынын азыркы абалы жана анын өнүгүшүнүн соңку жылдарда түзүлгөн тенденциялары азыркы учурдагы көйгөйлөргө жана мамлекеттин алдында турган милдеттерге толук жооп бербейт жана ошондуктан азыр жашап жаткан жана келечек муундардын тагдыры үчүн негиздүү кооптонууну пайда кылбай койбойт.
3. Борбордуказиялык региондогу эл аралык наркомафиянын иши
Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүнүн (наркотрафиктин) трансулуттук масштабдары Борбордуказиялык региондун өлкөлөрү үчүн олуттуу тышкы коркунучту билдирет. Наркотрафик мамлекеттик эгемендүүлүккө, коомдук саясый кырдаалдын турукташуусуна кыйраткыч таасир этүүгө кудуреттүү, ал уюшкан кылмыштуулуктун башка формалары менен улам тыгыз байланышып, терроризмди финансылап, коррупцияга түрткү болуп, социалдык-демократиялык өзгөрүүлөрдүн жүрүшүнө терс таасир этүүдө.
Афганистанда өндүрүлгөн баңги заттардын кыйла бөлүгү Борбордуказиялык өлкөлөр аркылуу сатуу рынокторуна келип түшүүдө. Баңги заттарды ташуунун негизги региондук маршруттары Кыргызстан аркылуу өтөт жана көз карандысыздыктын бүткүл мезгилинин ичинде республика жактаган баңгиликке каршы ырааттуу стратегияга карабастан, афгандык наркотрафикти азайтууга мүмкүн болгон жок. Бүтүндөй бир катар превентивдүү чаралардын аркасында, Кыргызстан баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенүү системасын калыптандыра алды, ал, ошого карабастан, концептуалдык, укуктук программалык жана уюштуруу деңгээлдеринде дайыма өркүндөтүүнү талап кылат.
Укук коргоо органдарынын күч-аракетин наркотрафиктин дал кесилишине топтоо ага каршы аракеттенүү чөйрөсүндө маанилүү милдет болуп саналат. Наркобизнестен алынган кылмыштуу кирешелерди "адалдоого" каршы күрөшүүгө багытталган бир катар чаралар, наркотрафиктин жана ага байланышкан терроризмдин жана коррупциянын финансылык булактарын табуу жана конфискациялоо зарыл. Наркотрафиктин структурасындагы, динамикасындагы жана тенденцияларындагы өзгөрүүлөргө ыкчам мамиле кылуу максатында анын үзгүлтүксүз мониторинги уюштурулат, баңги кырдаалын талдоо жана анын болжолу берилет.
Эки тараптуу жана көп тараптуу негизде эл аралык кызматташтыкка Кыргыз Республикасынын катышуусу наркотрафикке каршы күрөшүү жагынан мамлекеттик саясаттын ажыралгыс курамдык бөлүгү болуп саналат. Мында ООНдун, ОБСЕнин, Европалык союздун, Экономикалык Кызматташтык Уюмунун, ШКУнун алкагында, башка эл аралык уюмдар жана чет өлкөлөр менен эл аралык байланыштарды жана кызматташтыктарды өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө өзгөчө маани берилет.
4. Мамлекеттик чек араны эл аралык-укуктук тариздөөнүн аяктабагандыгы
Дүйнөнүн картасында Борбордук Азиянын жаңы көз карандысыз мамлекеттеринин пайда болушу алардын ортосунда жалпы таанылган чек араларды бекитүү маселесин күн тартибине койду. Мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелеринин чечилбегендиги бул жерде сакталып жаткан саясый туруксуздуктун негизинде жатат.
Кыргыз Республикасы төрт мамлекет менен чектешет. Өлкөнүн ичиндеги кыйла көп нерселер, ошондой эле анын эл аралык аренадагы абалы Кыргызстандын ар бир чектеш мамлекет менен мамилелерине байланыштуу.
Чек аралардын ачыктыгы, ченемдик-укуктук актылардын либералдуулугу жана биздин аймакка чет өлкөлүк жарандардын киришинин-чыгышынын жана жүрүшүнүн режимине тиешелүү контролдук кылуу механизминин жоктугу экстремисттик уюмдардын жана деструктивдүү диний агымдардын мүчөлөрүнө Кыргызстанга тоскоолдуксуз кирүүгө мүмкүндүк берет. Ошондуктан, мамлекет ушул көрүнүштөргө каршы аракеттенүү боюнча катаал чараларды көрүүгө тийиш.
Бүгүнкү күндө Өзбекстан жана Тажикстан республикалары менен мамлекеттик чек ара эл аралык-укуктук жактан таризделген эмес. Делимитациялоо иши улантылып жатат.
Кыргыз Республикасынын улуттук таламдарын козгогон терс тенденциялар мамлекеттик чек аранын бардык участкаларында ар кандай ыкчамдык менен пайда болууда жана азыркы учурга карата инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугуна коркунучтардын катуу түйүнүнө чырмалды. Республиканын чек ара зонасында өтө коркунучтуу саясый, экономикалык, криминалдык жана мүнөзү боюнча согуштук эмес башка коркунучтар топтолууда.
Фергана өрөөнү өтө жаңжалдуу потенциалы бар региондордун бири болуп саналат, ал жерде үч мамлекеттин - Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын аймактары чектешип турат. Калкы 11,2 млн. адам болгон бул жерде калктын жердеги эң жогорку жыштыгы байкалат - 1 чарчы километрге 600-700 адам. Балдардын төрөлүшүнүн деңгээли өтө жогору, буга байланыштуу 2010-жылга карата өрөөндүн калкы 15 млн. адамга жетиши мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын чектеш өлкөлөр менен мамлекеттик чек арасын юридикалык тариздөөнүн аяктабагандыгы, Кыргыз Республикасынын аймагында Сох, Шахимардан, Ворух анклавдарынын, Өзбекстан Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын Барак эксклавынын болушу, айрым участкалар боюнча сүйлөшүү процессиндеги татаалдыктар, Кыргызстанга стратегиялык жактан зарыл болгон транспорттук инфраструктуранын Өзбекстандын жана Тажикстандын аймактары аркылуу өтүшү улуттук коопсуздукту камсыз кылууга терс таасир этүүдө жана республиканын аймактык бүтүндүгүнө тикелей коркунуч болуп саналат.
Ички коркунучтар
1. Калктын билим жана маданий потенциалынын начарлашы, оор демографиялык кырдаал жана ички жана тышкы миграцияга контролдун жетишсиздиги
Азыркы учурда адамдык капитал коомдук өнүгүүнүн башкы ресурсуна айланууда.
Адамдык капитал өзүнө күч жагынан жана адептик ден соолуктун, жалпы маданий жана кесиптик компетенттүүлүктүн, чыгармачыл, ишкердик жана жарандык жигердүүлүктүн калк топтогон запасын камтыйт, ал иштин ар түрдүү жактарында жана керектөө чөйрөсүндө турмушка ашырылат.
Билим берүүнүн сапатынын төмөндөшү адамдык капиталдын начарлашына, өлкөнүн атаандаштыкка кудуреттүүлүгүнүн төмөндөшүнө алып келүүдө, бул улуттук коопсуздукка актуалдуу коркунуч болуп саналат.
Мындай коркунучтун пайда болушуна алып келген негизги себептер болуп колдо болгон финансылык жана кадрдык ресурстарды жетиштүү натыйжалуу пайдаланбагандык, билим берүү системасынын баскычтарынын жана деңгээлдеринин ортосундагы ажырым, берилип жаткан мектептеги билим берүүнү алуу мүмкүнчүлүгү жана анын сапаты жагынан шаар менен айылдын ортосундагы ажырым, кесиптик билим берүү уюмдарын бүтүрүүчү болуп саналган адистердин компетенттүүлүгүнүн жетишсиз деңгээли, педагогикалык кадрлардын жетишсиздиги, билим берүү системасынын азыркы абалында алда канча динамикалуу эмгек рыногунун талаптарына анын системасынын жетишүүгө мүмкүн эместиги саналат.
Өзүнө айылдык китепканалардын, маданият үйлөрүнүн, музейлердин, музыкалык мектептердин жана башка мекемелердин тармагын камтыган маданий-билим берүү базасы региондордун калкын маалымдоонун жана билим деңгээлин жогорулатуунун альтернативдүү булагы болуп калаар эле.
Иш жүзүндө калкты маданий тейлөө чөйрөсүндө бир катар объективдүү себептерден улам азырынча айылдык маданият үйлөрүнүн бүтүн системасы кайрадан калыбына келтириле элек.
Иш жүзүндө өлкөнүн бардык жарандары үчүн маалыматка жана билимдерге эркин (акысыз) жеткиликтүүлүктү камсыз кылуучу бирден-бир социалдык институттар болуп саналган китепканалар оор абалда турат. Китепканалардын 40%га жакыны баштан-аяк жана учурдагы оңдоого муктаж, 20%ында гана телефон бар.
Жергиликтүү бюджеттердин жардылыгы, начар маалымдар болуу, ошондой эле кээде жергиликтүү бийликтердин пассивдүүлүгү, укуктук ченемдерди жетиштүү билдиргендик маданият мекемелеринен үнөмдөөгө умтулууга түртүп, аларды финансылоону минимумга чейин кыскартат, бул алардын ишине терс таасир этүүдө.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда миграциялык процесстерди жөнгө салуу улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун негизги маселелеринин бири болуп саналат.
Экономикалык реформаларды жүргүзүүдөгү мамлекеттин каталыктары капилет ички миграцияны жана калктын республиканын чегинен тышкары жакка кетишин пайда кылган негизги себептер болуп саналат. 90-жылдардын башындагы айылдагы кайра өзгөрүүлөр жер үлүштөрүн, мүлктү пайдалануунун жана региондук экономиканы өнүктүрүүнүн, анын ичинде айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн натыйжалуулугун камсыз кылган жок. Ал эми өнөр жай ишканаларынын кайра структуралаштыруудагы жана менчиктештирүүдөгү өксүктөр бардык жерде өндүрүштүн төмөндөшүнө жана шаар калкынын арасындагы жумушсуздукка алып келди.
Ички миграциянын натыйжасында стратегиялык жактан маанилүү чек ара райондорунун калкынын кыскарышы улам уланууда, ири шаарлардын агломерацияларынын инфраструктурасына жүк көбөйүүдө жана республиканын региондорунун өнүгүшүндөгү дисбаланс өсүп жатат.
Эмгек рыногундагы кырдаалды жеңилдетүү жана чет өлкөлөрдө иштеген жарандардан келип түшкөн валютанын кошумча булактарын түзүүнүн оң натыйжаларын кошпогондо тышкы эмгек миграциясы өлкө үчүн кыйла терс натыйжаларга да ээ. Бул калктын квалификациялуу жана алда канча жигердүү бөлүгү чет өлкөгө кетишинен, демографиялык кырдаал начарлашынын, балдардын төрөлүшү жана калктын өсүш темпи азайышынан көрүнүп турат. Көпчүлүк мигранттар биротоло кайтпай калышы жагынан кооптонуулар бар, анткени жүргөн өлкөсүндө жарандыкты массалык кабыл алуу процесси жүрүп жатат. Түзүлүп жаткан кырдаал адамдарды мыйзамсыз ташып чыгууну жана сатууну уюштуруу фактылары менен биригип келип улуттук таламдарга зыян келтирүүдө.
Саны республикада жогорку темпттер менен көбөйүп жаткан чет өлкөлүк жарандардын айрым категорияларынын Кыргызстанга келиши жана анда жүрүшү менен байланышкан бир катар көйгөйлүү аспекттер бар. Либералдуу миграциялык мыйзамдар жана иммиграциялык контролдун өркүндөтүлбөгөндүгү жергиликтүү эмгек ресурстарын сүрүп чыгаруу жана квалификациясыз чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдалануу масштабдарынын кеңейиши үчүн шарттарды түзүп жатат.
Ошентип, калктын тышкы жана ички орун которууларынын проблемаларын чечүүнү Кыргызстандын улуттук коопсуздугун камсыз кылуунун маанилүү элементтеринин бири катары кароо зарыл. Эл аралык жана региондук мамилелердин системасында республикабыздын жайгашкан жеринин стратегиялык аспекттерин эске албастан мамлекеттин миграциялык саясатын иштеп чыгуу өлкөнүн коопсуздугуна орду толгус зыян келтириши мүмкүн.
2. Экономиканын өнүгүшүнүн абалы жана өлкөнүн энергия менен камсыз кылуу системасынын чабалдыгы
Трансформацияланып жаткан экономиканын шарттарында экономикалык коопсуздук проблемалары, аны ар кандай деңгээлдерде камсыз кылуу механизми жана аларды аныктаган факторлор актуалдуу мааниге ээ болот.
Тышкы экономикалык кырдаалдын терс таасири Кыргызстан үчүн улам көбүрөөк мааниге ээ болууда. Дүйнөлүк экономикалык кризистин, өзгөчө Россиядагы, Кытайдагы жана Казакстандагы кризистин пайда болушуна алып келген эл аралык финансылык мамилелер чөйрөсүндөгү укук бузуулар тышкы инвестицияларды кыскартуу жана Кыргызстандын продукциясына жана эмгек ресурстарына чет өлкөлүк суроо-талаптын азайышы аркылуу экономикалык коопсуздукка тикелей коркунуч келтирет.
Коопсуздуктун коркунучтары жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар, ошондой эле ата-мекендик экономиканын тигил же бул абалы, тилек кылган тигил же бул багыттагы анын мүнөздөмөлөрүнүн өзгөрүү зарылчылыгы менен тикелей байланышкан. Улуттук коопсуздуктун маанилүү элементтеринин бири болуп анын экономикалык курамы саналат, ал тышкы мамлекеттик карыздын абалын да эске алат. Мамлекеттик карыздын көлөмүнөн белгилүү кыйчалыш чеги бар, андан чыгып кетүү экономикалык коопсуздукка тикелей таасир берет.
Финансылык жана банктык сектордун абалы ички эркин ресурстарды экономикага инвестициялоого, инвестициялык жана инновациялык активдүүлүктүн жогорулашына, ошондой эле каражаттарды көмүскө жүгүртүүдөн чыгарууга түрткү бербейт.
Фонд рыногунда ири ишканалардын акцияларын милдеттүү жүгүртүүнү киргизүү инвестицияларды топтоонун маанилүү өбөлгөсү болуп калат. Мындан тышкары, бирин калтырбастан бардык мамлекеттик ишканаларды алардын акцияларын фонд рыногунда ачык, эл алдында сунуш кылуу менен акционердик коом формасына которуу зарыл. Менчиктештирген ишканалардын акцияларынын мамлекеттик пакетин башкаруу, анын натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери туруктуу талдоону талап кылат.
Банктарды андан ары капиталдаштыруу экономиканын финансылык жагымдуулугун чыңдоонун өзөктүү элементтеринин бири болуп калат. Банктарды капиталдаштыруу маселелерин чечүү менен, алардын экономикага катышуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, атап айтканда, коммерциялык банктарга ликвиддүү корпоративдик баалуу кагаздарга инвестициялоого уруксат берүү зарыл.
Инфраструктуранын туруктуу начарлашы. Коммуникациялык системалардын эскириши жана авариялык коркунучтуулугу. Атап айтканда, ири шаарларда турак-жай коммуналдык чарба системасынын 80%дык эскириши, энергетикалык компанияларда электр берүү жабдууларынын жана линияларынын эскиришинин коркунучтуу деңгээли. Жолдордун жарым-жартылай эскириши, ал жыл сайын жүз километрге жакын автомобиль жолдорун керектен чыгарат.
Өлкөдө энергия чыгымдарын төмөндөтүү жана энергияны үнөмдөө чараларын көрүү боюнча талап маанилүү учур болуп саналат, бул республиканын ташылып келүүчү энергия ресурстарына, атап айтканда, көмүр кычкыл чийки затына көз карандылыгынын шарттарында өзгөчө актуалдуу болуп калууда.
Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу максатында энергиянын альтернативдүү булактарынын эсебинен энергия алуу технологияларын иштеп чыгуу жана киргизүү. Таш көмүр жана нефть-газ өнөр жайын өнүктүрүү, ошондой эле суу-энергетикалык ресурстарды натыйжалуу башкаруу талап кылынат.
Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу өлкөнүн энергетикалык саясатынын маанилүү курамы болуп калууга тийиш, ал отун-энергетика комплексин тиешелүү структуралык кайра курууга, атайын чараларды турмушка ашырууга багытталган. Өлкөнүн жана анын региондорунун энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды турмушка ашыруу жана аларды энергетикалык коопсуздукка коркунуч келип чыккан учурда натыйжалуу пайдалануу уюштуруу иш-чаралары менен бекемделген ченемдик-мыйзамдык база менен жөнгө салынууга тийиш.
Көпчүлүк өндүрүштөр мамлекеттин колдоосу болмоюнча бүгүнкү күндө заманбап технологиянын жана техниканын кымбаттыгынан улам аларды өз алдынча сатып алышы мүмкүн эмес. Ишканаларды жаңылоого жана өркүндөтүүгө арналган мамлекеттик кредит системасын түзүү, жаңы лизингдик компанияларды калыптандырууга көмөк көрсөтүү колдоочу механизм болуп калууга тийиш.
Квалификациялуу кадрлардын жетишсиздиги, илимий-техникалык потенциалдын абалынын начарлашы
Ата-мекендик өнөр жайды квалификациялуу кадрлар менен камсыз кылмайынча аны инновациялык өнүктүрүү жана атаандаштыкка кудуреттүүлүгүн жогорулатуу милдеттерин чечүү мүмкүн эмес. Эмгек, адамдык ресурстар чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты калыптандыруу жөнүндө маселе бышып жетилди, ал эмгек ресурстарына учурдагы жана келечектүү суроо-талаптарга багытталган.
Региондук өнүгүү проблемаларынын курчушу. Региондордун өнүгүшүндөгү региондук дисбаланс ички жана тышкы миграциянын аныктоочу фактору, ал эми айрым учурда республиканын айрым райондорунун начарлашынын себеби болуп калды.
Жаңы экономикалык саясат региондук саясатты турмушка ашырууга өзгөчө басым жасоого тийиш. Жергиликтүү өнүгүү болмоюнча өлкөнүн өнүгүшү мүмкүн эмес. Өнүгүү маселелеринде долбоорлорду тармактык жана сектордук кайра багыттоо менен гана чектелүүгө болбойт. Ар бир долбоор кандайдыр бир конкреттүү маселени чечүү менен аларды турмушка ашыруу бүтүндөй алганда өлкөнүн бүтүндөй региондорун жана кластерлерин жандантуу маселелерин чечүүгө тийиш болгудай кылуу зарыл. Бул планда улуттук инвестициялык долбоорлордун улуттук реестрин түзүү биринчи кезектеги милдеттердин бири болуп калууга тийиш.
Айыл чарба продукциясын, тамак-аш продуктуларын өндүрүү жана аларды керектөө республикада азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун олуттуу проблемасы жөнүндө тастыктап турат. Продуктуларга баалар дүйнөлүк өсүш менен, ошондой эле көп сандаган ортомчулардын ишинин натыйжасында көбөйүп жатат. Калктын киши башына дан өндүрүү улуттук азык-түлүк коопсуздугунун жалпылоочу көрсөткүчү болуп саналат. 2008-жылы Кыргызстанда 746,2 миң тонна же киши башына 141,0 килограмм буудай өндүрүлгөн. Калктын киши башына керектөөнүн минималдуу ченеми 207 кг, демек, республика азык-түлүк данына өз керектөөсүн канааттандырбайт. Азык-түлүк коопсуздугу импортко, саясый жана экономикалык конъюнктурага, импорттолуучу тамак-аш азыктарынын сапатына байланыштуу.
Айыл чарба техникасынын эскириши коркунучтуу деңгээлге жетти, алардын 95%ы 15-20 жылдан ашык пайдаланылууда, ал эми минералдык жер семирткичтерди жетишсиз колдонуунун айынан кыртыштын азыктуу заттарынын кемиши алардын себилишинен 4 эсе ашат.
3. Баңгилик жана кылмыштуулук
Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктары генофондго жана бүтүндөй алганда өлкөнүн келечегине реалдуу коркунучка - баңгиликке каршы туруу чөйрөсүндө жигердүү, комплекстүү жана балансташкан саясатты жүргүзүүнү талап кылат.
Бүгүнкү күндө баңги затка байланган адамдардын 85%га чейинкиси инъекциялык баңги заттарды керектөөчүлөр. Калктын баңги затка берилиши менен байланышкан улуттук коопсуздукка мурда белгилүү болгон коркунучтардан (генофонддун начарлашы; балдардын төрөлүшүнүн азайышы; өлүмгө учуроонун өсүшү; калктын социалдык жактан катмарланышы жана башкалар) тышкары баңги заттарды венага саюу ВИЧ-инфекциялардын жана башка айыкпас оорулардын таралышынын коркунучун келтирет. Баңги затты керектөөнүн алдын-алуунун демейки ыкмаларынан тышкары, Кыргызстан баңги заттардын алдын алуунун - "Суроо-талаптарды азайтуу", "Зыянды азайтуу стратегиясы" сыяктуу жаңы формаларын сынап жатат, аларды мамлекеттик, ошондой эле өкмөттүк эмес уюмдар, дарылоо-алдын-алуу мекемелери колдонуп жатат. Мында Кыргызстан баңги заттарды керектөөчүлөрдү жазыктык куугунтуктоодон баш тартуу саясатын ырааттуу жүргүзүүдө.
Эл аралык оң тажрыйбаны пайдалануу менен баңги затка көз карандылыкты дарылоонун жаңы ыкмаларын издөө өзгөчө актуалдуулукка ээ болууда. Буга байланыштуу Кыргызстан кадыр-барктуу эл аралык уюмдар жана биринчи кезекте, Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму жана ООН менен тыгыз кызматташат.
Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүнүн жана аны менен байланышкан уюшкан кылмыштуулуктун ар кандай формаларынын ортосундагы туруктуу байланыш байкалууда.
Баңги заттар жагынан мыйзамсыз операциялардын жогорку кирешелүүлүгү, мыйзамдуу сооданы жана финансылык ишти бузуудан тышкары, дагы бир проблеманы - мамлекеттик кызматчылардын жана укук коргоо ведомстволору менен алардын кызматкерлеринин криминалдык дүйнөнүн өкүлдөрү менен коррупциялануусун пайда кылат, бул мамлекеттин туруктуулугуна, коопсуздугуна жана эгемендүүлүгүнө коркунуч түзөт.
4. Кыргызстанда радикалдуу диний агымдардын жана конфессиялар аралык карама-каршылыктардын өсүшү
Коомдун динге берилишинин өсүшү жөнүндө Кыргыз Республикасында көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин 2000ден ашык диний уюмдар, анын ичинде мечиттер, табынуу үйлөрү, фонддор, диний окуу жайлары жана башка диний мекемелер катталгандыгынын фактысы тастыктап турат.
Бул диний уюмдар (мекемелер) динге берилүүнүн кубаттуу борборлоруна айланды. Диний билим берүү мекемелерин, анын ичинде бир нече жогорку диний окуу жайларын, анын ичинде университеттерди түзүү процесстери активдешти.
Диний чөйрөдөгү азыркы кырдаалдын учурунда диний экстремизм жана фундаментализм идеяларын таратуу жана чыңдоо, ошондой эле радикалдуу-экстремисттик диний түзүлүштөрдүн жигердешүүсү, ар кандай деструктивдүү сектанттык агымдардын миссионердик иши өзгөчө коркунучту билдирет. Чек аралардын салыштырмалуу ачыктыгы, ченемдик-укуктук актылардын либералдуулугу жана чет өлкөлүк жарандар биздин аймакта жүрүшүнө таасирдүү контролунун жоктугу Кыргызстанга экстремисттик уюмдардын жана деструктивдүү диний агымдардын мүчөлөрүнүн киришине шарт түзүп жатат.
Коомдо таасир этүүчү чөйрөлөрүн кеңейтүү үчүн күрөштүн негизинде көп сандаган конфессиялардын жана алардын жактоочуларынын ортосундагы карама-каршылыктар өсүүдө, бул өлкөдө ички саясый кырдаалды дестабилдештириши жана өлкөнүн диний коопсуздугуна түздөн-түз таасир этиши мүмкүн.
Бүтүндөй бир катар жаңы диний кыймылдардын иши олуттуу тынчсызданууну пайда кылат, алар ар кандай фонддордун жана коомдук уюмдардын терисин жамынып, мыйзамсыз диний миссионердик борборлорду түзүп жатат. Чет өлкөлүк ири финансылык каражаттарды пайдаланып, алар республиканын регионунда жаштарды реакциячыл жана оккульттук окууларга тартуу боюнча жигердүү пропагандисттик ишти жүргүзүп жатат. Алар таратып жаткан адабиятты талдоо ачыктан-ачык экспансия мүнөзүндө болгон бул топтордун контролсуз иши адамдын фундаменталдык укуктарын бузуп, адамдардын ден соолугуна орду толгус зыян келтирип, үй-бүлөгө, коомго жана мамлекетке коркунуч түзүп жаткандыгын көрсөтүп турат.
5. Коррупция жана көмүскө экономика
Коррупция жана көмүскө экономика экономикалык коопсуздукка зыян келтирип, мамлекеттик аппараттын ишинин негизги принциптерин бузуп, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна жана эгемендүүлүгүнө олуттуу коркунучту билдирет.
Коомдун экономикалык, укуктук жана социалдык негиздерин бузууга багыт алуу менен коррупция өлкөнүн ар бир жараны үчүн гана эмес, ошондой эле бүтүндөй алганда конституциялык түзүлүш үчүн реалдуу коркунучту билдирет.
Коррупция мамлекеттин кадыр-баркын кетирет, анын кызмат адамдары ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырышынын белгиленген тартибин бузат, коомго жетекчилик кылуунун демократиялык негиздерин бекемдөөгө жана рыноктук мамилелерди өнүктүрүүгө зыян келтирет, криминалдашууга жана капиталдын көмүскө экономикага өтүп кетишине түрткү берет, уюшкан кылмыштуулукка жем берет. Адамдын жана жарандын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин олуттуу чектейт, чет мамлекеттер жана эл аралык жамаат менен мамилелерди татаалдантат.
Коррупция бийликке ишенимди бузуп, мыйзамдын үстөмдүгүнө, мамлекеттик башкаруу, теңдештик жана социалдык адилеттүүлүк принциптерине олуттуу коркунуч түзүп, атаандаштыкка тоскоолдук кылып. экономикалык өнүгүүнү татаалдантып жана коомдун адептик негиздерине коркунуч келтире баштады.
Коррупция көмүскө экономиканы калыптандыруу үчүн негиз түзүүдө, ал атаандаштык үчүн теңдеш эмес шарттарды түзүп, мыйзамдуу бизнести өнүктүрүүгө олуттуу тоскоолдук болуп калды.
Көмүскө экономика мыйзамдуу секторго олуттуу таасир этип, салык салуучу базаны азайтып, бюджеттик чөйрөнүн дестабилдешүүсүнө түрткү болууда. Ал мамлекеттик чиновниктердин коррупцияланышынын шарттарында гана өкүм сүрүп жана өнүгө алат.
Көмүскө экономиканын өкүлдөрү коррупцияланган чиновниктер аркылуу аракеттенип, коомдун таламында экономикалык саясатты жүргүзүүгө тоскоолдук кылууда, ошонун аркасында мамлекет менен ачык тирешүүгө барууда. Буга байланыштуу коррупцияга жана көмүскө экономикага каршы күрөш укуктук гана эмес, ошондой эле саясый мүнөзгө ээ.
Ошентип, Кыргызстанда ушул терс социалдык-экономикалык көрүнүштөрдү жоюу проблемалары жана коррупция менен көмүскө экономикага каршы аракеттенүүнүн мамлекеттик саясатынын негиздерин иштеп чыгуу улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун башкы милдеттеринин бири катары каралууга тийиш.
6. Заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды түзүү жана өздөштүрүү, өлкөнүн маалыматтык мейкиндигин
коргоо жагынан артта калуу
Соңку он жылда маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын өнүгүшүнүн жогорку темпттерине карабастан, Кыргыз Республикасы мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин, экономиканы жана коомду маалыматташтыруу деңгээли боюнча өнөр жай жагынан өнүккөн өлкөлөрдөн артта калууну жетиштүү өлчөмдө кыскарта алган жок. Бир жагынан мындай абал жалпы экономикалык себептерден келип чыккан (экономикадагы узакка созулган кризис, калктын көпчүлүгүнүн материалдык бакубаттуулугунун төмөн деңгээли).
Кыргыз Республикасынын маалыматтык инфраструктурасында эскирген техникалык түзүлүштөр жана жабдуулар колдонулат. Импорттук-техникалык жана программалык-аппараттык каражаттар, маалыматты коргоо каражаттары сатып алынууда, бул өз кезегинде электрондук өнөр жайдын адистешкен өндүрүштөрүнүн талап кылынбагандыгына жана токтоп турушуна алып келди.
Ошондой эле калктын маалыматка жеткиликтүүлүгүнүн маселеси чечилбеген бойдон калууда, Кыргыз Республикасынын бир катар калктуу конуштары телекөрсөтүү жана радио уктуруу менен камтылган эмес, радиомониторингдин мамлекеттик тармагы начар өнүккөн.
Кыргыз Республикасына сертификацияланбаган (көп учурда контрафакттык) телекоммуникациялык жабдууларды, оргтехниканы, байланыш каражаттарын, программалык камсыз кылууну, маалымат алууну, ошондой эле аны коргоонун атайын техникалык каражаттарын ташып келүү, өндүрүү жана сатуу контролдонбойт.
Маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу, маалыматтык коопсуздукту чыңдоо боюнча Кыргыз Республикасынын бийлик жана башкаруу органдарынын ишин координациялоо боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты калыптандыруу жана турмушка ашыруу маселелерине жетиштүү көңүл бурулбайт. Маалыматтык чөйрөнү коргоого багытталган иш-чаралар финансылык ресурстар менен жетиштүү камсыз кылынган эмес.
Жогоруда аталган себептерден улам Кыргыз Республикасында төмөнкүдөй багыттар боюнча өлкөнүн маалымат мейкиндигинде Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунучтардын күчөшү байкалууда:
- чектеш мамлекеттердин Кыргыз Республикасынын маалыматтык мейкиндигинде басымдуулук кылууга умтулуусу (анын ичинде жеткиликтүүлүгү чектелген маалыматка жеткиликтүүлүктү алуу) жана анын натыйжасында аны ички рыноктон сүрүп чыгаруу;
- алдыңкы дүйнөлүк державалардан технологиялык ажырымдын көбөйүшү, ал маанилүү улуттук маалыматтык инфраструктураларды камсыз кылуу үчүн чет өлкөлүк техниканы сатып алууга Кыргыз Республикасынын көзкарандылыгын күчөтөт;
- Кыргыз Республикасынын маалыматтык чөйрөсүндө эл аралык экстремисттик, террористтик жана башка кылмыштуу жамааттардын, коомго жат уюмдардын жана соттордун иши, маалыматтык куралга ээ болууга жана аны колдонууга алардын таламдаштыгы.
Ушуга байланыштуу мамлекет өлкөнүн маалыматтык мейкиндигин коргоого милдеттүү.
7. Экологиялык проблемалар, жаратылыштык жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуунун жана аларга
мамиле кылуунун учурдагы системасынын натыйжалуулугунун жетишсиздиги
Кыргызстан үчүн экологиялык коопсуздуктун коркунучтары жашоонун тоолуу чөйрөсүнүн жаратылыштык жана антропогендик таасирге, ресурстук-чыгымдуу чарбалык ишке, жаратылышты үнөмдөөчү технологияларды пайдалануунун жоктугуна же чектелүүлүгүнө, экологиялык маданияттын төмөндүгүнө өзгөчө байымсыздыгы менен шартталган.
Кыргыз Республикасынын аймагында тоо-кен өндүрүшүнүн токсиндүү жана радиоактивдүү калдыктары бар 92 объект жайгашкан, бул радиациялык-коркунучтуу транс чек аралык экологиялык апаат келип чыгышынын жогорку тобокелдигин билдирет, анын зонасына Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын аймактары туура келет, ал жерлерде 5 миллиондон ашык адам жашайт.
Кыртыштардын бузулушу, абанын булганышы жана суунун сапатынын начарлашы - ушулардын бардыгы калктын ооруп калышынын көбөйүп жаткан тобокелдигине, айыл чарба продукциясынын сапатынын жана санынын начарлашына алып келет.
Жаратылыштык жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарга мамиле кылуунун, алардын алдын алуунун жана жоюунун жетиштүү натыйжалуу болбогон механизмдеринин учурунда жаратылыштык жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын санынын жана масштабынын өсүшү Кыргызстандын улуттук коопсуздугуна коркунучту билдирет.
IV. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу
Кыргызстандын коопсуздугуна учурдагы коркунучтарга каршы аракеттенүүнүн натыйжалуулугу биргелешкен күч-аракеттерге жана комплекстүү чараларды уюштурууга байланыштуу, алар регион боюнча коңшулар жана дүйнөлүк державалар менен мамлекеттер аралык өз-ара аракеттенүү, ошондой эле бардык мамлекеттик органдардын ишинин артыкчылыктарын аныктоо, коопсуздукту камсыз кылуу системасына жарандык калкты тартуу маселелерин камтыйт. Эң оболу коопсуздукка, өзгөчө террористтик жана диний экстремисттик уюмдар тарабынан коркунучтардын жана көйгөйлөрдүн алдын-алууга жана аларды четтетүүгө багытталган атайын кызматтарды жана укук коргоо түзүмдөрүн реформалоого өзгөчө көңүл бурулууга тийиш.
Эл аралык терроризмдин жана экстремизмдин географиясын эске алып, КМШ жана ШКУ өлкөлөрү, ошондой эле НАТО менен кызматташтыкты кеңейтүү зарылчылыгы келип чыгат. Кыргызстан терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү ишинде КМШнын, ОДКБнын жана ШКУнун алкагында үзүрлүү кызматташууда. КМШ АТЦ, ШКУ РАТС жана ОДКБнын алкагында кызматташтыкты тереңдетүү сыяктуу багыттарда Кыргызстан үчүн террористтик жана экстремисттик коркунучтарды жоюу боюнча айрым кадамдарды жасоо, өлкөнү ресурстук жактан камсыз кылуу үчүн Евросоюзду жана НАТОну тартуу, ошондой эле эл аралык терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү үчүн атайын антитеррористтик органды түзүү зарыл.
Кыргыз Республикасынын аскердик саясаты тынчтыкка жашоо принциптерине негизделген жана өкүм сүргөн, потенциалдуу тышкы согуш коркунучтарына жараша Кыргыз Республикасынын аскердик уюмун түзүүгө, куралдуу күчтөрүн курууга, даярдоого жана колдонууга багытталган. Алардын күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгын өз мүмкүнчүлүктөрдүн жана жамааттык коопсуздук системаларынын негизинде чек аралардын колтийбестигин, ошондой эле мамлекеттик түзүлүштү, эгемендүүлүктү жана аймактык бүтүндүктү коргоону кепилдик кылгыдай даражада камсыз кылуу.
Кыргыз Республикасынын согуштук коопсуздугун камсыз кылуу мамлекеттин ишинин маанилүү багыты болуп саналат.
Коопсуздукту камсыз кылуунун башкы максаты - аймактык бүтүндүктү жана эгемендүүлүктү, ошондой эле өлкөнүн калкын тышкы жана ички коркунучтардын терс таасиринен коргоо.
Концепцияда улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун негизги багыттары жалпыланган түрдө чагылдырылган, алар Улуттук коопсуздук стратегиясында тышкы жана ички саясаттын практикалык чараларынын комплекси түрүндө турмушка ашырылат.
Тышкы жана ички коркунучтардын алдын-алуунун жана аларды жоюунун негизги багыттары:
эл аралык мамиле чөйрөсүндө:
- теңдеш коопсуздук, эгемендүүлүктү урматтоо, учурдагы чек араларда аймактык бүтүндүк принциптеринде Кыргызстандын чек арасынын периметри боюнча коопсуздук системасын түзүү;
- зарыл эл аралык ченемдик-укуктук базаны түзүү жана эл аралык терроризмге, экстремизмге жана баңги бизнесине каршы күрөшүү жагынан эл аралык уюмдар жана дүйнөлүк шериктештиктин мамлекеттери менен кызматташтык;
- өлкөнүн коопсуздугунун эл аралык-укуктук кепилдиктеринин системасын түзүү;
- көз карандысыз тышкы саясатты сактоо менен Кыргызстандын улуттук коопсуздугун региондук жана глобалдык коопсуздук системасына интеграциялоо;
- өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу ишинде региондук жана эл аралык уюмдар менен кызматташтыкты кеңейтүү жана чыңдоо;
- Борбордуказиялык региондо стабилдүүлүктү колдоо максатында дүйнөлүк шериктештиктин мамлекеттери менен тышкы саясый байланыштарды өнүктүрүү;
чек аранын жана калктын миграциясынын чөйрөсүндө:
- Борбордуказиялык региондун өлкөлөрү менен чек ара-аймактык жана суу проблемаларын жөнгө салуу;
- иммиграциялык, чек аралык, бажылык жана санитардык контролдоо системасын өркүндөтүү;
- коңшу мамлекеттер менен чек ара мамилелерин өнүктүрүүгө жана улуттук таламдарды коргоого багытталган оптималдуу чек ара режимин жана мамлекеттик чек ара режимин орнотуу;
- мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүүгө жана ички эмгек рыногун коргоого багытталган миграциялык мыйзамдарды жана иммиграциялык контролдоо институтун өркүндөтүү;
аскердик чөйрөдө:
- Кыргызстандын коргоо потенциалын коргоо жетиштүүлүгүн камсыз кылуучу деңгээлде сактоо;
- аскердик коопсуздукту камсыз кылуу боюнча милдеттерди чечүүгө, жарандык коргонууга жана аймактык коргоого катышууга өлкөнүн мамлекеттик органдарын, уюмдарын, калкын ар тараптан даярдоону күчөтүү;
- аскер жагынан ишеним чараларын кеңейтүү жана чыңдоо, куралдарга контролдукту турмушка ашырууга катышуу;
- глобалдык жана региондук деңгээлдерде эл аралык аскердик-саясый уюмдар жана мамлекеттер менен тең укуктуу өнөктөштүк мамилелерди түзүү жана өнүктүрүү;
- чектеш мамлекеттер менен аскердик кызматташтыкты кеңейтүү;
- бирдиктүү мамлекеттик саясатты турмушка ашыруу, аскердик реформаны натыйжалуу жүргүзүүнүн негизинде тоолуу жерлерде согуш аракеттерин жүргүзүү шарттарына жана өлкөнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык келген куралдуу коргонуу системасын түзүү;
экономикалык чөйрөдө:
- экономиканы турукташтыруу жана көтөрүү максатында рыноктук мамилелердин системасын өркүндөтүү;
- улуттук коопсуздукту камсыз кылуу максатында экономиканы мобилизациялык даярдоо, материалдык каражаттардын запастарын түзүү;
- жигердүү өнөр жай саясаты, ички товардык рынокту кеңейтүү, ата-мекендик продукциянын сапатын жана дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка кудуреттүүлүгүн жогорулатуу;
- региондордун ортосунда үзгүлтүксүз транспорттук байланышты жана республиканын транспорттук көз карандысыздыгын камсыз кылуу;
- региондорду өнүктүрүүдө балансташкандыкты камсыз кылуу, улуттук инвестициялык долбоорлордун реестрин түзүү;
- улуттук валютанын сатып алуу кудуретин колдоо, республиканын банктык жана төлөм системасынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу;
- валюталык, кредиттик жана экспорттук-импорттук операцияларга контролдук кылуу системасын өркүндөтүү;
- мамлекеттин тышкы экономикалык ишинин натыйжалуулугун арттыруу;
- тышкы карыздын деңгээлине натыйжалуу контролдукту камсыз кылуу;
- кыргыз экономикасын керектөөчү экономикадан инвестициялык экономиканын форматына которууну жүзөгө ашыруу;
- өндүрүштүк аппаратты жаңылоону жана өркүндөтүүнү мамлекеттик колдоонун механизмдерин түзүү;
- тикелей чет өлкөлүк инвестициялар үчүн реалдуу жагымдуу инвестициялык жагдайды түзүү;
суу-энергетикалык чөйрөдө:
- гидроэнергетиканы андан ары өнүктүрүү;
- көмүр чыгуучу жерлердин базасында генерациялоочу кубаттуулуктарды куруу;
- энергияны транспортировкалоо боюнча инфраструктураны куруу жана реконструкциялоо;
- энергия менен камсыз кылуу жана көмүр кычкылынын тышкы келүүлөрүнөн көз карандылыкты төмөндөтүү боюнча чараларды көрүү;
- суу-энергетикалык ресурстарды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
- энергетика объекттерин жана райондук бөлүштүрүүчү энергокомпанияларды менчиктештирүү;
- суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу үчүн ички суу сактагычтарды түзүү;
- энергиянын кайра жаралуучу булактарын (чакан ГЭСтер, шамал энергия орнотмолору, күн батареялары, термалдык суулар ж.б.) колдонуу технологиясын өнүктүрүү;
- климаттык өзгөрүүлөргө адаптациялоо боюнча улуттук планды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
мамлекеттик жана коомдук өнүктүрүү чөйрөсүндө:
- мамлекеттик башкаруу системасын өркүндөтүү жана бекемдөө;
- натыйжалуу мамлекеттик кадрдык саясатты иштеп чыгуу жана киргизүү, мамлекеттик кызматчылардын квалификациялык потенциалын түзүү;
- техникалык адистиктеги кадрларды даярдоо багытында билим берүү системасын кайра уюштуруу;
- көп партиялуулукту жана өнүккөн жарандык коомду туруктуу саясый системанын жана туруктуу өнүгүүнүн негизи катары бекемдөө;
- өлкөнүн илимий, билим берүү жана маданий потенциалын өнүктүрүү;
- социалдык коргоо механизминин натыйжалуулугун жогорулатуу жана калктын мүлктүк дифференциациясынан арылуу;
- адамдардын жашоо-турмушунун коопсуздугун жана алардын ден соолугун коргоону камсыз кылуу үчүн квалификациялык медициналык-санитардык жардам берүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу;
коомдук жана мамлекеттик коопсуздук чөйрөсүндө:
- диний негизде мүмкүн болгон мыйзамга каршы көрүнүштөргө жол бербөө боюнча алдын алуу иш-чараларынын комплексин иштеп чыгуу;
- радикалдык-экстремисттик көрүнүштөрдү табуу, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иштерди активдештирүү;
- диний чөйрөдө мамлекеттик саясат стратегиясын иштеп чыгуу;
- ЖОЖдордун, мектептердин жана калктын арасында диний маселелер боюнча түшүндүрүү жана алдын алуучу иштерди күчөтүү;
- радио жана телекөрсөтүүдө диндин салттуу эмес формаларынын жана экстремисттик маанидеги агымдардын маңызын түшүндүрүү боюнча иш-чаралардын системасын иштеп чыгуу;
- экономикалык кылмышка, контрабандага жана экономиканын башка криминалдуу көрүнүштөрүнө каршы күрөшүү;
- уюшкан кылмыштуулукка, наркомафияга, коррупцияга жана көмүскө экономикага каршы күрөшүүнү күчөтүү;
- чет мамлекеттердин атайын кызматтарынын жана алар пайдалануучу уюмдардын бүлдүрүүчү ишине бөгөт коюу;
- жоопкерчиликти күчөтүү жана коомдо саясый жана диний экстремизм көрүнүштөрүнө каршы күрөштү активдештирүү;
маданий-билим берүүчү жана маалыматтык чөйрөдө:
- 2015-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасында китепканалык-маалыматтык ишти өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын иштеп чыгуу;
- калктын бош убактысын уюштуруу боюнча чараларды күчөтүү;
- маданият мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
- жаңы маалыматтык технологияларды кеңири колдонуу менен китепканалар тарабынан көрсөтүлүүчү маалыматтык кызматтардын спектрин кеңейтүү;
- башкаруунун сапатын жогорулатуу жана билим берүү секторун каржылоо принциптерин өзгөртүү;
- жумушка орноштуруу жана жаштардын кесиптик өзүн-өзү көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү;
- билим берүү системасынын кызматкерлерин бекитүүнүн жана алардын квалификациясын жогорулатуунун эсебинен билим берүү системасынын туруктуулугун жогорулатуу;
- педагогикалык кадрлардын эмгек акысын төлөөнү жакшыртуу жана билим берүүнүн материалдык базасын чыңдоо, билим берүү уюмдарында түрдүү уюштуруу-укуктук формаларды өнүктүрүү;
- билим берүү мекемелеринде коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү;
- улуттук маалыматтык саясатты түзүү жана маалыматтык технологиялар боюнча улуттук стратегияны иштеп чыгуу, өлкөнүн бардык турмуштук чөйрөсүндө маалыматтык камсыз кылуу системасын өркүндөтүү;
- Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздукту бекемдөө боюнча бийлик жана башкаруу органдарынын ишин координациялоону күчөтүү;
- маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу жагында ишти лицензиялоо системасын жана маалыматташтыруу каражаттарын сертификациялоо жана маалыматты коргоо системасын түзүү;
- радиомониторинг жүргүзүүнүн мамлекеттик тармагын өнүктүрүү;
экология жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу чөйрөсүндө:
- экологиялык аз калдыктуу, калдыксыз жана ресурсту үнөмдөөчү технологияларды киргизүү жолу аркылуу жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу;
- энергиянын салттуу эмес кайра жаралуучу булактарын, коопсуз жана экологиялык таза технологияларды колдонуу аркылуу курчап турган чөйрөнүн булганышынын алдын алуу;
- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тармактарын кеңейтүү жана өнүктүрүү аркылуу био ар түрдүүлүктү сактоо;
- республиканын экологиялык кооптуу региондорунда кечиктирилгис жаратылышты коргоо чараларын кабыл алуу;
- жаратылыштык, техногендик жана экологиялык апааттардын алдын алуунун жана жоюунун натыйжалуу системасын аларды укуктук жана финансылык жактан камсыз кылуу менен түзүү;
- жаратылыштык, техногендик жана экологиялык апааттардын алдын алуу жана жоюу максатында Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун бирдиктүү системасын түзүү;
- мүмкүн болгон кооптуу жаратылыш көрүнүштөрү жана техногендик апааттар жөнүндө күн мурунтан эскертүүнүн мамлекеттер аралык системасын өнүктүрүү;
- экологиялык проблемаларды чечүү үчүн кошумча эл аралык инвестицияларды тартуу.
Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу системасы
Улуттук кызыкчылыкты жүзөгө ашыруу жана коргоо улуттук коопсуздукту камсыз кылуу системасы менен ишке ашырылат.
Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу системасынын милдети улуттук коопсуздук жагында оптималдуу чечимдерди иштеп чыгуу механизмдерин түзүүдө жана аларды иш жүзүндө жүзөгө ашырууда, ошондой эле укуктук негиздерди иштеп чыгууда жана системанын уюштуруу түзүмүн жана анын органдарын түзүүдө, системанын түзүмдүк элементтеринин ишин ар тараптан камсыз кылууда жана башкарууда турат.
Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу системасы деп башкаруу органдарынын, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу күчтөрүнүн жана улуттук кызыкчылыктарды жана максаттарды жүзөгө ашыруу каражаттарынын жыйындысы түшүнүлөт.
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук башкаруусунун органдары болуп мамлекеттик бийлик органдары саналат.
Кыргыз Республикасында аскердик коопсуздукту камсыз кылуу системасын Кыргыз Республикасынын Президенти - Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы кол башчысы жана башка мамлекеттик органдар жетектейт.
Тышкы коопсуздукту камсыз кылуу күчтөрү болуп төмөнкүлөр саналат:
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү, укук коргоо жана башка органдары.
Ички коопсуздукту камсыз кылуу күчтөрү болуп төмөнкүлөр саналат:
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Улуттук коопсуздуктун мамлекеттик комитетинин, Мамлекеттик бажы комитетинин, Финансылык полиция кызматынын, Улуттук гвардиясынын, Мамлекеттик күзөт кызматынын органдары жана бөлүмдөрү, ошондой эле башка министрликтер менен ведомстволордун атайын органдары жана кызматтары.
Ички коопсуздукту камсыз кылуу күчтөрү тышкы коопсуздукту камсыз кылуу үчүн тартылат.
Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу күчтөрүн колдонууну Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши контролдойт.
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу системасы төмөнкүдөй принциптерге негизденген:
- мыйзамдын үстөмдүгү (улуттук коопсуздук системасы Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Улуттук коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын ченемдик актыларына жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге негизденген);
- транспаренттүүлүк (коомчулукту улуттук коопсуздук коркунучу жана аны жоюу боюнча өткөрүлүүчү иш-чаралар жөнүндө максимумалдуу маалымдоо, жалпыга маалымдоо каражаттарын, уюмдарды жана жарандарды улуттук коопсуздук саясатын түзүүгө кеңири тартуу);
- зарыл болгон жетиштүүлүк (улуттук коопсуздук системасы инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугунун жетиштүү деңгээлин камсыз кылуу, улуттук коопсуздукка болгон реалдуу коркунучтарга сокку берүү үчүн зарыл болгон күчтөрдү жана каражаттарды камтыйт).
Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу системасы бардык шарттарда жана кырдаалда өз функциясын ишенимдүү жана үзгүлтүксүз аткарышы, пайда болуучу коркунучтарга оперативдүү жана натыйжалуу реакция кылышы, коркунучтарды жоюуга өзүнүн жөндөмдүүлүгүн өз убагында калыбына келтириши зарыл.
Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу системасынын натыйжалуу ишинин шарттары болуп төмөнкүлөр саналат: улуттук коопсуздукка болгон коркунучтун алдын алууга багытталгандык; функцияларды так аныктоо, системасынын бардык элементтеринин үзгүлтүксүз өз ара аракеттенүүсү жана күч-аракеттеринин макулдашылгандыгы; Кыргыз Республикасынын Президентинин, мыйзам чыгаруу, аткаруу бийлигинин жана коомдун контролдугунда болушу.
Улуттук коопсуздук системасын уюштуруу жактан камсыз кылуу улуттук коопсуздукту камсыз кылуу системасынын элементтеринин ортосундагы горизонталдуу жана вертикалдуу интеграциялык байланыштарды түзүүгө негизделген.
Ресурстук камсыз кылуу бөлүнүп берилүүчү ресурстарды, биринчи кезекте финансылык жана материалдык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууда, эл аралык деңгээлге ылайык келүүчү илимий жана кадрдык башкаруу потенциалын даярдоодо турат.
Идеологиялык камсыз кылуу улуттук коопсуздукту камсыз кылуу проблемаларына коомдук кызыкчылыкты түзүүнү карайт.
Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу системасын жөнгө салуунун ченемдик-укуктук негизи болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясы, "Улуттук коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер жана башка ченемдик укуктук актылар саналат.
Аскердик-экономикалык камсыз кылуу Куралдуу Күчтөргө финансылык, материалдык-техникалык жана башка ресурстарды берүүнүн, аларды Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугун кепилденген камсыз кылуу үчүн зарыл болгон санда курал-жарактар, аскердик жана атайын техника менен жабдуунун негизинде ишке ашырылат.
Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу механизми
Кыргызстандын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу - бул коопсуздукка болгон ар кандай коркунучтарды табууга, алдын алууга жана аларга каршы аракеттенүүгө катышкан мамлекеттик жана коомдук институттардын, ошондой эле жарандардын иш-чараларынын жана максатка багытталган ишинин комплекси.
Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө чечимдерди кабыл алат. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу системасын жалпы башкаруу Коопсуздук кеңеши аркылуу ишке ашырылат. "Аскердик абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аскердик абал киргизилгенде аскердик коопсуздукту камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Президенти - Башкы кол башчысы башында турган Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши түзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши:
- республиканын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу стратегиясынын негизги багыттарын талкуулайт жана жактырат;
- ички жана тышкы саясаттын стратегиялык проблемаларын карап чыгат;
- улуттук коопсуздук системасынын ишин координациялайт;
- өзүнүн түзүмдөрү аркылуу аткаруу бийлигинин органдары тарабынан республиканын улуттук коопсуздук Стратегиясынын жүзөгө ашырылышын контролдойт.
Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши:
- өлкөнүн аскердик-саясый абалына жана аскердик-стратегиялык кырдаалга баа берет, аларды турукташтыруу жана жакшыртуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат;
- куралдуу күчтөргө, коргоого жана аны финансылык, материалдык-техникалык камсыз кылууга жалпы жетекчиликти ишке ашырат.
Аскердик абал шартында так жана натыйжалуу башкаруу жана аскердик коопсуздукту камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши аркылуу Куралдуу Күчтөргө жетекчиликти ишке ашырат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши улуттук коопсуздук жагында мыйзам чыгаруу базасын түзөт; мамлекеттен тышкары улуттук коопсуздуктун күчтөрүн жана каражаттарын колдонуу маселелери боюнча чечимдерди кабыл алат; Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин каражаттарынын эсебинен улуттук коопсуздук системасын каржылоону аныктайт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Улуттук коопсуздук концепциясынын жана анын негизинде иштелип чыккан Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук стратегиясынын жүзөгө ашырууну, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жагында доктриналардын, максаттуу программалардын, пландардын жана директивалардын аткарылышын камсыз кылат; өлкөнү коргоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт; улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жагында Өкмөткө баш ийген аткаруу бийлик органдарынын ишин жетектейт жана координациялайт.
Министрликтер, ведомстволор жана жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдары өз компетенцияларынын чегинде, колдонуудагы мыйзамдардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдерине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна ылайык инсандын, коомдун жана мамлекеттин турмуштук маанилүү кызыкчылыктарын коргоонун мамлекеттик программаларын жүзөгө ашырууну камсыз кылат. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу системасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет.
Соттор улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жагында сот адилеттигин жүргүзөт; жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин, уюмдардын жана мамлекеттик органдардын кызыкчылыктарын соттук коргоону ишке ашырат.
Жалпыга маалымдоо каражаттары улуттук коопсуздук проблемаларын калыс чагылдырууну камсыз кылат жана аларды ачык талкуулоого көмөктөшөт; улуттук коопсуздукту камсыз кылуу проблемалары боюнча коомдун ой-пикирин түзөт.
Уюмдар жана жарандар улуттук коопсуздукка болгон коркунучтарды табууга, алдын алууга жана жоюуга, улуттук коопсуздукту иш жүзүндө камсыз кылуу маселелерин талкуулоого катышат; улуттук коопсуздукту камсыз кылуу системасынын ишине коомдук контролду ишке ашырат.
Улуттук коопсуздукка түздөн-түз коркунуч пайда болгон учурда Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши ага бөгөт коюу үчүн зарыл болгон сунуштарды иштеп чыгат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук концепциясы Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши тарабынан жактырылат жана Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.
Улуттук коопсуздук жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Улуттук коопсуздук концепциясын жана стратегиясын иштеп чыгуу үчүн негиз болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук стратегиясы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук концепциясынын негизинде иштелип чыгат, орто мөөнөттүү мезгилге эсептелген жана өзүнө улуттук коопсуздукка коркунучтарды жоюуга жана алдын алууга багытталган иш жүзүндөгү чаралардын комплексин камтыйт. Стратегия ошондой эле улуттук коопсуздукту, анын ичинде тышкы жана ички саясатты, коргоону камсыз кылуу боюнча милдеттерди жана иштин багыттарын тактоочу ведомстволук жана региондук программаларды жана пландарды иштеп чыгууну карайт.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук стратегиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилет жана тышкы жана ички кырдаалдын тез өзгөрүшүнө, улуттук коопсуздукка тигил же бул коркунучтардын пайда болушуна байланыштуу өзгөрүшү же толукталышы мүмкүн.